«БИЙЛЕГЕН» УНАА, БУУЛАНГАН ТЕРЕЗЕ...

Кесибим – таксист. Кардарлар жок «кризис» маалында болгон үмүтүбүз кафелер менен түнкү клубдар. Бир ирет шаар ичиндеги түнкү клубдардын биринин алдында кардар күтүп тургам. Аңгыча эле ичкериден кыска юбка кийген, кундуздай чачы жамбашына чейин төгүлгөн бир кыз чыкты. Удаа эле артынан чыга келген жигит «жаным, токтосоң!» деп колунан кармаганга аракет кылды эле, «пошёл ты, бабник!» деп кыйкырган кыздын үнү аны тык токтотту. Бечара жигит каккан казыктай ордунан жылбай, чөнтөгүнөн алып чыккан чылымын түтөткөн боюнча кала берди. Тиги кыз мени көздөй келатканда:
– Такси керекпи, чоң кыз?- деп алдынан утурлай басып чыктым.
– Асанбайга таштап коюңузчу!
Ачуусу тарай элек кыз унаама отурду. Сыягы бир аз «сеп» этип алган өңдөнөт. Айткан дарегине жөнөдүм. Күзгүдөн улам артымды карап коём. Ал да үн катпайт. Апакай жүзүнөн нуру төгүлгөн, балбылдаган көздөрү кундуздай чачына куп жарашкан сулуу кыз менен кантип таанышуунун айласын издейм. Бир маалда көздөрүбүз чагылыша түштү.
– Байкашымча, жигитиңиз менен уруша кеттиңиз окшойт...
Эркек катары суроо узаттым.
– Сураныч, ал жөнүндө кеп козгобой эле коёлучу.
Сөз ушуну менен бүткөнсүдү. Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүргөндөн кийин тиги кыз:
– Байке, бул дүкөндүн жанынан токтой турасызбы?- деди. Үнү жанагыга караганда бир аз жибий түшүптүр. Унаа токтогондо жерге түшүп баратып, ал бир нерсени эстегендей:
– Баса, машинаңыздан сыра иче берсем болобу?- деп калды.
– Албетте, болот.
Арадан 10 мүнөт өтпөй тиги кыз колуна сыра көтөрүп чыкты. Жолубузду улап, тез эле айткан дарегине жеткирдим. Жетчү жерине го жетти, бирок жол акысын төлөбөй, колундагы сыраны жутуп коюп отурат.
– Чоң кыз, 150 сом болду.
– Макул.
Ал сумкасынан кызыл капчыгын алып чыгып, айткан акчамды сунду да:
– Байке, бир аз отура турсам болобу?- деди үмүттүү көздөрү менен мени карап.
– Шашпасаң отура тур.
– Рахмат. Менин атым Ширин, сиздики ким болот? Артка отурбайсызбы, жакындан таанышалы.
– Айбек.
Кыздын бул сөзүн укканда көктөн издегеним жерден табылгансып, дароо арткы орундукка жөнөдүм. Отуруп жатканда Ширин кылыктанып, кумарлуу көздөрү менен мени «атып» жибергенге жетишти. Мен да бир секундда аны баштан-аяк сыдыра караганга үлгүрдүм. Кийимдери денесине чыптала жабышып, төөнүн өркөчүндөй болгон көкүрөгү «мени карма» дегенсип кишини азгырат. Тиги да араң эле турган окшойт, отурарым менен эки колу моюнума оролду. Карап турабызбы... Эриндерибиз жабыша түштү. Колдорум Шириндин «ширин» жерлерине саякаттап баратты. Негизи мен кыздарды чечиндирүү жагынан алдыма киши салдырбасам керек. Экөөбүз сырттагы дүйнөнү унутуп, «космоско» учуп бараттык. Шириндин кулагыма шыбыраган таттуу сөздөрү демиме дем кошуп, шыктандырып жиберди. Унаа биз менен кошула «бийлеп» жатты, терезелери болсо кадимки «Титаник» тасмасындагы унааныкына окшоп бууланып чыкты. Биздин оюнду жаныбыздан «күрс» жөтөлүп өтө берген киши токтотту. Экөөбүз демибизди ичибизге ката энтиккен бойдон жатып калдык. Анын көздөрүн карасам мага ыраазы болгондой, мен да ага ыраазы элем. Жөтөлгөн киши узай бергенде жигитинен «өч алгандай» болгон Ширин мени ысык кучагынан бошотуп, шаша-буша кийинди да, үйүнө киргенче шашты. Аны кайра 2 жылдан соң гана көрдүм. Мен жашаган жерге жакын жерде иштейт. Тааныса да таанымаксан болуп өтүп кетет. Мен болсо чын эле ушул сулуу менин алдымда балыктай туйлаганына өзүм да ишене албай артынан узатып кала берем...

Эркин Сексенбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (89)
NurEli
2017-08-10 11:31:23
ар ким оз куноосу учун жооп берер кун келет. кыз чакырып атсада, карманып кой карындашым сени да жакшы коргон адам бар таза жолуккусу келет десе болот. башында озунун ою бузук болгон таксис. ким зына кылса озунун аялын же жакындарын башка бироо ошентет бул созсуз кайтат озуно деген. эми зына кылыпсын бир куно аны мактанып жазган ага бетер куно!
+2
kytman
2018-06-13 19:54:29
NurEli,ушул жазууну окуган да зынаа болот..созунорго караганда намаз окуйт окшойсунар..бул болумго комментарий жазган да зынаа болот
+2
rus228300
2017-08-13 00:35:44
Жакшы эле жазылган оч алган жери кучтуу экенда кыздын.
0
Bekmakkoreya92
2017-08-22 13:35:44
Сонун болуптур
0
askar_myrza
2017-09-11 23:07:14
Менда мыйдай окуялар болгон ...
-1
askar_myrza
2017-09-11 23:07:49
Таксист жана артист создор дагы окшош
0
Naziw
2017-09-12 22:42:33
Сулуу болсо эле болду жатып алгысы келет эч ойлонбойсунбу может кыздын оорусу бардыр жыныстык жол аркылуу жуккан? Же спиддир 5 минуттук кочодо калган женил ойлуу менен жатам деп оору жугузасынар озунорго жукса жуксун ошого татыктуусун а бирок аялында эмне куноо
+8
aiba.8327
2017-09-27 12:36:54
даа откон кездер дечт
-1
gul78
2017-10-04 14:27:29
Кунаажын козун сузбосо,бука жибин узбойт
-1
Seyitira8186
2017-10-17 21:55:01
Бекеринен шафёрду эрим дебе.артистти аялым дебе деген макал айтылган эмес.
+2
roma.mk
2017-11-19 04:31:45
Чын айрым досторго кошулам бул жакка кириши кирип алып окушуго окуйсунар анан да пайдалуу нерсе жазбайсынарбы дейсинер пайдалуу нерсени башка жагынан издегиле бул жакта жазылып турат чооон тамгалар менен ЭРОБЕКЕТ деп
+1
etalon
2017-12-09 06:15:10
Ошон учун таксисти эрим дебе.
Артисти аялым дебе деген да. ))
0
Sabr12
2018-02-01 11:59:25
Жыргапсынго чиркин
0
usonabdulaev
2018-06-27 11:34:13
жыргапсын кыпсында ээ
0
Munar_11
2018-08-17 18:30:36
Жайлапсын
0
Rus8989
2019-01-08 13:53:06
Жыргапсын да
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан