Тарткан кинолору, жашоого көз карашы, ой жүгүртүүсү, жашоо образы өзгөчө кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын жашаган үйү да өзгөчө. "Жубайым башында биз деле эмерек, килем алып, эл сыяктуу жашайлы дечү. Азыр көнүп калды" дейт Сокулук районунун Күн-Туу айылында жашаган каарманыбыз.
– Чарбакты уулум Мирлан экөөлөп карайбыз. Тамашалап "Мирлан кино тартып жатканда мен, мен кино тартып жатканда Мирлан карайт" деп калам.Короо-жайды шыпырып, тазалай бергенден чарчабайм. Мага эргүү иштеп жатканда келет. Азыр өрүк, алча бышып турган маал. Короо-жайга өзгөчө маани береримди билген чыгармачыл адамдар үйдөн кино, клип да тартып кетишет.
ЧОҢ ҮЙ
– Үйгө киргенде эле коридордо "Свет аке" тасмасындагы реквизиттер: велосипед жана Свет акенин кийим-кечеси турат.
1-КАБАТ
– Бала кезимден дүнүйөгө кызыкпайм. Жадакалса үйүмдө жумшак эмерек, кийим салгыч, уктоочу керебет да жок. Үйүмдү музей кылып ачайын деген оюм бар. Азыркы турушунда деле үй-музей. Адатта адамдар байлык деп умтулуп жыйначу буюмдардын ордунда меникинде киного байланыштуу буюмдар, сыйлыктар турат. Расмий түрдө музей деп ачып, айылдын окуучуларына көрсөтүп, арасындагы таланттуулардын шыгын ойготуп, аларга себепчи болууну ойлоп жүрөм.
– Тепкичтеги кичинекей чакаларды Ошко "Маймыл" тасмасын көрсөткөнү барганда алгам. Үйгө ырыскы кирип турсун деп атайын тизип койгом.
2-КАБАТ
– 2 кабаттуу үйүм болгону үч бөлмөлүү. 1-кабатта 2 бөлмө, 2-кабатта болгону 1 бөлмө. Чийген долбоорум боюнча 2-кабатта иш бөлмөм жайгашып, үйдөгүлөр алдында жашай беришмек. Бирок азыр 3 бөлмөнү тең үй-музей кылып алдым.
БИЗДИН ЭСКИ ТАМ
– Менин кесибим сүрөтчү. Бала кезимде туулуп-өскөн үйүмдү ушинтип тарткам. Ошол эски тамыбыздын эшиги азыр үйдө сакталуу. Ээр-токум болсо атамдан калган белек.
КИЧИНЕ ҮЙ
– Кичине үйдүн ордунда жогоруда сүрөттө көрсөтүлгөн эски там бар болчу. Аны апамдын көзү тирүүсүндө куран окутуп бузган элек. Ошол окуяда апамдын жаман болгону алигиче эсимде. Бирок батасын берип, бизге ак жол каалаган. Өзү курган үйдү анын көзүнчө бузуу кимге болбосун оор болсо керек.
– Короодо очоккана, отункана, ит кармоочу жай, мончо, сарай бар. Баарын оюмдагыдай кылып өз колум менен салгам. Мурун мал кармачумун, азыр жок. Мал багуу үчүн үйдө дайыма бирөө болуш керек.
Жалпы эл кызыккан байлыкка, мен умтулбайм. Айрымдар үйдө керебеттин жоктугун көрүп, "жерге жатасызбы?" деп таң калышат. Мен үчүн жердин өзгөчө энергиясы бар. Мага жерге жакын болгон жагат.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg