«КЫЗЫМ МЕНИ ҮЙҮНӨН КУУП ЧЫККАН»

Бир күнүмдү Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык жана стационардык мекемеге барууга арнадым. Карылар үйүнүн жашоочуларын тирүүлүктүн кайсы агымы бул тагдырга туш кылды? Эмнеге бир үйдүн төрүн ээлеп, насаат айтып отурчу кезде алар карылар үйүндө жашоого аргасыз болушту? Уул-кыздары кайда болду экен деген суроолор жүрөгүмдү өйүп келет. Албетте, жүрөгүндөгү сырларды, таарынычтарды, өз турмушу тууралуу карыялар бейтааныш адамдарга айта берүүсү күмөн. Ошентсе да жүрөк ооруткан аянычтуу тагдырлар айтылды.

"МЫНДАГЫ КЕМПИРЛЕРДИН КӨБҮ КЕЛИНДЕРИНИН АЙЫНАН УШУЛ ЖАКТА ЖАШООГО АРГАСЫЗ"

Алгач карылар үйүндө көптөн бери жашаган Гала апа менен маектешүүгө аракет кылдым. Бирок маегибиз көпкө созулган жок. Сүйлөшүүбүз ал жашаган чакан бөлмөдө башталды.
– Эмне үчүн бул жерде жашап жатасыз дегиң келип турабы? Мен үйүмдү балдарыма берип койгом. Ошондой кылганга акым барбы? Өзүм ушул жерге келип жашоону туура көрдүм. Мени бага турган балам каза болуп калган. Өкмөт бизге берген ушул үйдө жашагым келет. Бул жерде ичип кеткендер, түрмөдөн чыгып келгендер да бар. Биз тууралуу жазгандан көрө, тарбиясы жок кыздар жөнүндө жазсаң болот. Бул жакта жашаган кемпирлердин көбү келиндери менен келише албай, ушул жерде жашоого аргасыз болуп жатышат.

– Алардын өздөрүнүн кыздары барбы?
– Кыргызда "Чыккан кыз чийден тышкары" деп өзүнүн ата-энесине каралашууга шарты болбойт.

– Сиздин кызыңыз барбы?
– Бар... Ал мени үйүнөн кууп чыккан.
Ушул бойдон Гала апа экөөбүз маегибиздин учугун таппай калдык, ал жаткан керебетинен шашыла туруп, менин чыгып кетүүмдү талап кылды. Мен деле анын жан дүйнөсүн кыйнагым келбеди. Бөлмөнүн астанасын аттаганымда:

– Менин суроолорум ашыкча болуп кетти окшойт. Капа болуп калдыңызбы?
– Жок, кызым, бул жакка көптөр келип алып "эмне кылып жүрөсүз, балдарыңыз кана?" деп сурашат, ошого гана,- деди апа.

"ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН УШУЛ ЖЕРГЕ КЕЛИП КАЛДЫМ"

Кийинки менин маектешим 67 жаштагы Азыкбай Токтогулов ата буларды айтып берди:
– Өзүм Нарындан болом. 1950-жылы, 20-апрелде туулгам. Өмүр бою айдоочу болуп иштедим. Мындан 10 жыл мурун жубайымдан айрылдым. Ошондон кийин ичкиликке берилип кеттим. Арак ичкен кишиники белгилүү да, үй-жайдын баарын көп балалуу, начар жашаган кишиге карматып жибердим. Берешендик болуп кетти. Ооруп кыйналганымдан ушул жерге келип калдым. Балдарым көп жылдан бери Орусияда жашап, иштешет. Алар деле орустай болуп калды. Байланышып турабыз, бойго жетип калган неберелерим бар. Уулдарым Орусияга алып кетебиз дешет, бирок бөтөн жерде мага эмне бар?

– Кыргызда мындай жагдай жат көрүнүш эмеспи. Туугандарыңыздан карылар үйүндө жашаганың уят, биздикинде жаша дегендер болдубу?
– Бир туугандарым бар, карындашым Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде мугалим, иним бар. Алар келип турушат. Мен дагы кээде барып турам. Биротоло алардыкында жашап бирөөгө жүк болгум келбейт. Алардын деле өздөрүнүн турмушу, түйшүгү бар да. Бардыгын түшүнүп турам. Бул жакта убагында тамактанабыз, дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрөбүз. Мага ушунусу ылайык. Балким, балдарым Орусиядан келсе, ошондо чогуу жашайт чыгарбыз...

– Ичкиликтин айынан ушул жерге келип калганыңызга өкүнөсүзбү?
– Жашоо шартым азыр жакшы. Балким, кетип калам, бирок кетким келбей кетет. Биздин окуя элге маалым болуп, жаштарга сабак болсун дейт элем.

"ЖАЛГЫЗ БАЛАМДЫ ИЗДЕП ТАППАЙ КЕЛЕМ"

Тургуналы Ажиев ата:
– Мен 1939-жылы Нарын облусунда төрөлгөм. 3 айлык кезимде биз жашаган жерде улуттар аралык уруш чыккан экен. Ошондо апам сыртта иш кылып жүрүп үйгө кирсе, мени бир орус бутумдан кармап көтөрүп туруптур, өлтүргүсү келген окшойт. Аны көргөн апам колунан мени жулуп алып, коңшу айылдагы энесиникине жетип барыптыр. Мени бир тууган эжесине бергенден кийин бат эле көзү өтүп кетиптир. Ошентип өз энемди 3 эле ай эмиптирмин. Таежем менен жездем мени жакшы эле карашты. Балалыгыма нааразы эмесмин.
Бой жетип армияга барып келген соң Турсун деген кызды жолуктурдум. Ал мени "турмушка чыккан эмесмин" деп алдаптыр. Көрсө, мага турмушка чыкканда анын 2 кызы бар экен. Биринчи жолдошу каза болуп калганын билдим. Турмуш экен деп жашап уулдуу болдук. 3-4 жылдай чогуу түтүн булаткан соң эки айрым жолго түшүп кеттик. Балам дайыма үйгө келип-кетип жүрчү.
Бир жолу 5-6 жашында үйгө мени көргөнү келгенде, апасыныкына жибербей койдум. Өзүм багып алам деп ойлогом. Мен кой кайтарып кетсем, апасы келип көчөдө ойноп жаткан жеринен алып кетиптир. Анда деле "атам" деп келип жүрдү.
Мекенибизде Бакиевдик бийликти кулаткан төңкөрүштөн кийин уулумдун кабарын укпай калдым. Ал бир аскер бөлүгүндө кызмат өтөчү. Угушумча, алардын бөлүгүн Баткен тарапка жибериптир. Баламдын жанында жүргөн досун каза болду дешти, бирок менин уулум кабарсыз бойдон калды. Аны издеп телевидениеге да кайрылдым. Баткенге чейин барып келдим. Жашоодо тапкан жалгыз уулумду ушул күнгө чейин үмүт үзбөй издеп келем. Нарында тирүү тууганым деле калган жок. Үй-жайым жок, колхоздо кызмат кылып мамлекеттен батир күтүп, кезегим келбей өмүрүм өтүп кетти. Жалгыз тилегим уулумдун кабарын билсем, көзү өтүп кеткен болсо, жок дегенде эстелик тургузсам дейм. Уулум Ажиев Мукамбет Тургуналиевич, 1969-жылы туулган. Мүмкүн болсо, аны тааныгандардан же анын кабарын билгендерден жардам сурайт элем. Мукамбетке эмне болгонун билсем болду эле.

Карылар үйүндөгү кызматкерлердин сылыктыгы, мекеменин тазалыгы, аталар, апалар үчүн даярдалган тамактарды көрүп жүрөгүң жылыйт. Бирок мунун баары карыялар үчүн өз үйүнүн төрүн, балдарынын жылуу мамилесинин ордун баса албасы анык.

Карылар үйүндө бекер отурган эч ким жоктой. Бири короодогу бактарга кам көрсө, экинчиси гүлдөрдү өстүрүү менен алек болушат экен.


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Карылар үйүнүн жашоочусу: "Дайынсыз жоголгон баламды күн санап күтөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
AIZAD
2017-07-04 12:20:29
Келинге кор болгуча кенен жургондору деле жакшы экен, озу тендуулор менен.
-11
Varonin
2017-07-04 16:25:55
Бул жерде келинден дагы баккан баласы куноолу. Канча балалуу болуп аялын жакшы коруп турса дагы энесин эч качан таштабаш керек. Бейиш энелердин таманынын астында
+20
surgeon777
2017-07-06 17:24:10
Varonin,туура,эркек балдары эркек эмес да,кантип катынын ата-энесинен бийик коюшат! Эркектин уну канча бийик чыкса аялдын уну ошончолук назик чыгат дейт,аялдарына сес корсото албаган эркекти каблуктун астына кагып киргизип
салышат,аялынды сыйла,жакшы кийинт,тамак аштан кем кылба башка кем-карчын толуктап тур,бирок ата-эненди биринчи сыйлашын керек,себеби эртен сен балдардан ошондой кам коросун!
+6
_PeriWa_
2017-07-04 17:24:34
Кезек келбей дейт бечара ата ушинтип бир уйго жетпей,баласын издеп отуп кетет экен да бир кем дуйно...Иий ушу чондор кийин кантип жооб берет экен жеп ичкенин.. Бироосу бир башын которуп карапайым элди аралап жардам берсе болбойбу элдин алкышынан да чон соопко калмак...Эми шайлоо жакындап тим эле байкуш болуп чыгышат...
+14
Mumu1986
2017-07-04 18:19:21
Бул жерде чондорду куноолоо маанилууделе эмес. Озубуздон башташыбыз керек. Катын жакшы , эр жакшы дейт, келиндерда азыр ото " умный" болуп кетишти... Жакшыле Баланы бурмалап, апасын таштатканда- келиндер, " кой, эне бул- уйдун Куту, шамы"-деп куйоолорун туура жолго салчууларда ошолор.
Тиги Россияда балдары иштеген киши, айылда балдары менен жашоону энсейт экен. Калп эле ушул жерге конуп калдым дейт.(( Айылда, мал сал карап, небере ойнотуп...ким каалабасын? Балдарына на
+9
Mumu1986
2017-07-04 18:22:07
Балдарына наалат!
+3
Pandora
2017-07-04 22:19:57
Неге бир жалгыз эне 10балаеы бага алат? Неге жалгыз энесин 10бала бага албайт?! Аттин арман ай,окунучтуу дагдырлар.Баланы ото эркеда,катту колда болгон туура эмесго деймин ар кимдики озунун башына муш болот.
Мен болсо ар бир кунум,ар бир саатым ата-энемсиз отуп жатканына,каарып жаткандарын корбогонумо окунуп жашап жатам.Гор тирииликтин айынан(((
+2
daniel87
2017-07-05 00:19:37
Кудай сактасын ,кудай сактасын балдарынарга наалат,кудай жазаласын !ата ыраазы кудай ыраазы,бейиш таман алдында эненин,эч качан ата энесин жарытпаган ,башка бироону жарытпайт омур боюу!!!!кудай башым ооруп калды,ыссыкта жаш апам кантат деп биякта туруп алып ойум онго болунуп жатат иттер
+1
aragorn11
2017-07-05 10:58:03
Кудай сактасын!!! Аллаh ата-энесин минтип таштамак турсун, нааразы кылгандардан эч ыраазы болбойт! Ата-энени кууп чыкмак турсун аларга уфф дегенге да акыбыз жок! Балдары биз адамбыз деп кантип журушот. Ата-эне ичеби же ичпейби алардын туйшугун женилдете турган, алар карыганда сыйлап торго отургузуп караш биздин милдет! Айта берсе тугонбойт. Азыркылар глобализация деп эле ыйманды, абийирди, уят намысты унутуп эле унутуп калышты! Мындайдан кудай сактасын! Ата энеге канчасы зар болуп журот аттин!
+1
Djal1987
2017-07-05 17:15:33
Балдарын кызганып жаш келинди кордоп жон жашатпаган кыйын кайненелер бар огоо. Кээ бир бироонун чырактай кыздары канча кайнененин заарына чыдап жашашат.
-1
ACAH-AKA.
2017-07-05 19:54:51
Кудай сактасын ошондой келинден барынан жогу жакшы
Ошол келиндин тилине кирген уул уул болбой кара жерге кирсин занаңды ошентип жүргүчө өлүп алган оң
+3
ziash85
2017-07-10 23:19:10
Эч кимдин башына түшпөсө экен
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан