ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

МИРАНДА КЕРР МЕНЕН ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО БААЛУУ БУЮМДАРЫНАН КОЛ ЖУУДУ

Австралиялык 34 жаштагы супер модель Миранда Керр АКШнын Юстиция министрлигине жалпы суммасы 8 миллион доллардан ашуун асем буюмдарын өткөрүп берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
2016-жылы Малайзиянын 1MDB мамлекеттик фондунун чиновниктерине карата кылмыш иши козголгон. Алар "фонддон акча уурдаган" деп айыпталышууда. Бул ишке Миранданын экс-жигити, малайзиялык финансист Жо Лонун дагы катыштыгы бар экендиги аныкталган. Уурдалган акчага Жо Ло баасы 1,3 миллион долларлык шакек, 1,98 миллион долларлык сөйкө жана башка баалуу асыл таштарды алып, сүйүктүүсүнө тартуулаган. Миранда менен Жо Ло 2014-жылдан баштап сүйлөшүп жүргөн. Бирок модель 2016-жылы малайзиялык жигитине эмес, 27 жаштагы миллиардер, "Snapchat" тиркемесинин негиздөөчүсү Эван Шпигелге турмушка чыккан.
Бул окуядан белгилүү актёр Леонардо Ди Каприо да жабыркаган. Ал АКШнын Юстиция министрлигине Жо Ло тарабынан тартууланган баасы
13,2 миллион долларлык картиналарды өткөрүп берген.

КИМ КАРДАШЬЯН ҮЧҮНЧҮ БАЛАСЫН КҮТҮҮДӨ

Голливуд жылдызы Ким Кардашьян жолдошу Канье Уэст менен балалуу болууну каалап жаткандарын билдирген. Бирок дарыгерлер Кимге төрөгөнгө чектөө жасоо керектигин айтышкан. Бул чектөөлөр түгөйлөрдүн көп балалуу болушуна чекит коё алган жок. Алар болочок наристеси үчүн "суррогат энени" тандап койгонун билдиришти. Бул кызматты көрсөткөн аялга 45 миң доллар, эгер эгиз же үч эм төрөлө турган болсо, ар бир балага 5 миң доллар кошумча акча төлөп беришет. Келишимде тамеки тартууга, спирт ичимдиктерин, курамында кофеин бар суусундуктарды ичүүгө, чач боёгонго болбойт деген катуу талаптар коюлган. Ошондой эле агенттиктин кызмат көрсөтүүсү үчүн өзүнчө 68 миң доллар акча төлөнөт.
"Суррогат эне" кызматы Ким Кардашьяндын изги тилегин аткарган мүмкүнчүлүк болуп берди: "Мен балалуу болуунун ушул жолун билчүмүн. Эми ал чындыкка айланды",- дейт ал өз сөзүндө.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sveta23
2017-07-04 09:48:10
жыргап калдыңар эко кылып,карын энеге төрөтүп...
0
BegimaiBegimai
2017-07-04 10:19:09
суррогат энелер торогон баласын кантип берип койот экен бироого
0
AykaMer
2017-07-04 11:00:51
Бироонун уругу бироого да... Торогондо эле баланы алып коёт,корсотпойт торогон энеге
+1
Nazikbaigazy
2017-07-05 11:34:42
Миллион миллиардтарды жпзышатго ээ, ошончо миллионго сойко шашек алып ээ, бироого бар, бироого жок аттин дуйно
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан