Өткөн аптада "Түбөлүк сүйүүнүн" фанаттарына капыстан "бомба" түшкөндөй болду. Аягы "хеппи эндге" жакындап баратып эле сериалдын башкы каарманы Кемаль өлүп калды. Бул социалдык тармактарда, эки курбунун башы кошулган жерде, үйдө, көчөдө, базарда талкууланып, айтор, Кемалдын өлүмүнө кайдыгер адам калбады. Мынчалык эмоция жараткандарга "браво" дедик да, кайрадан сериалга кайрылууну чечтик.
КЕМАЛЬ СУЛЕЙМАНДАН АШТЫ
Актриса Неслихан Атагүл "Түбөлүк сүйүүнүн" 1 сериясы үчүн 1-сезонунда 20 миң лир (5700 $ ) алса, ал эми 2-сезондо гонорары
1 серия үчүн 40 миң лирге (11400 $ ) чыккан. Бурак Өзчивит болсо сериалды эфирге берип жаткан Star TV каналынан 1 жарым миллион лир аванс алганы айтылууда. Андан тышкары актёр 1-сезондо 1 серия үчүн 60 миң лир (17100 $ ) гонорар менен баштап, 2-сезондо ар бир серия үчүн 90 миң лир (25600 $) алган. Учурда Түркияда эң көп гонорар алган 3 актёр бар. 1-орунда актёр Халит Эргенч. "Мекеним сенсиң" сериалында ар бир серия үчүн 140 миң лир алган. Өзжан Дениз "Стамбулдук келин" үчүн 100 миң лир алат. Таң калычтуусу, "Даңазалуу доор" сериалында Халит Эргенч 1 серия үчүн 75 миң лир алган экен. "Браво", Кемаль, "Султан Сулейманды" да жолго таштадың!
МИНА КОЮЛГАН АКЫРКЫ БӨЛҮМ
Эмир Денизди уурдап кетет. Кемаль кызын кароосуз имараттан табат. Бул арада Эмир Ниханды да алдырып келип, анын колу менен Кемалга ок жиберет. Кемаль бронежилет кийип алгандыктан өлбөй калат. Бул учурда полиция кызматкерлери келип Эмирге ок атылат, бирок ал жарадар болсо да качып кутулат. Кемаль үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кеткенге мажбур. Эмир аэропорттон жардамчысы аркылуу Ниханды уурдап кетет. Өзү полициянын колуна түшүп, Кемалга сунуш киргизет. "Менин эркиндигиме каршы Нихандын өмүрү! Мени полициядан качырсаң, Нихандын кайда экенин айтам" дейт. Кемаль Эмирди качырып, Нихан катылган жерге барат. Бул жердин ар тарабында мина жайгаштырылган. Аялын куткармакчы болгон Кемалдын таманы мина коюлган таштын үстүнө такалат. Болду, кыймылдаса өлөт! Ушу учурда Эмир келип Ниханды бошотот. Ал эч нерсеге карабай Кемалга чуркайт. Аркасынан келип кармап калган Эмир өзү да минаны басып алат. Тагдырдын тамашасы менен сапёрлор Эмирдин бутундагы минаны жарылууга жеткирбей токтотуп калышат. Кемалды өлүмдөн бошотуу мүмкүн эмес экенин айтышат. Жанынан жеңиштүү жылмайып өтүп бара жаткан Эмирди колдон кармаган Кемаль аны өзү менен кошо жардырып жиберет. Жалгыз калган Нихан кызы Денизди чоңойтуп, Кемалдын элеси менен жашап калат.
СЦЕНАРИЙДЕ ӨЗЧИВИТТИН ДА САЛЫМЫ БАР
Карасаңыз, кадимки эле баналдуу сүйүү үч бурчтугу.Бирок эки жыл бою миллиондорду экран алдында кармап, бирде ыйлатып, бирде жылмайтты. Ийгиликтин себеби күчтүү актёрдук курам жана тартуучу топто. Сериалдын режиссёру Хилал Сарайдын колунан рейтинги күчтүү сериалдар жаралган. "Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?", "Тыюу салынган ашыктык" сериалдары бул сериалдын "туугандарынан". Ал эми Керем Чатай Түркиядагы "таажылуу" продюсерлердин бири. 25 жашында "Ay yapim" телекомпаниясын негиздеген. Буларга таланттуу актёрлорду кошобуз. Интервьюсунда Бурак Өзчивит мындай дейт: "Мурун жазылган сценарийди гана аткарсам, бул жолу Кемалдын жаралышына жардам бердим. Талашып отуруп Кемалдын образын сценарист менен чогуу чыгардык. Эми мен режиссёрлук менен алектенем. Тасмама сүйүктүүмдү (Фахрие Евжен) тартам". Эмнеге Кемаль менен Нихан чогуу калбады? Сценарист эл күткөн "хеппи эндди" бергенде сериал мынчалык популярдуулукка жетмек эмес дешет түрк ММКлары. Бир четинен "3-сезон тартылат" деген кепти узартып койсо, экинчиден элге унутулгус эмоция берип эсте калуу үчүн бул кадамга барышты.
СҮЙҮҮ ТОЙГО АЙЛАНДЫ
Бурак Өзчивит менен Фахрие Евжендин үйлөнүү тою Стамбул шаарында 29-июнда өтөт. Жакында Фахриенин хна кечеси (кызды турмушка узатар алдындагы кече) болуп, андагы видеолор интернетке чыкты. Кызыл кийинген Фахрие жана анын курбулары кече бүткөндө чыгып маанайларын билдиришти. Кеченин аягында Бурак келип сүйүктүүсүнүн урматына урма аспап ойноп, түрк улуттук бийин бийледи. Кеченин соңуңда кол кармашып чыккан эки жашты журналисттер ороп алып кепке алышты. Күйөө баланын толкунданып жатканы билинип, колукту "бүгүн ыйлабадыңбы?" деген суроого "ыйлабадым" деп жооп берди. Булардын сүйүү баяны "Чалыкушу" сериалында башталып, 3 жылдык убакытта сыналды. Тойго Неслихан Атагүл келбей турганы белгилүү болду. Сериалда улуу сүйүүсүнө миллиондорду ишендире алган актёрлор Бурак менен Неслихан жашоодо бири-бирин жактырбай турганы айтылып келет. Эмнеси болсо да элди ушунчалык ишендире алган актёрлордун белгилүүлүгүн мындан билиңиз, интернеттеги социалдык тармактарда саналуу күндөрдө #ниханкемаль, #карасевда, #кемальумер, #кемальживи деген хэштегдер каптап кетти.
МИЛЛИОНДОРДУ ЫЙЛАТКАН АКЫРКЫ ДИАЛОГ
Кемаль.: – Мунун да бир жолу болуш керек!
Нихан: – Бардык жолдор жабылды...
К.: – Жок, азыр сени куткарам.
Н.: – Сен мени ансыз деле куткардың. Мен сенин Ниханың болдум, түбөлүк сүйүүң болдум, жүрөгүң болдум. Бирок сен менин алдымдан эч качан чыкпасаң, мени мынчалык сүйбөсөң эмне?..
К.: – Сени мындан да катуу сүйө алсам кана?..
Н.: – Бул акыйкатсыздык, биз бири-бирибизге тоё элек болчубуз...
К.: – Биз 100 жыл өтсө да бири-бирибизге тоё албайт элек...
Н.: – Сенсиз жашай албайм, Кемаль, сенсиз мен өлөм.
К.: – Сага кат жаздым, китеп текчеде турат. Жашоодон үмүтүң үзүлгөндө оку, кайра-кайра оку.
Эмир: – Эмнеге силер түгөнбөйсүңөр, ыя?! Дагы деле...
К.: – Бул биздин соңубуз эмес, бул сенин соңуң! Нихан, мага акыркы жолу бир жакшы сөз айт.
Н.: – Сени аябай сүйөм, Кемаль. Акыркы демим чыкканча сүйөм!
Кемалдын акыркы каты: – Менин түбөлүк сүйүүм, өмүрүм, жарым. Менин эртеңим, кийинким, келечегим. Мен бакыт деген атты алмаштырып, "Нихан жана Дениз" койдум. Өлүмдөн эч коркподум. Сен бир кайык оңдогон, кедей студенттен баатыр жараттың. Сен Кемалды жараттың! Бул керемет эмеспи... Мен өзүмдөн кечип, силерге айландым. Жанымда болсоңор деле силерди сагына берем, бул сезимге да көндүм. Анткени менин абам силерсиңер! Эч унутпа, ашыгым, силер дем алып жатканда мен эч качан өлбөйм. Анткени бул ашыктык эмес, бул түбөлүк сүйүү!
ДҮЙНӨНҮ ТҮРК СЕРИАЛДАРЫ БАСЫП БАРАТАБЫ?
Түркиянын ийгиликтүү долбоору болгон "Түбөлүк сүйүү" 15тен ашык өлкөгө сатылды. Сериалды Мексика, Греция, Түштүк Корея, Латын Америка, Чили, Казакстан, Азербайжан жана башка өлкөлөр сатып алып көрсөтүштү. Рейтинг боюнча түрк сериалдарын Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрү көп сатып алышат.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg