Бакыт Төрөбаев: "ПРЕЗИДЕНТ РЕФОРМАНЫ ӨЗҮНӨН БАШТАШЫ КЕРЕК"

Бишкекте "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын VI курултайы өтүп, келген делегаттар Бакыт Төрөбаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.

"Канча жылдан бери реформа, өзгөрүү керек деп жүрөбүз. Президент реформаны өзүнөн башташы керек. Жумушка башкалардан эрте келип, жумуштан кеч кетип, жолдорду кортеж менен тосуп, элге тоскоолдук кылбашыбыз зарыл. Андан тышкары президенттик аппараттын структурасын жана кызматкерлердин санын кыскартуу абзел",- деген пикирин билдирди Бакыт Төрөбаев.
Чакырылган коноктордун арасында Бакыт Төрөбаевди колдоп келген Камчыбек Ташиев: "Жараткандын назары түшкөн адам гана президент болот дейт, бул нерсе сизден кыйгап өтпөсүн. Мен башкалардай болуп сизге кеңеш бере албайм. Анткени экөөбүз замандашпыз, чогуу жасай турган иштер көп. Сиздин бүгүн мекенчилдик боюнча айткан сөздөрүңүзгө абдан ыраазы болдум. Сиздин партия жаш болсо да өлкөдө олуттуу саясий күчкө айланганын эч ким тана албайт",- деди.
Белгилей кетсек, аталган партиянын жер-жерлерден келген делегаттарынан тышкары интеллигенция өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, депутаттар чакырылган. Алардын көбү "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын кыска убакытта көп жеңишти багындырганын айтышып жана партиянын лидери Бакыт Төрөбаевге алдыдагы шайлоодо ийгилик каалап жатышты.
Буга катар "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын съездине катышып отурган Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев: "Шайлоодо административдик ресурстарды колдонгон адамдарды баарыбыз биргеликте уяткаралы. Баарыңыздардын колуңуздарда смартфон бар. Эгерде студенттерди, жаштарды бийлик кимдир бирөөнү колдоого чакырса, видеого тартып алып жайылткыла. Биргеликте алардын бетин ачабыз",- деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан