Редакцияга өз тагдырларын айтып түркүн адамдар кайрылышат. Бул жолку каарманыбыз да жүрөгүн өйүгөн сырлары тууралуу окурмандар менен бөлүшүү үчүн редакциябызга баш бакты.
Жашым 60тан ашып калган кезде гана аял кишинин боюна бүткөн түйүлдүк Жараткандын буйругу менен адам баласына берилген чоң белеги экенин түшүнүп турам. Жаштарга кичине болсо да сабак болсун деп, башымдан өткөн, мен үчүн абдан өкүнүчтүү нерсе тууралуу сиздердин гезитке айтайын деп чечтим...
Мен 2 жашымда атамдан ажырап, жетишпеген жетимчиликтин азабын көп тарттым. Жетим жетилет эмеспи. Бой жетип, өз теңимди таап, ага баш байладым. Турмуш жолуна аттангандан көп өтпөй эле кош бойлуу болдум. Бул жакшы кабарды билгенде төбөм көккө жетип кубанганымды сурабагыла. Жолдошум да тун баласы болгондуктан кубанычы коюнуна батпай сүйүндү. Бирок биздин кубанычыбыз көпкө созулган жок. Бала боюма бүткөндөн баштап ден соолугума байланыштуу көйгөйлөр жаралгандыктан такай ак халатчандардын көзөмөлүндө болдум. Алар: "Төрөт абдан оор болот, мүмкүн, бир гана баланы же энени сактап калууга туура келет",- деп суук кабарды ачык айтышты. Бул сөз менин психикама чоң так калтырган окшобойбу, тун баламды көп убакыт төрөткананын патология бөлүмүндө жатып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, өлдүм-талдым дегенде араң көз жардым.
– Эми сага мындан ары төрөгөнгө болбойт,- деп доктурлар катуу эскертишти.
Андан көп узабай кайрадан боюма бүттү. Ал баламды түйүлдүк кезинде дарыгерлердин жардамы менен жок кылдым. Башка айла жок эле. Көз жашым көл болду. Уулум 2 жашка чыгып калган кезде 3-жолу кош бойлуу болдум. Бул жолу дарыгерлердин айтканын укпай тобокелге салып төрөп алууну чечтим. Күйөөм да менин чечимимди туура көрдү. Ошентип абдан кыйналып жүрүп операция жолу менен аман-эсен кыз төрөп алдым.
– Операция учурунда мындан ары боюңа бүтпөгүдөй кылып тиешелүү чараларды көрдүк,- дешти врачтар.
Ошону менен бул маселе унутта калгансыган. Арадан 7 жыл өткөндө дагы боюма бүттү, тилекке каршы, ал баламды да жок кылып, андан ары аялдарга белгилүү болгон жолдор менен бойго бүтүрбөө чараларын көрүп жүрдүм. Жашым 50гө келген кезде эми болду го деп сактанбай калгам. Бирок дагы кош бойлуу болуп калганымды билип, дарыгерлерге кайрылып, алардын кеңеши, жардамы менен түйүлдүктү жок кылдым.
Уул-кызым бой тиреп, эстүү болуп чоңоюшту. Мен бала чагымда жетим калып момпосуйга жетпей чоңойгондуктан, ага тойбогон сезим жашым 60тан ашса да мени ээрчий берчү. Уул-кызым бала чагымда таттууга жакшы тойбой же жөн гана таттууну жакшы көрөт дешеби, айтор, атайын кымбат баалуу момпосуйларды алып беришет, мен жаш баладай сүйүнүп жейм. Мага Жараткан ушундай балдарды бергенине миң мертебе ыраазы болом.
Бирок... Бирок менде дагы ушундай момпосуюн сунуп, "апакелеп" турган 3 бала болот эле го?.. Аны эстегенде жан дүйнөм жай албай, сай сөөгүм сыздап кетет. Мына, эми пайгамбар жашынан ашкан соң жүрөктөгү жарам кайрадан тырмалып отурат. Тагыраагы, уулум үйлөнүп 1 кыздуу, кызым турмушка чыгып 1 уулдуу болушуп, ошону менен келин, кызымдын төрөттөрү токтоп калды. Алардын баспаган мазары, барбаган дарыгер, табыптары калган жок. Жараткан уул-кызыма бирден гана бала берип, менин жогорудагы күнөөлөрүм үчүн аларды жазалап жатат деп эрдимди каната тиштеп, өзүмдү жемелеп, ичимден сызып мен отурам. Көрсө, Жараткан дагы бир бала төрөп алсын деп мага улам-улам бала бериптир, мен аларды албай койдум. Кесир кылдым. Алар түйүлдүк болсо да бул жарык дүйнөгө адам эсебинде келмек эмес беле?! Алар да бул жашоого жаралып, жарык дүйнөнү көрүүгө, менин ак сүтүмдү эмүүгө, күлкүсү жаңырып, үйдү үч тегерене чуркап жүрүүгө укуктуу эле го?! Мен ошол адамдарды, өз балдарымды өлтүрүп чоң күнөөгө баттым. Ошол мезгилге кайрылып барып, ошол кетирген каталарымды кайрадан оңдогум келет. Эх, ошондой мүмкүнчүлүк болсо кана, аттиң…
Майрам