Өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүн бириктирген Бишкек–Ош унаа жолунун курулушу өлкөбүздөгү өткөн кылымдагы эң ири долбоорлордун бири. Бул стратегиялык маанидеги унаа жолун куруу чечими 1956-жылы чыгып, куруу иштери 1957-жылы башталып, 1965-жылдын 18-октябрында толугу менен пайдаланууга берилген. 1995-жылы "Бишкек–Ош" автоунаа жолун реабилитациялоо долбоору түзүлгөн. Бул долбоор 3 этапта ишке ашырылган. Жолдун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт.
Бишкек-Ош жолунда:
Төө-Ашуудан Суусамыр өрөөнүнө түшүп баратканда жолдун жээгинде кымыз, курут, ышкын сыяктуу азыктардын түрү сизди күтүп алат.
Бишкек–Ош жолу "мышык ыйлагыдай" абалга келип калган. Бузулуп баштаган жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлүп турганы менен айдоочулар үчүн кыйынчылык жаратат.
Суусамыр жайлоосунда бээлер байланып, кымыз ичүүгө келген адамдардын саны арбын.
Күрп-Сай суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын аймагында жайгашкан менен Өзбекстанга суу сактап берет. Быйыл суу ашыгы менен толуп, жакын жайгашкан айылдарга коркунуч жаралууда.
Суусамырдагы "Париж" атка конгон аймак. Бул жердеги кафе, ашканалардан курсагыңызды кампайтып, жакшы эс алып, жолуңузду улантсаңыз болот.
Чүйдөн Суусамыр жайлоосуна жылкы айдап бараткан жылкычылар тоннелден өтүү үчүн уруксат күтүп жатышат. Төө-Ашуудагы бул тоннель 1964-жылы аяктаган. Анын курулушуна 70 миллиондой рубль жумшалган. Тоннель деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 2650, туурасы 6 метр.
Жазында Ала-Бел ашуусунда байчечекей ачылып, талаа гүлгө оролот.
Чычкан капчыгайында бал сатып, тиричилик кылгандар көп.
ДҮЙНӨДӨГҮ КООЗ ЖОЛДОРДУН БИРИ ОШ – ХОРОГ ЖОЛУ
Ош–Хорог жолу Ош шаары менен Алай өрөөнүн байланыштырып, Тажикстандын Хорог шаарына чейин созулат. 2016-жылы "National Geographic" журналы дүйнөнүн эң кооз жолдорунун тизмесинде алдыңкы ондукка киргизген. Ош–Хорог авто жолу 1937-жылы унаа жүрүүгө ылайыкталып курулган. Жолдун узундугу 700 чакырымдан ашуун.
Бул жолдун бир айрылышы Эркештам жолу, бир айрылышы Чоң-Алай аймагына кетет.
Чоң-Алайга кеткен жол.
Жаздан күзгө чейин мал айдап өткөндөр көп болгондуктан жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпай койбойт.
Нурбек Абдыкадыров,
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg