Адамдар сулуулук үчүн бир топ акча коротушат. Косметикалык каражаттардын бири терисине жакса, экинчиси жакпайт. Эгерде косметикалык майларды колдонуп көрсөңүз, сиздин чөнтөгүңүзгө да үнөмдүү, натыйжасында өзүңүз да ыраазы болосуз. Пайдалуу жана үнөмдүү сулуулук каражаттары тууралуу косметолог Жаркын Атаканова кеңеш берет.
БАДАМ МАЙЫ
Курамында: Е, В2 витаминдери, натрий, темир, цинк, фосфор бар.
Бадам майы (миндальное масло) бетти агартууга, серпилгичтигин арттырууга, безеткини, безеткиден калган тактарды кетиргенге жакшы жардам берет. Күндө жатар алдында бетиңизге сүртүп жүрсөңүз тери агарып, жумшарып, тактар кетип жатканын байкайсыз. Жүзүңүзгө бырыштын түшүшүнүн алдын алуу үчүн 1 кашык бадам майына 3 тамчы лимон ширеси менен бал кошуп, бетиңизге сүртүп, 30 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.
Чач какач болуп, кургап кеткенин байкасаңыз да бадам майын колдонсоңуз болот. Бул үчүн майды чачтын түптөрүнө сүртүп, 30 мүнөт ороп, андан кийин жууп салуу керек.
КАСТОР МАЙЫ
Курамында: А, Е, витаминдери бар, кальцийге бай.
Кастор майынын жардамы менен каш, кирпик, чачты өстүрүп, бекем кыла аласыз. Жатар алдында каш менен кирпикти майлап жатсаңыз, бир айдын ичинде натыйжасын байкайсыз.
Чач үчүн майды бир аз жылытып, чачтын түптөрүнө манжалар менен жакшылап сүртүп туруп полиэтилен баштыкчасын кийип алыңыз. 15-20 мүнөттөн кийин жууп салсаңыз болот. Бир аптада бир жолу колдонуу сунушталат.
Кастор майы беттин серпилгичтигин жогорулатып, майда бырыштарды кетирет. Бетти таза жууп, чакан идишке 400 грамм кайнак суу куюп, ага кастор майынан 1 чай кашык куюп, ошол сууга бетиңизди буулаңыз. Ал үчүн сүлгү менен бетиңизди жаап, бууга 5-7 мүнөт кармаңыз. Анан бетти кургатып, кастор майы менен сүртүп, бир аздан кийин ашыкчасын салфетка менен аарчып салсаңыз болот. Муну бир аптада бир жолу колдоносуз, бет жумшарып, бырыштары байкалбай калат.
ЗАЙТУН МАЙЫ
Курамында: E, А, D витаминдери бар.
Зайтун майы (оливковое масло) байыртадан "сары алтын" деп айтылып келгени бекер эмес. Анын эң негизги милдети – беттин терисин нымдандырат. Бал менен жакшы айкалышат. Териңиз кургап бара жатса бетиңизди жууп, кремдин ордуна зайтун майы менен майлап коюңуз. Дененин жаштыгын сактап калуу үчүн рецептердин бирин сунуштайбыз: 1 аш кашык тузду 1 стакан сууга эритип, ага 1 аш кашык зайтун майын кошуп, бүт денеге сүртүп, жылуу халат кийип отура туруңуз. 5-7 мүнөттөн кийин душка түшүп жууп салсаңыз болот.
Ар дайым чачты жуурдун алдында зайтун майын чачтын түптөрүнө сүйкөп койсоңуз тараганда чатышпайт. Чачтын өңүн жакшыртып, жылтыратып, түшүүсүн токтотот.
УЙГАК МАЙЫ
Курамында: А, В, С, Р витаминдери, кальций, минералдар бар.
Уйгак майы (репейное масло) түшүп жаткан чач үчүн миңдин бири. Ал үчүн жылытылган уйгак майына 1 аш кашык коньяк, 1 жумуртканын сарысын жана 1 чай кашык лимон ширесин кошуп чачтын түбүнө сүйкөйсүз. Анан башты полиэтилен баштыкчасы менен ороп, 15-20 мүнөт кармап туруп жууп салыңыз. Бул масканы бир айда эки жолу жасоо сунушталат.
Тырмактарыңыз сынып баштаса майды чакан идишке жылытып, лимонду экиге бөлүп ортосуна майды куюп, тырмактарды ага матырып 10-15 мүнөт туруңуз. Аптада 2-3 жолу кайталасаңыз тырмактар бекемделе баштайт. Кээде колдун чыканагы жана тизе катууланып, калыңдап, капкара болуп кетет. Бул маселени жоюу үчүн уйгак майын жуунардын алдында чыканакка жана тизеге сүртүп, жарым сааттай коюп туруп жууп салсаңыз, агарып жана жумшарып калат.
Эсиңизде болсун!
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg