МИГРАНТТАРДЫ КУРАЛ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНЫП ЖАТЫШАТ

Экс-президент Курманбек Бакиевдин атынан Москва шаарында кыргыз мигранттарына ооз ачар уюштурулду. Маалыматтарга караганда, жыйынга 500дөй адам чогулуп, качкын президенттин саламын Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев жеткирген. Интернетке тараган видеодо Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынын бири ага тез-тез жолугарын жана өлкөдө болгон каргашалуу окуяларга экс-президенттин кайгырып жүргөнүн айтып жатканы көрүнөт. Белгилей кетчү жагдай, Бакиевдер былтыр да Орусиядагы мигранттарга ооз ачар уюштурушкан.
Элдин диний ишенимдерин пайдаланып, тамак менен көңүлүн алып, "Курманбек Салиевич салам айтты, ал кыргыздарды ойлойт, азыркы абалга кайгырып жатат, ичи ачышып жатат" деген өңдүү сөздөрдү айтуу, жумшак айтканда, бет тырмачылык. Калктын калың катмарынын мигрант болуп кетишине, өлкөдөгү коррупциянын тамырлашына Бакиевдердин да түздөн-түз тиешеси бар. Дегеле саясатчылардын чет жерлерде, айрыкча Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн мекендештерибизди саясий курал кылып пайдалануу аракеттери шайлоо алдында күчөгөнү кейиштүү. Саясатчылар калың элдин абалын шайлоо алдында эмес, дайыма ойлосо, балким, азыр өз үйүнөн, үй-бүлөсүнөн алыста көзү чачырап жүргөн кыргыздын саны азаймак.

Бектур Токтоноев

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан