ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КЫЗЫМ, СЕНИН КЕЛЕРИҢДИ КҮТҮП ЖАШАП ЖАТАМ»

– Саламатсыздарбы, "Супер-Инфо" гезити? Мен Ысык-Көл облусунун Оттук айылынан болом. 2017-жылдын январь айында небере кызым бир жарым жашар баласы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Өзүнүн энеси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ошого таарынып кетип калыптыр. Неберемдин аты Альбина Бейшенова. Окууну бүткөндөн кийин эле кошуна айылга ала качып кетип, отуруп калган. Кийин жолдошу менен түшүнүшө албай бир жарым жашар баласы менен ажырашып келип, менин жанымда жашап жаткан. Акыркы жолу мага үч ай мурун телефон чалып, Бишкекте экендигин, өзү болсо тигүү цехинде иштеп, кичинекей баласын батирде бирге жашаган кыз карап жатканын айткан. Ошондой эле жакында үйгө келе турганын айтып сүйлөшкөнбүз. Ошол убакыттан бери кызымдан дайын жок. Өзүм улгайып калгандыктан шаарга барып аны издегидей алым жок. Айылдан көзү ачыктарга барсам, "кызың кыйналып жатат" дешти. Эми сени кайдан издейм? Күнүгө ар кайсыны ойлонуп, сарсанаа болуп жатам, кызым. Кабарыңды билдир, телефон чал. Сенин келериңди күтүп жашап жатам.

Таенеси Сайрагүл Далбаева. Тел.: 0708 28 84 20

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88-27-00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gitaris93
2017-07-05 11:10:18
Альбина таененди кыйнабай кел айылга.
+1
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан