«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир өмүр өтүп кеткенин, убакыт өзүнө каршы иштегенин Мурат бүгүн туйду. Көкүрөгү ачышып чыкты. Кызына бир нерсе дейин деди, кайра жалганчы болгусу келбей башын чулгуп алды.
– Ата?
– Ыя, кызым?
– Атоов, сен минтпечи...
– Хм, сен чоңоюп кетипсиң, кызым,- деди ал таң калычтуу.
– Качан чоңоюп кеттиң мынча? Сен апаңдын эле өзү болуптурсуң. А мен арак менен алышып жатып сенин бой жеткениңди да байкабаптырмын. Эх, Арзуу, менин күйүтүм, башымдагы балээм. Сен биздин жашоону эмне кылдың? Сен кыздарыбыздын жашоосун... Сен акмак, мен да акмакмын...
Мурат күңгүрөнө берди. Оюнда бирде өзүн, бирде аялын жекирип жатты. Кимиси күнөөлүү, кимиси сүттөй ак экенин ким билсин, бирок алдында турган периштедей кызы алардын күнөөсүнүн оордугун тартпаш керек эле.
– Атаңды минтип тиктебечи, кызым. Мен...
– Ата, баары жакшы болот. Кыз шөмтүрөп күнөөлүү болуп турган атасына жүрөгү ооруп жатты. Сакал-муруту өсүп, капкара болуп, бийик бою жапырылып, бир кездеги капкара, тармал чачын ак басып, бир ууч болуп турган атасынан дагы деле үмүт үзө албай тиктеп жатты.
– Жамиш, алтыным, сен сабагыңа кет. Келгенде сүйлөшөлү, ээ?- деди да атасы тура качты. Качыш керек, бул акылдуу, мээримдүү, баарына чыдай ала турган алпейим көздөрдөн качышы керек. Болбосо чындыкты айтып салышы мүмкүн. Ал чындык эч кимге жакшылык алып келбейт. Эшикке чыгып кетти. Адатынча качты, көп жылдар эч кимге көңүлүнүн түпкүрүндөгү жарасын айтпагандай эле бул жолу да чындыктан качты. Андан көрө баарын унутушу керек. Ал үчүн арак керек. Башындагы жаман кепкасын чекесине тарта көчө бойлой тез-тез арымдады.

ххх

Мектеп айылдан алыс болгондуктан бир аяк жол менен катташчу. Бирок жалгыз таман жолдо экөө кол кармашып басканга ыңгайсыз болгондуктан Алибек дайым жолдун чети менен басар эле. Экөө адатынча кол кармашып келе жатышты.
– Жакында окууну бүтөбүз, а сенин эч капарың жок,- деди таарына сүйлөгөн Жамиля.
– Менинби? Хе-хе, мен эмнени ойлонушум керек? Мен үчүн баары чечилген. Башымды оорута турган нерсе жок.
– Кандайча?
– Билесиң, мен жалгыз баламын. Атам менен апам мени баары бир эч кайда жибербейт. Анын үстүнө экөө тең оорулуу, мен шаарга кетсем, тиричиликти ким кылат?
– Анан?
– Анан, банан... Үйлөнөбүз.
– Эмне-е?
– Чын айтып жатам. Экөөбүз мамлекеттик экзаменди тапшырабыз да, үйлөнөбүз. Мына, сен үчүн да баары чечилди. Апам менен атам биздин тойго кам көрүп жүрүшөт.
– Сен эмне деп жатасың? Кайдагы той? Мен Бишкекке барып, окуп, атамды айыктырышым керек. Бул менин кыялым, билесиң, анан да мен качан сага тием дедим эле?
Алибек Жамиляны аяп тиктеп турду. Айтпайын деген сөзүн айтып алды.
– Мурат байкеге эч ким жардам бере албайт го...
– Сен эмне деп жатасың, ыя?! Сен...- ызаланган кыз туттуга түштү.
– Болгон нерсени айттым, жаным. Андан көрө сен...
– Унчукпа, бир да сөз сүйлөбө!
Колун шарт тартып алган Жамиля эч нерсеге карабай арыштай берди.

ххх

Көйнөгүн оңдоп кийген Арзуу оор үшкүрдү. Өзү иштеген оорукананын башкы врачы менен көңүлү жакын болуп жүргөнүнө көп болгон. Экөө минтип убакыт боло калса жолугуп көңүл ачышат. Башында Илим Амановичти имерип алганына сыймыктанып жүрчү. Азыр мындан да эч нерсе чыкпасына көзү жетип бара жатат. Өзү жөн гана көңүл ачар кол жоолук экенин көңүлүнүн түпкүрүндө моюнуна алгысы келбесе да, билип жүрөт.
– Эмне үшкүрөсүң? Кийинки кезде кабагың ачылбай бара жатат...- деди көйнөгүнө колун жиберип жаткан эркек.
– Үшкүрөм да ботом, тирүү жан болгондон кийин менде да оор күндөр болот. Же менин жашоом бейиш бекен?
– Тиги күйөөң менен жашоо бейиш эмес, бирок сен аны өзүң түзүп ала турган аялсың. Сен кыйын аялсың, Арзуу.
– Кыздар да чоңоюп келе жатат. Аларды кантип буттарына тургузам, билбейм. Кантип окутам?
– Кандай окушат?
– Экөө тең мыкты окушат, дайым мактоо баракчасы менен сыйланышат. Бирок азыр жакшы окуганың деле эмне, тыйын болбосо...- деди Арзуу.
– Менден үмүт кылба! Өзүң билесиң, эки баламды контракт менен окутуп жатам,- деп сөзүн бөлдү Илим.
– Ботом, сенден ким үмүт кылып жатыптыр? Жөн эле башыма алтын таажы кийгизип салгансып сүйлөйсүң да. Көрөрбүз биз деле бир күнүбүздү.
Ызасына муунуп кетти аял. Канча жылдан бери өткөн кадырына жаны кашайып турду. "Ээ, өлүп кеткилечи, бир да эркек кадырымды билбеди. Бириңер да..." Көздөрүнө жаш каканактап кетти да, араң токтотту. Көп нерсени башынан өткөргөн, көп нерсени билген бул аял табиятынан катуу болчу. Эгерде жакшылап ойлонсо, эмнеге аны эч бир эркек кадырлай албаганын түшүнөт эле.Бирок ойлонгонго чамасы келбеди. Шарт туруп чыгып кетти. Иште болобу, иштен кайткан учурда болобу, улуу кызын окууну бүтүргөндө эмне кыларын ойлонуп жатты. Бир жагынан насыя маселеси. Эгерде үйдү коюп акча алганын билсе...
"Өх, түбүң түшкүрдүн дүйнөсү, ушунчалык ар тарабыман кысты го. Мен ал акчаны айландырам деп алдатып жибереримди ким билди. Кайдан ушу балээге туш болдум? Эми эмне кылам, аздан-аздан жыйыла берип... Жок, мен бир айласын табышым керек. Бир айласын табышым..."
Кечке маал үйүнө келип, өзүн керебетке шалак таштады. Бөлмөсүнө кирген Жамиля апасын бир пас карап турду да, акырын үн катты.
– Апа?
– Эмне болду?
– Менин окуум тууралуу кийин сүйлөшөбүз дедиң эле го. Аз күндө...
– Сен эле калсаң да коё турчу, кайдагы окуу, ыя?! Атаңдын кебетесин карачы, менин кенедей маянам тамак-ашыбызга араң жетип жатат. Кайдагы окуу, ыя?
– Апа, сен мага убада бердиң эле го.
– Хм, апаңа убада бергендер сөзүнө туруштубу? Демек, эч ким убадасына турбайт. Бул турмуштун биринчи сабагы, кызым.
– А мен эмне кылам?
Аял башын көтөрүп кызын көпкө тиктеп турду да, кесе сүйлөдү.
– Сен Түркияга кетесиң! Иштеп акча таап, бизди могу жакырчылыктан чыгарасың, уктуңбуңбу?! Жетишет мага, канчага чейин жалгыз сүйрөйм. Сен да мага жардам кыл. Чоңойдуң эми, мага акча керек, түшүндүңбү? Мага кө-өп акча керек! Карыздан кутулбасак, биз көчөдө калабыз.
Кызынын эси чыга бакырайып тиктеп турган көздөрүнөн апасы көзүн ала качты. Айласыздан өзүн-өзү актап жиберди. "Башка айлам жок. Жамиляны чет өлкөгө жибербегенден башка айлам жок".
Кызыгы, ал кызынын болгон кыялын талкалап, тебелеп-тепсеп жатканын билип турду. Кооптуу, аркасына кайта турган жолу жок узак сапарга жиберип жатканын да түшүнүп турду. Бирок артка кайта албайт эле. Анткени Жамиля анын жалгыз үмүтү болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
student-95
2017-07-04 09:01:22
окунучтуу! Кыйнайтко чиркин
0
ady-88
2017-07-04 18:00:36
Мына ушинтип эле кобуроок жазса болот экенго
+1
Aiiko
2017-07-05 15:47:18
Ооба коп жазыптыр. Рахмат
0
vikidiki
2018-03-13 10:07:51
Байкуш Диананын аракети текке кетпесе экен эми
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан