КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ТАЛАШЫН ЖАРАТКАН ЧАЛАСАРТ ТИЛКЕСИ

2016-жылдын 18-мартында Өзбекстан эч кандай эскертүүсүз Жалал-Абад облусунун Аксы районуна чектеш Чаласарт айылынын жанындагы такталбаган аймакка өз аскерлерин жайгаштырып, көзөмөл-өткөрүү пункт өңдүү тозот коюп, аскерлерине унааларды текшертип баштаган. Жооп иретинде аталган аймакка кыргыз аскерлери да жеткирилген. Кайра-кайра жөнөтүлгөн каршылык ноталары жана ЖККУнун кийлигишүүсү менен 26-мартта гана аталган жерден өзбек аскерлери чыгарылган. Кошуна өлкө бул кадамын "Нооруз майрамына карата коопсуздукту күчөтүү" деп түшүндүргөн. Биз ошол талаштуу жердин түйшүктүү турмушунан кабар алдык.

Чаласарт тилкеси. Бул жерде мурда кыргыздар гана жашаган. Көрүнүп турган тоо өзбек десанттары басып алып, бир нече жумадан кийин бошоткон Үңкүр-Тоо.


2016-жылы Аксы–Ала-Бука унаа жолуна тозот орноткон өзбек аскерлери ушул үйдө баш калкалашкан.


ЧУУЛГАНДУУ ЧАЛАСАРТ ТИЛКЕСИ

Чаласарт айылы учурда Өзбекстандын көзөмөлүндө. Ага Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү эң жакын жайгашкан. Чаласарт деп аталып калышынын себеби СССР учурунда ал жерде жалаң кыргыздар жашап, кийин гана өзбек улутундагылар көчүп келе башташкан. Эки улут аралашкандыктан "Чаласарт" деген атка конгон. Кыргыз өлкөсүнүн Чарбак айылы менен Өзбекстандын карамагында турган Чаласарт айылы бир айылдай көрүнөт. Чек араны экиге бөлгөн зым жоктугунан айыл тургундарынын коопсуздугу сакталган эмес. Ал эми өзбек аскерлери бузуп кирген 40 гектардай аймак Чаласарт айылынын жанындагы жайыт болгон. Эксперттердин айтымында, Өзбекстан Ала-Букадагы чек арада жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын оңдоо иштерине кыргыз тараптын уруксат бербегенинен улам мындай кадамга барган. Өзбек аскерлери кирген тилкеде Аксы–Ала-Бука унаа жолу жайгашып, жүргүнчүлөр бир нече күн өзбек чек арачыларына паспорт көрсөтүп өтүүгө аргасыз болгон.

Унаа жолду тоскон өзбек чек арачыларынын кыргыз жарандарынан паспорт сурап өткөргөнү жарандардын кыжырын кайнаткан.


"ЧЕК АРАГА ЗЫМ ТАРТЫЛГАН ЭМЕС"

Чаласарт тилкеси менен чектешкен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдыталип Субанов азыр аймак тынч экендигин айтты:
– Биздин айыл өкмөттө 9298 тургуну жашап, Өзбекстанга чектеш 30 чакырымдай жер бар. Бирок чек аранын бир да жерине зым тартылган эмес. Былтыр 18-мартта Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү менен чектешкен Чаласарт айылынын жанынан өткөн Аксы–Ала-Бука унаа жолунун 10 чакырымдай жерин өзбек аскерлери басып алган. Биз өз милдетибизди аткарып, район жетекчилигине кабар бердик. Алар облуска, облус өкмөткө маалымдап, курч кырдаал боюнча маалымат өлкөгө тараган. Жергиликтүү бийликтин негизги милдети элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтыкты сактап туруу болгон. Ачууланган, атышууга даяр турган элди колдон келишинче тынчтандырдык. Өзбек аскерлерине да жогору тараптан катуу буйрук берилген экен, артка кайтпай коюшту. Эки мамлекеттин жетекчилиги аталган жагдайды бир жума ичинде сүйлөшүп, өзбек тарап аскерлерин чыгарып кетти. Ошол окуяга чейин чек арадан мал уурдап өткөндөр көбөйүп, кошуна өлкөгө малын издеп баргандар мыйзамсыз жүрөт болуп кармалып жаткан. Азыр мындай окуялар кайталанбай калды. Эл да чек арага олуттуу мамиле жасай баштады.

"9 УЮМДУ ЧЕК АРАЧЫЛАР АЙДАП КЕТИШКЕН"

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургуну Равшан Дооранов такталбаган чек аранын айынан 9 уюнан ажыраганын айтат:
– 2015-жылдын 2-ноябрында балам 9 уйду сууга айдап барып, атканага чөп салып кайра барганча эле уйдун баары арыкты бойлоп Өзбекстанга өтүп кетишиптир. Артынан издеп бара жаткан уулум чек арачылар "атабыз" деп эскерткенинен улам кайра артка кайтууга аргасыз болгон. Мен кабарды угуп эле өзбекстандык туугандарыбызга байланыштым. Алар "сен айткан 9 уйду чек арачылар айдап кетишти" деп айтышты. Айыл өкмөттөн, кийин акимден жардам сурадым. "Жакында чечилет" деп отуруп, уйларымдын биринин да изин таппай калдым. Мурун бир ишкер өзбек тараптан акчасын ала албай калып, айыл өкмөткө кайрылганда жергиликтүү бийлик өзбек тарапка кетчү сууну бууп коюп эле акчасын алып берген экен. Менин уйларымды да ушинтип эле чыгарып берсе болмок. Ошентип менин уйларым боюнча ишти аткезчилик деген шылтоо менен жаптырып салды. Ошол учурда уй, кой, эчки, аттарын уурдатып, таппай калгандар көп болгон. 2014-жылы бир айылдашыбыз кармалып, бардык уурулукту өзү жасап жатканын моюнуна алган. Ал алдынан өткөн жандыктарды чек арага айдап барып эле сатып келе бергенин айткан.

"ЧЕК АРАДАН ӨТҮҮНҮ ЖЕҢИЛДЕТИП БЕРСЕ ДЕГЕН ЭЛЕ ТИЛЕГИБИЗ БАР"

Өзбекстандан Аксыга 28 жыл мурун келин болгон Калмира Абдулаева "туулган жериң көрүнүп турса да өтө албайсың" деп кейийт:
– Менин жашым 45те. Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунун Беш-Талаа айылынан Аксынын Чарбак айылына 1989-жылы келин болуп келгем. Биздин айыл Чаласарт тилкесине жакын жайгашкан. Жакында атамдын бир тууганы каза болду. Агамдын зыйнатына Ош–Андижан аркылуу барып келдим. Буга чейин 5 жыл мурун барган элем. Анда да Өзбекстандан чакыруу телеграммасы келбесе өткөрбөйт эле. Өзбекстандагы кыргыздар жашаган айылдарда жалаң кемпир-чалдар эле калган. Жаштардын баары жумуш издеп, окууга тапшырып чет өлкөгө чыгып кетти. Биздеги кыргыздар менен Өзбекстандагы кыргыздар бири-бирине куда түшпөй калышты. Катташуу кыйын болуп, мамилелерибиз барган сайын алыстап баратат. Өзбекстанда 5-6 сотых жерине эгин эгип, сыртта иштеп жаткан балдарынын колун карап жашоо өтөт. Мындан улам эркин жашоону каалагандар кайрылман паспортун алып, Кыргыз мамлекетине көчүп чыгууда. Чек арадан өтүүнү жеңилдетип беришсе деген эле тилегибиз бар. Телеграмма жиберсе Ош менен Андижанды бириктирген "Достук" өткөрмө пунктунан каттайбыз. Телеграмма жибере алышпаса Ташкент–Жамбыл (Казакстан)–Бишкек жолу менен өткөнгө мажбур болобуз.

АЗАДАБЕГИМДИН ИЗИ КАЛГАН ЖЕР

"Мүдөө", "Өтүнүч", "Жаштыгыңды аядым", "Сизге", "Кыргызымдын мырзасы" аттуу ырлары менен жүрөктөрдө калган кыргыздын акын кызы Азада Бегимкулова (Азадабегим) да Чаласарт тилкесинин жанындагы Могол айылында чоң ата, чоң энесинин колунда жашаган. Бир тууган агасы Ысманжандын уулу Икрам Бегимкулов: "Азада эжем ал айылда 3-4-класста окуп жүргөндө жашаган. Ошол учурда да, азыр да ал жерде жалаң кыргыз улутундагылар жашайт. Союз кезинде Өзбек ССРинин паспортун колдонушса да, жашоо-тиричилиги Кыргыз ССРи менен өткөн.Чоң атам 1987-жылы "Могол айылы кыргыздардыкы" деп, документтерди Орусияга чейин алып барып келген экен. Азыр моголдук 300дөй улутташтар Кыргыз өлкөсүндө жашоодо",- дейт.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Tyty1990
2017-06-27 10:59:21
Өзбектер бир нерсени көргөнү калды ушу.
+8
kinsion
2017-06-27 11:16:22
Унгар тоо
-6
tumann.
2017-06-27 13:58:24
Жер соорусу Аксы. туулган жерим топурагын алтын!
-1
pero123
2017-06-27 15:48:50
биздин чоңдор [moderated]дан коркот бир нерсеси бар булардын.бул [moderated]га такыр жакшылык жок!!!
+1
Omush94
2017-06-27 18:56:41
Ункур тоо жана Орто токой суу сактагычы боюнча маселе кандай чечилген маалымат барбы супеп инфонун жааматы?
+4
admin_superstan
2017-06-28 12:58:28
Omush94, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Dastanke2014
2017-06-28 11:47:41
Ункур Тоо Озбекстанга отуп кеткен окшойт го, линияларды алып атышат
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-28 15:24:28
Атамбаев акабыз кыйратып атат го тиги бу канымды ичип жанымды жединер деп бапылдап ушу жерлерди аныктабайбы эмне кучу жетпейби лолудон хан чыкса элин чабат болуп элди басынтканды салык салганды эле билбестен.
+6
Nurkiz2017
2017-06-28 16:54:43
Атамбаевге асылбагылачы
-14
raykray
2017-06-28 18:17:58
Биз озубуз Тундук Туштук болуп ынтымагыбыз жок, жерлерибизди озбектер бара бара жылып басып келе жатат Кыргызым,Туштукто коп мындай жерлерибиз, эмне дешти эмне кылышты билбейм, бирок куйуп кул болуп баратам((
+8
BekAmir
2017-07-02 12:08:03
Бийлик ото алсыз
0
kake90
2017-07-02 22:21:02
Сатылып кеткен булжер проста озубустулордун палитикасы еми атамбаев кетсе Ошо сатып ийиптир деп кийин берет еркекче
+1
World_of_tanks
2017-07-03 17:43:52
Эх биз качан бир нормально эл ойлогон жер ойлогон бутундой Кыргызды топтогон башчы табабыз айтчу эле жакшы адам кылымда бир жолу дуйного келет деп корсо чындык корунот Манас бабабыз топтогон элди жерди ар кимге болуп а эл болсо ар кайсы олкодо журуп жан багууда эл эмес капчык деп колун капчыкка салып тушконго бул чондор дагы канча тентип журобуз башка олкодо айлап жылдап ата-эненин созун угууга зар болуп балабыздын жытына зар болуп эх Айта берсен соз коп Акыры жакшылык менен бутсо болгону
0
World_of_tanks
2017-07-03 17:48:25
Как будто байлыгын озу менен кошо горуно жетелеп кетчудой ыйман ызат сый урмат жакшылык дегенди бул кресло ээлери унутуп калган булардан эч нерсе кутпоо керек наоборот кара пайым элди кыйнашат салыктарды которуп дагы ар нерсени ойлоп таап бирок баарына жооп бере турган кун келерин унутпаныздар кайтар дуйно илгери )) айтчуго кымыр иш кырк жылда болсо ачылат деп азыр кырк кун кырк секунда башка тушот Супер КГ жамаатына рахмат биз билбеген укпаган кабарларды жеткиргениниздерге ишинерге ийгилик...
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан