БОИНГ КЫРСЫГЫ БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ "ЖҮКТҮН ЭЭСИ АЖО ЭМЕС" ДЕДИ

"Манас" аэропортунун жанына кулаган Боинг учагындагы кандуу жүктүн тек жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Депутаттар тобу иликтеген иш боюнча документтер эл өкүлдөрүнө таратылып берилген, бирок качан парламентте бул иш каралары белгисиз. Комиссиянын мүчөсү болгон депутат Максат Сабировдун айтымында, жүк ээлеринин тизмесин түзүшкөндө анын 2 тонннага жакыны Кыргыз өлкөсүнө жеткирилмек болгону такталган. Депутат "ал жүк президентке таандык эмес" дейт. Комиссия мүчөлөрү "кыйраган учак Кыргыз мамлекетине май куюу үчүн гана токтогон" деп жыйынтык чыгарышты. Депутаттар чогулткан документтер Башкы прокуратурага өткөрүлүп, ишти аягына чыгаруу тапшырмасы берилгени айтылды.
Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында түркиялык авиакомпанияга тийиштүү болгон Боинг-747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортунун жанындагы калк жайгашкан аймакка кулаган. Натыйжада 35 кыргыз жараны жана 4 түрк жараны каза болгон. Учактагы 85 тоннадай жүк боюнча "аткезчилик жол менен алып келинген ууру жүк беле?" деген шек жаралып, жүктүн ээсин тактоо маселеси келип чыккан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан