Сайра Момунбаева, ырчы, актриса: "АЗАТ КАЗА БОЛБОЙ ЭЛЕ КОМАНДИРОВКАДА ЖҮРГӨНДӨЙ ТУЮЛА БЕРЕТ"

"Ажал эч качан айттырып келбейт тура. Кудайым алам деген адамды оорутпай деле алып коёт экен. Моюн сунгандан башка аргам жок" деди Сайра эже жолдошу тууралуу кеп баштап жатып. Маек учурунда төгүлүп-чачылып, бирде каткырып, бирде көзү жашылданып жолдошун эскерип отурду.

"БИР ДАГЫ ЖОЛУ ЧОҢ УРУШ БОЛУП, МЕН ТӨРКҮНҮМӨ КЕТКЕН ЭМЕСМИН"

– Азат экөөбүздү чыгармачылык табыштырды. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуп жүргөнүмдө Азат сырттан окуу бөлүмүндө болчу. Бири-бирибизди сессия учурунда көрүп, учурашып калчубуз. 1990-жылы Нарын жергесиндеги Муратбек Рыскулов атындагы драма театрда иштеп жүргөндө Азатка жолугуп калып, ал иштеген "Күлгүн жаш" тобунун балдары "бизге сендей солистка керек" дешип, ал топко солистка болуп калдым. Топтун жигиттери "сага кимибиз жагабыз?" дешкенде Азат жоош болуп эле отурса, мен да тамашалап "Азат жагат" деп койгом. Анан тың жигиттер "болду, анда сени Азатка алып беребиз" дешкен. Ойдо жок жерден эле алып барып жоолук салып коюшту. "Таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калдым.
Жаңы үйлөнгөн кезде ал 28 жашта, мен 27де болчумун. 26 жыл бирге түтүн булаттык. Элдин арты да, асты да болбой, орто жашадык. Айланабыздагылар бизди идеалдуу үй-бүлө катары көрүшчү. Анткени майда-барат түшүнбөстүктөрдү үйдөн чечип алчубуз. Бир дагы жолу чоң уруш чыгып, мен төркүнүмө кетип калып, кайра келген күндөр болгон жок. Бардык маселени акыл менен чеччүбүз. Үйдө ак көңүл Азат болчу. А мен, тескерисинче, көк бет болуп таарынычым жазылчу эмес. Урушуп кеткенде Азат биринчи сөз баштап "Сайра" деп калчу. Ал менин кантип таарынычымды жазыш керектигин жакшы билчү. Мен ырдасам таарынычым жазылып, урушканыбызды унутуп калчумун. Анан жолдошум дароо эле "Сайра, кел могуну ырдасаң, репетиция кылалы" дейт, мен болсо "эк, ырдабайм" деп көгөрөм. "Бул ырды бир ырдап берип койчу, обонун текшерип алайын, уксаң, эмне жетишпей жатат?" деп жатып эле таарынычым тарап кетчү.
Этти, камырды сүйүп жечү эле. Мен болсо этке анчалык жакын эмесмин, анан көп учурда дымдама жасасам "сен мени уй кылып бүтүрдүң, чөп-чар берип жатып" деп калар эле (күлүп). Ооруп калгандан кийин айла жок капустага көндүрүүгө туура келди.

"ЖАКШЫ КӨРӨРҮН МАГА АЙТПАЙ, СЕЗИМДЕРИН ЖАШЫРЧУ"

– Жолдошум сезимдерин менин көзүмө айтчу эмес. Анан кээде тамашалап "мени сүйөсүңбү?" десем, ал "ой, андай нерселерди айтпайт" деп калар эле. Мен болсом ажыкыстанып "мени сүйбөйсүң" дегенде, "мен айтпай сүйөм" деп кутулчу. Жакшы көрөрүн мага айтпай, элдерге айтчу. Элдер болсо "оо, Азат байке сизди аябай сүйөт, аябай мактайт" дешчү. Экөөбүз тамашалаша эле берчүбүз. Тааныштарыбыз бизге таң калып, "экөөңөр деги урушасыңарбы?" дешер эле. Жолдошум мени "аял" деп эркелетчү. Бул сөз Азаттын жакшы көргөн сөздөрүнүн бири болчу. "Аял, бас кеттик. Аял, тамак жаса" деп калчу. А мен болсо аны "Жеки Чаным, жал-жал көзүм" деп койчумун. Анткени кайсы бир жактары ошол актёрго окшоп кетчү. Анын үстүнө Азаттын да чачы узун эмес беле. "Менин жал-жал көзүм каякта жүрөт?" десем, кесиптештер "күйөөңүздүн көзү бакыракай болсо кууратмаксыз го" деп каткырып калышчу.
Аялы-күйөөсү бири-бирин кызганышат го. Студиясына мен барып калган кездерде ошол жерде отурган күзөтчүлөр "байкеге азыр кыздар кирип кетти" дешсе, жиним келгендин ордуна "ай, биринчиси менмин, калгандары алар" деп каткырып койчумун. Анда күзөтчүлөр "ии, тамашабыз өтпөй калды" деп калышчу. Бирөөлөрдүн көзүнчө деле ал "мен кыздарга кеттим" десе, мен ага жооп кылып, "жакшы барып кел, мен деле жигиттерге кеттим" деп жооп кайтарып коёр элем.

"КЫЗЫБЫЗДЫН АТЫН ЖЭЭНГҮЛ ЖЕ ТӨРКҮН КОЁБУЗ ДЕСЕМ ЧЫЧАЛАГАН"

– 1993-жылы Алмаз деген тааныш байкебиз Бишкекке чакырып калды. Анда мен кош бойлуу элем. Анын үстүнө мен шаарга барсак, үйүбүз жок болсо кантип жашайбыз деп кооптондум. Кайра-кайра чакырып тажадыбы, айтор, Азатты машинага салып алып кетти, мен болсо Нарында калдым. Жалгыз болбоюн деп апамдардыкына барган элем да, ошол жактан кыз төрөдүм. Ат тандоого келгенде "Жээнгүл же Төркүн коёбуз" десем, "жөн турчу, андай койбойбуз" деп чычалайт. Мен дагы ансайын "төркүнүмдө төрөп жатпаймынбы, тайларына жээн болот да" деп каткыргам. Кызыбызга ысымды Акбермет деп агам ыйгарды.
Атасы кызын таптакыр эркелетип, мактачу эмес. Кызыбыз жанында жокто аны менен катуу сыймыктанчу. Анткени "атанын назары түшкөн кыз бактысыз болуп калат" дечү. "Эркек балам жок" деп арман кылчу. Кудайым бизге бир перзентти буюруптур. Андан кийин кош бойлуу да болгон жокмун. Кызымды аябай кыйналып төрөп, палатага чыгып келгенде жанымдагы эже "төрөгөн кандай экен?" десе, "экинчи төрөбөйм" дегем, ошол сөздүн таасири болдубу, билбейм. Азат да кийин "эмнеге антип айтасың?" деп урушуп калчу.

"ТУРМУШТА ЖОКЧУЛУКТУ ДА, БАРЧЫЛЫКТЫ ДА КӨРДҮК"

– Кесиптештер же ырчы кыздар менин заманбап стилде, ачык кийинип жүргөнүмдү көрүп таң калышып, "сиз ушундай ачык кийинесиз, Азат байке урушпайбы?" деп көп сурашчу. Ойлоп көрсөм, экөөбүздүн табитибиз бирдей окшойт. "Ачык кийинбе, мындай кылба!" деп эч качан мага чек койчу эмес. Каалаганымды кийчүмүн. Кийим тигүүдө да кээде фантазиям түгөнүп калганда "кандай кылсам?" дегенде жардамын аячу эмес. Турмушта жокчулукту да, барчылыкты да көрдүк. Биз андай кыйын учурлардан чогуу өттүк. Жол кире таппай калган күндөр да болгон. Бирок мен аялмын да, бир нерсе жок болуп калса эле "тигил жок, бул жок" деп чырылдап жиберчү элем. Андайда ал токтоо гана "сен жок деп кесир сүйлөбө, жоктун түбү жок болот. Сен жакшы сүйлөп, жакшы нерсени айтсаң, жакшылык келет" деп жоошутуп койчу. Анан чогуу иштеген кесиптештери да "Азат байкенин ушул сөздөрү бизге кыйынчылык учурда катуу таасир берет" деп айтып калышчу. Ошол кыйынчылыктын баарын кийинки жетишкен ийгиликтерибиз жууп кетти. Ал нерселерди эстеп айтпаса болбойт.
Мындан 11 жыл мурун эле тиши ооруп, тердеп, сууну көп ичип, бат-бат суусап калган. Башы да көп ооручу болду. Бир күнү жүрөгү ооруп калды. Туугандарыбыздын бири "Азат, сен кант диабетине анализ тапшырып көрсөңчү" десе "жок" деп чалкасынан кетти. Анткени оорукана дегенди укканда эле жини келе берчү. Ошентип чыдап жүрө берип акыры катуу кыйналып чыкты. Ооруканага алып барып, жумуштарым менен кеткен элем. Кайра барсам, өңү кубарып, кебетеси кетип калыптыр. "Эмне болду?" десем, "эртерээк алып келгениң жакшы болуптур, өлүп калмак экенмин" деди. Көрсө, кант диабетинин өтүшүп кеткен даражасы экен. Каралашып жаткан туугандарыбыз бир күнү "бар, сен эс алып кел" деп үйгө жөнөтүшсө, түнкү 4тө телефон чалып "Келчи жаныма, жалгыз болуп жатам" деп чакырып алчу. Акыркы мүнөттөрүндө мени жанынан чыгаргысы келген жок. Азат мага каза болгондой эмес, командировкада же алыс жакта жүргөндөй туюла берет.

"Атабыз кызы Акбермет менен сыймыктанчу".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
k.anara
2017-07-04 10:49:48
Ээххх,жакын адамын жоготуу кандай гана оор.Сабыр кылыныз.Жаткан жери жайлуу болсун.
+10
Nargiza1987k
2017-07-09 07:06:43
Жаткан жери жайлуу болсун оомин
0
BarsBaatyr
2017-07-10 00:13:11
Сайра эже кайрат кылыныздар.Азат акенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
NURDANCHIK
2017-07-10 12:28:55
сабыр кылыныздар жайы жаннаттан болсун,билип билбей кылган куноолоруун аллахым кечирип,жаннатты корушту насип кылсын
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан