"ЭЙ, ЧЫК ЭШИККЕ!" ЖЭЭНБЕКОВДОН ЖАҢЫ ТРЕНД

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандардын абалы тууралуу маалыматы жоктугу үчүн жыйындан кууп чыкты. Өкмөттүн маалымат кызматы бул чиновникке сөгүш жарыялангандыгын билдирди. "Жарык жок, суу жок, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Эй, чык эшикке!"- деген премьердин сөзү коомчулукта кызуу талкууланууда.
Буга чейин коомчулукта "жоош", "эл башкарып, алдыга жулкунган эмес" деп мүнөздөлүп келген премьер-министрдин бул иши бирөөлөрдү таң калтырып, бирөөлөрдүн сынына кабылса, дагы бирөөлөргө майдай жакты. "Иштебеген чиновниктерди ошентип кууп чыгыш керек" деген пикирлер кеңири айтылды. Айрымдар "президенттик шайлоо жакындаганда "талап кыла алам, эл башкара алам" деп элге көрүнгөнү" деп сындашса, кээ бирлери "жетекчи деген ушундай болуш керек" деп мактоо айтышты. Ал арада "эй, чык эшикке!" деген сөз бир учурларда орусиялык рэпер Тиматинин ырындагы "Давай, до свидания" сыяктуу элге жайылып кетти.

Бектур Токтоноев

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан