ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-июндан 2-июлга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Аптада үй тиричилик көйгөйлөрүнө көп алагды болосуз. Жакындарыңызга аяр мамиле жасаңыз. Чырдын чыгышы, чыкпашы сизден көз каранды. Иш жаатында сүйлөшүүлөр көп болот. Акча маселеси бир аз ойлонтушу мүмкүн. Активдүүлүгүңүздү көрсөтүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде жакын адамдар менен мамиле кылууда көктүгүңүздү көрсөтпөңүз. Анын кесепетинен түшүнбөстүктөр жаралат. Аргасыз жолго чыгуу, унаа көйгөйлөрү убайымга салат. Жаңы кабар угасыз. Тоскоолдуктар жаралбасын десеңиз, иштериңизди так жүргүзүңүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каржыга байланыштуу кыйынчылыктар болбошу үчүн үнөмдүү болууга аракет жасаңыз. Антпесеңиз, каржы жаатында маселелер, түшүнбөстүктөр келип чыгат. Өмүргө коркунуч туулушу мүмкүн. Андыктан жалгыз жүрүүдөн качыңыз. Пессимисттик ойлордон оолак болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде ишиңизде тоскоолдуктар мезгил-мезгили менен кайталанып, тынчыңызды алат. Убайымга алдырбоо үчүн маанайыңызды түшүрбөңүз. Керектүү жерде акылмандык сапатыңызды колдонуңуз. Достор, ишканалар менен алака кылууда токтоолук керектелет. Болбосо нааразычылыктар жаралат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жабык типтеги мекемелер, оорукана, аскердик бөлүктөр, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелер менен алака кылууда сак болуңуз. Пикир келишпестиктен чыр чыгат, өөрчүп кетпеши үчүн аракет кылыңыз. Андыктан токтоолукту туу тутуңуз. Жумушуңузда кыраакы болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада курбулар жана кесиптештериңиз менен тыгыз мамиледе болосуз. Балдарыңызга көп көңүл бөлүңүз. Сүйүү жаатында пикир келишпестиктер күтүлөт. Башка аймактагы тааныштар менен бир сырдуу болуп, так мамиле куруңуз. Болбосо сизди кайсы бир иштерге күнөөлүү деп табуулары мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кесиптештер менен алака кылууда сабырдуу болуңуз. Мамилелерде өзгөрүүлөр күтүлөт. Кырдаалды жакшы жагына буруп, катуу айтышууга жол бербеңиз. Оюңузду ачык, так айтыңыз. Үй, каржы жаатындагы маселелерге баш оорутпай туруңуз. Оорчулук бат эле өтүп кетет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакындар, текшерүүчү органдар жана кайын журтуңуз менен алака кылууда чектен ашпаңыз. Алардын сизге болгон көз карашы, ою өзгөрүлүп турмакчы. Сөз талашып тирешпеңиз. Жубайыңызды камкордукка бөлөп таң калтырыңыз. Жолдо жүрүүдө сак болууну унутпаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада мүлк, банктан алынган насыя акчалар жүрөгүңүздү өйүйт. Кредиттик уюмдар, банктар, карызды төгүүнү эскертип, шаштыңызды алат. Көйгөйдүн оң жакка чечилиши сизден көз каранды. Алдын ала ойлонуп чараларды көрүңүз. Ден соолугуңузга, үй жандыктарына этият болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта ичинде өнөктөштөрдөн жана мыйзам өкүлдөрүнөн абайлаңыз. Алар менен ачык сүйлөшүүгө аракет жасап, тоң моюндукту таштаңыз. Жан шеригиңизге аяр мамиле кылыңыз. Чыр-чатактан алыс болуңуз. Балдарыңызга байланыштуу көйгөйлөрдү угуп, чечип бериңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ден соолук жана жумушка жакшы көңүл бурчу мезгил. Кесиптештердин айрым терс мамилесине көп маани бербеңиз. Туура тил табышууга аракет жасаңыз. Ушинтсеңиз гана пикир келишпестиктен алыс болосуз. Ачык мүнөздүүлүктү бир аз чектеңиз. Үй-бүлөлүк утурумдук көйгөйгө алдырбаңыз.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Балдар көп көңүл бурууну талап кылат. Бойго жеткендерин түшүнүүгө аракет жасаңыз. Эс алуу учурунда, сүйгөнүңүз менен алака кылууда ачууга алдырбаңыз. Антпесеңиз,  чыр-чатак келип чыгат. Кумар, автомат оюндары, лотерея билеттери ойнотулуучу жайлардан оолак болуңуз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан