ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАБАНОВДУ КӨРСӨТӨБҮ?

Күздө өтө турган президенттик шайлоого катыша тургандар четинен съезд өткөрүп, талапкерликке өздөрүн көрсөтүшүүдө. Эртең ишемби, 1-июль күнү борборубуздагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Элдик курултай өтүп, анда «Республика–Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери, экс-премьер-министр
Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин талапкерлиги көрсөтүлөрү кеп болууда. "Республика–Ата Журт" деле адаттагыдай съезд өткөрмөк беле, бирок Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүүнү каалагандардын арасында аталган партияга мүчө эмес ар региондун өкүлдөрү көп болгондуктан, Элдик курултай өткөрүүнү туура табышыптыр. Эртеңки курултайдын катышуучуларынын арасында аттуу-баштуу аксакалдардан тартып, аска-зоодой генералдар, атактуу айымдар, ар улуттун өкүлдөрү болору айтылды. Ошентип Бабанов элдик курултай аркылуу жарышка аттанганы турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан