БИР БҮРКҮМ

  • 2016-жылдын 30-августунда Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратында болгон ТЕРАКТ боюнча кармалган 3 жаранга сот чечими чыкты. Айыпталып жаткан Хикматилло Абдулажанов, Күназим Мансирова 10 жылга жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга эркинен ажыратылды.

  • Сузактын Акчалуу айылында сел коркунучунан улам эски көрүстөндөгү 1500 АДАМДЫН СӨӨГҮ коопсуз аймакка көчүрүлүүдө.

  • Меккеге АЖЫЛЫК САПАРГА бара турган 4585 Кыргыз жараны 20-июлга чейин сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтөт. Аталган маалыматты муфтияттан кабарлашты.

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Манас" эл аралык аэропортунан 12,3 килограмм (27 миллион сомдук) зер буюм жана баалуу таштарды өлкөгө АТКЕЗЧИЛИК жол менен алып келе жаткан У.И. аттуу кыргыз жаранын кармады.

  • Борбордук шайлоо комиссиясы ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ жана үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 41 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Каттоо 4-июлда аяктайт.

  • 2017-жылдын 5 айында үй-бүлөдөгү ЗОМБУЛУК боюнча 100 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу маалыматты ИИМден таратышты.

  • Чет өлкөдө жашап жаткан ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР үчүн 2017-2018-окуу жылына карата республиканын окуу жайларынан 75 гранттык орун берүү сунушталууда.

  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ катышкан 47 523 катышуучунун 26 103ү (53 пайызы) гана босого баллынан (110 балл) өттү.

  • Чек ара аймагында теракт уюштурууну пландаган деген шек менен 4 адам кармалды. УКМК аларды эл аралык ТЕРРОРДУК УЮМДУН мүчөлөрү болгон кыргыз жарандары деп билдирүүдө.

  • 2017-жылдын январь-май айларына карата мамлекеттик БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИ 54 миллиард 793,9 миллион сомго барабар болгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинен таратышты.

  • 28-июнь күнү ооруканада Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УНАА СҮЗҮП КЕТКЕН патрулдук милиция кызматкери каза болду.

  • 2017-жылы Мамлекеттик КАМСЫЗДАНДЫРУУ уюму менен турак жайды камсыздандыруу боюнча 14,3 миң айыл тургуну жана 3,4 миң шаар тургуну келишим түзгөн. Учурда 43 жаранга уюм тарабынан жардам берилген.

  • Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаеванын 5-МАРТТЫ Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп белгилөө демилгесин парламент колдоду.

  • Парламент депутаттары МЕКТЕПТЕРДИ 5 күндүк окуу тартибине өткөрүү демилгесин 1-окууда колдошту.

  • Жалал-Абад шаардык кеңешине шайланган депутаттар биринчи сессияга чогулуша элек. Буга КСДП менен "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" фракцияларынын ортосундагы шаар мэрлигине болгон талаш себеп болууда.

Бектур Токтоноев   
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан