Адатта көпчүлүк айдоочулар темир тулпарынын тизгинин көп кишиге карматкысы келбейт. Бүгүнкү каарманыбыз Алмаз Шаадаев "унаамды сурагандардын баарына берем. Бул жагынан сараң эмесмин" дейт. "Колум ачык" деген ырчы бизди жоргосу менен тааныштырды.
Унаасы тууралуу:
Үлгүсү – Toyota Harrier
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 см3
Чыккан жылы – 2002-жыл
Баасы – Ырчынын айтымында, 3 жыл мурун 9 миң долларга алган
Түсү – Асфальт өңүндө
Эң жогорку ылдамдыгы – Саатына 180 чакырым
– Алмаз, алгачкы жолу рулду башкаруу бактысы сизге качан буюрду?
– 2012-жылы 22 жашымда Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаага отургам. Атам мурун коркуп, балдарына көп машина айдатчу эмес. Биринчи жолу темир тулпардын рулу колума тийгенде Нарындан Бишкекке чейин айдагам. Жанымда атам бар болчу. Өзүмчө коркуп, жеткиче чыкпаган жеримден тер чыккан.
– МАИ кызматкерлери таягын шилтеген учурларда абалдан кантип чыгасыз?
– Алар менен мамилем жакшы. Кармалып калганда көпчүлүгү тааныйт, "ээ, Алмаз, тойго чакыралы, "Фаридамды" ырдап бер" деп көбү коё беришет. Мен дагы айткан сөзүмө туруп МАИ кызматкерлеринин тойлорунда кызмат кылып жүрөм. Жол эрежесин атайылап деле бузбайм. Шашып баратып жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай өтүп кеткен учурлар көп болот. МАИ кызматкерлерине көбүнчө ылдамдыкты ашырып жиберген учурда кармалам. Учуруп айдаган ылдамдыгым саатына 180 чакырым болсо, негизи ээн жолдо саатына 140 чакырым менен жүрөм.
– Темир тулпарды ырдап жүрүп алдыңызбы?
– Мурунку унаамды 5 миң долларга саттым да, үстүнө акча кошуп ушул машинаны алдым. Көбү эле "машинаңды "Фаридам" ырынын аркасында алдың болуш керек" дешет. Ал ырдын аркасында бизнес ачтым. Ал эми машинаны гастролдордон түшкөн акчага алдым. Кийин жаштар чыгат, бир күнү болбосо, бир күнү "өчүп" калабыз дегендей. Ошондуктан учурдан пайдаланып бизнес ачып алалы дедик.
– Эмне үчүн Toyota Harrier?
– Мага негизи эле Toyota үлгүсүндөгү машиналар жагат. Себеби салонунун ичи жумшак, асты бийик болуп жол тандабайт. Машинамды "Алтышкам" деп коём. Көп деле эркелете бербейм.
– Унаа алмаштырганды сүйгөндөрдүн катарын толуктасаңыз керек?
– Акыркы 5 жылда 3 эле жолу машина алмаштырдым. 2 жылдан бери дал ушул машинамды алмаштырбай айдап келгенимдин себеби майды аябай аз ичкенинде. Lexus-470, 570 машиналарын деле сатып алсам болмок. Бирок алар майды көп жейт. Көргөзмөгө алып чыкпагандан кийин азырынча ушул машина болот. Күнүмдүк бензиниме болгону 500 сом кетсе, башка досторум унааларына күн сайын 1000-1500 сомго май куюшат. Негизи акжолтой машина, мени бир да жолу жолдо калтыра элек.
– Айдоочулук күбөлүккө качан ээ болдуңуз?
– 11-класста окуп жүргөндө эле Нарындан сатып алгам. Анан иш жүзүндө өзүм айдап жүрүп үйрөнүп кеттим.
– Унаанын тазалыгы көп айдоочулар үчүн башкы орунда эмеспи. Сизде кандай?
– Машинамды анчалык деле бапестебейм. Бирок бузулган жерлерин убагында оңдотуп турам. Өзүм жууп көрө элекмин. Дайыма унаа жуучу жайга кайрылам. Унаамдын ичине отурган адамдар кысылбай отурушун каалайм. Мисалы, кээ бирлер салондон тамеки чеккиси келиши мүмкүн. Мен андайларды жаман көрүп, тыюу салбайм. Машинамды сурагандар болсо берем, сараң эмесмин. Унаамдын бамперин сүзүп же чийип келишкен учурлар болот. Бирок калыбына келтирип, сырдап жасап беришет.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg