Удаа өскөн бир туугандар адатта бири-бирине өтө ынак келишет. Ырчы Самара Каримованын жакшы көргөн иниси Сагынбек "урушканыбыз да, табышканыбыз да бат болчу" деп бизди удаа өскөн кенжетайлардын балалык дүйнөсүнө жетеледи.
Бир тууган Каримовдор
Бактыгүл Каримова – 44 жашта, үй кожойкеси
Сайрагүл Каримова – 42 жашта, юрист
Айнагүл Каримова – 38 жашта, мугалим
Миргүл Каримова – 37 жашта, мугалим
Алымкан Каримова – 32 жашта, мугалим
Уулжан Каримова – 30 жашта, бухгалтер
Самара Каримова – 26 жашта, ырчы
Сагынбек Каримов – 19 жашта, студент
"ЭЖЕМ ЖӨЖӨЛӨРГӨ КОНЦЕРТ КОЮП БЕРЧҮ"
- Кичинемде биздин үйдө жөжөлөр көп болчу. Эжем аларды залдагы эл деп элестетип, жем чачып бүткөнчө концерт койчу. Үндүктүн балапандары абдан назик болот эмеспи. Бир жолу апамдар бир жакка кеткенде биз оюнга алаксып кетип балапандардын жамгырда калганын унутуп коюптурбуз. Карасак он чакты балапан өлүп калыптыр. Аларды жашырып жерге көмүп койгонбуз.
Компотту, шоколадды аябай жакшы көрчү элем. Апам кышкыга деп кыямдын, компоттун түрлөрүн жапчу. Анан Самара эжем акырын жер төлөдөн алып чыгат да, экөөбүз эч кимге көрсөтпөй ичип, кайра баарын эч нерсе болбогондой кылып ордуна коюп койчубуз. Экөөбүздүн сүйүктүү жаныбарыбыз – бугу.
Экөөбүз удаа өскөндүктөн урушмак турсун мушташат элек. Эжем каратэге кызыккандыктан мени көп сабады. Ал "кел, акырын эле мушташабыз" деп жатып жаздык менен чаап калат. Бир катуу муштум жегенден кийин менин да жиним келип, ага атырылып жатып калчумун. Кырылып урушуп кетебиз, кайра тез эле жарашып калабыз. Жалаң кыздар жана мен болгондуктан айла жоктон куурчакты көп ойнодум.
"ЭЖЕМ МЕНИН АЙЫМДАН КӨП УРУШ ЖЕДИ"
- Үй жумуштарын бөлүшүп алчубуз. Мен үйдүн эркеси болгондуктан оңой жумуштарды өзүмө алып койчумун. Кээде экөөбүз бири-бирибизге боорубуз ооруп, жумуштарды бирөөбүз эле аткарып койчубуз. Эжем менин айымдан ата-энемден көп уруш жеди. Айылда классташтар отуруш уюштура берет эмеспи. Андай жерлерге ата-энемден сурансам, "кой, барбайсың, өзүң көзгө басар жалгыз бала болсоң" деп коюшчу. Анан айла жок эжеме кайрылчумун. Анткени Самара эжемди байкемдей эле көрчүмүн. Эжекем чечкиндүү түрдө "бара бер, мен өзүм жооп берем" деп коюп, ата-энемден тил угат эле.
"МЕНИ "ТИШИ ЖОК ЧАЛ" ДЕП ЧЫЧАЛАТЧУ"
- Атым Сагынбек болсо, эжем "Сакаш" деп эркелетет (күлүп). Мен аны "аппак эжем" деп койчумун (күлүп). Анткени үйдөгүлөр аны "кара жөжөм" деп калышчу эле. Жинине тийсем ал жөн калмак беле, 5-6-класстарда тишим жок болчу да, анан ал мени "тиши жок чал" деп чычалатчу.
Самара эжем мектепте окуп жүргөн кезде жигиттер байма-бай кат жазышчу. Аны көрүп калсам кызганганымдан эжеме жеткирбей айрып салчумун. Эжелериме болгон кызганыч сезим менде аябай күч болчу. "Мени жезде кыласыңбы?" дегендердин да саны көп болчу. Жезде болом дегендер мага жакшы көрүнүш үчүн шоколад алып беришчү. Анткени эжем сулуулар сынагына катышып, облустук деңгээлде Гран-приге ээ болгон учурлар болгон.
"ЭЖЕМ МЕНИ КЕҢ ПЕЙИЛ ЖЕЗДЕЛҮҮ КЫЛДЫ"
- Эжем абдан жөнөкөй, кичи пейил, колунан келген жардамын аябаган боорукер жан. Мектепте жалаң "5ке" окучу. Бардык сабактарыма каралашчу. Өзгөчө математика сабагынан алдына киши салчу эмес. Жогорку окуу жайына тапшырып кеткенде чогуу ойногон эч ким жок куса болчумун. Каникулга келген сайын "шаарга кетпей эле коюңузчу" дей берчүмүн. Турмушка узап жатканда дагы башкача сезимдерге туш болгом. Бир тууганым өзү эле мен үчүн мыкты болбостон, кең пейил жезделүү кылды. Анткени аны экинчи атам десем болот. Окуткан, көп жакшы адамдар менен тааныштырган дал ошол инсан. Ал эми жээндерим болсо үчөө тең үйдүн эркетайлары. Кээде ушунчалык жиниме тийишет, андайда катуу айтып урушуп калам.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg