АТАМБАЕВ ПУТИН МЕНЕН СИРИЯГА КЫРГЫЗ АСКЕРЛЕРИН ЖИБЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШПӨГӨНҮН АЙТТЫ

Кыргыз аскерлери Сирияга согушка жиберилеби? Жуманын негизги суроосу, талкууга түшкөн темасы ушул болду. Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Казань шаарында мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул темага да кайрылды. Өлкө президенти Кыргыз аскерлерин Сириядагы согушка жиберүү тууралуу Орусия менен эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтты. "Владимир Путин менен тар жана кең чөйрөдөгү жолугушууда да, тамак учурунда да аталган маселе көтөрүлбөгөн. Бул жөнөкөй маселе эмес",- деди президент. Ажо мындай кадамдын ишке ашуусу үчүн БУУнун резолюциясы, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн макулдугу, эң негизгиси Жогорку Кеңештин макулдугу керек болорун эскертти. Жогорку Кеңештин депутаттары мындай чуулгандуу маселеге комментарий берүүдөн качып, "расмий маалымат келбеди. Келсе аны парламент чечет" деген ойду карманышууда. Саясий жана аскердик эксперттер "Сирияга аскер жиберүү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) атайын жобосуна ылайык гана жүргүзүлөт" деп билдиришти. Бул учурда коомчулукта "Сирияга аскер жөнөтүп Кыргыз өлкөсү эмне утат? Башкалардын согушуна аралашпашыбыз керек" деген пикирлер көп айтылды. Ошондой эле Орусиянын мындай сунушун 240 миллион долларлык карызды кечүү менен байланыштырышууда.
1979-жылы башталган Ооган согушу боюнча дагы "бизге тиешеси жок согуш болчу" деген пикирдегилер көп. 10 жылга созулуп, 256 кыргызстандыктын өмүрүн, миңдеген жаш жигиттердин ден соолугун алган бул согуштун максаты, жоокерлер өмүрүн эмнеге бергени билинбей, тарыхта кыйылган өмүрлөр гана калды.
Эске салсак, Орусия тараптан Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү сунушу болгонун орус парламентинин депутаты Владимир Шаманов 22-июнда журналисттерге айткан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан