Дастан Шаршеев: "КЫРГЫЗ НАМЫСЫН САКТАДЫМ"

22-апрелде Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн TNA мелдешинде орусиялык Антон Калинин менен кез келип, калыстардын адилетсиз чечиминен улам жеңилүүгө аргасыз болгон. Буга макул болбогон кыргыз мушкери көпкө чейин рингден кетпей, калыстарды сынга алган. 27-июнда аталган беттештин реваншы орун алды.

ТАЛАШСЫЗ ЖЕҢИШ

Казань шаарындагы TNA мелдеши кайрадан зал толтура күйөрмандарды чогултту. Буга мыкты делген спортчулардын уруштары гана эмес, акыркы убакыттарда талкууга алынган Дастан Шаршеев – Антон Калинин беттеши себеп болду. Биринчи беттеште калыстардын чечимине нааразы болгон Дастан Шаршеев реванш алууга мүмкүндүк алган.
Анда алгачкы раунддан тарта кыргыз мушкери беттештин нугун колго алды. Анын чабуулдары атаандашына караганда таамай болуп, рингде активдүү иштеп жатты. Дастан Шаршеевдин буттары менен узатылган соккуларынан орус спортчусу бир канча жолу полго кулаганга аргасыз болду. 4 раунд бою мыкты беттеш көрсөткөн кыргыз спортчусу калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү аталды.

"БЕТТЕШ АЛДЫНДА КӨП СӨЗ АЙТЫЛГАНДАН КИЙИН ЖООПКЕРЧИЛИК КҮЧӨДҮ"

Беттештен кийин Дастан Шаршеев бир катар суроолорубузга жооп бергенге жетишти.

– Жеңиш кут болсун! Суроону дароо беттеш кандай өткөндүгү тууралуу баштайын...
– Беттеште алдын ала машыктыруучум айткан тактика боюнча иштедим. Көпчүлүк учурда буттар менен иштөө керектелди. Аны менен бир канча соккуларым таамай болуп жатты. 2-раунддан кийин колдор менен да көбүрөөк соккуларды узатайын деп жаттым. Бирок машыктыруучум баштапкы таризде беттешти улантуу керектигин айтты. Казань шаарындагы мекендештерге ыраазымын. Алар ар бир соккумду, чабуулга өткөн сайын "Дастан, Дастан" деп алга сүрөп жатышты. Реванштык беттешти көргөзмө катары уюштуруп коюшкандыгы капалантты. Мен жеңгеним менен Антон Калининди кийинки баскычка чыгарышты.

– Биринчи беттештен кийин 2 айдан соң реванш болду. Бул убакытты машыгууга гана арнасаң керек?
– Даярдыгым мыкты экендигин беттеш болуп жатканда байкадым. Анткени көп чарчаганымды сезген жокмун. Даярдыкты бир ай бою Таиландда өткөрдүм. Бул беттеш алдында көптөгөн сөздөр айтылгандыктан артка чегинүүгө жол жок болчу. "Коёнду камыш өлтүрөт, жигитти намыс өлтүрөт" дегендей, болгон күч-аракетти ушул беттешке арнадым. Эч ким алаксытпагандай болушу керек болду. Күнүнө 3 маал машыгуу, 7 чакырымдан ашык чуркоо, спарринг беттештерди өткөрүп жаттым.

– Биринчи беттештен кийин коомчулук бир сыйра дүрбөп кеткен. Ушунча окуя болгондон кийин жеңилип калсам эмне болот деген тынчсыздануу болуп жаттыбы?
– Албетте. Бул тууралуу ЖМКларга да чыгып, талкууга алынып кетти. Карылардан жаштарга чейин баары "намысты алдырба, кыргызды уят кылба" деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышса, жоопкерчилик күчөдү. Ошондо бул беттеште мен эмес, өлкөнүн намысы турарын түшүндүм. Ачыгын айтсам, беттеш алдында коркунуч сезимдери да болбой койгон жок. Спорт деген спорт, беттеш деген беттеш. Мында бир эле соккуну өткөрүп алсаң, жеңилүүгө дуушар болуп каласың. Утулуп калсам, уят эле болмокмун. Залда отурган көрүүчүлөр, түз эфирде миңдеген адамдар көрүштү. Кыргыз спортчулары эч качан артка чегинишпейт. Ата-энемдин, күйөрмандардын ишеничин актадым деп ойлойм.

– Көпчүлүк бул беттештерге акча үчүн чыгышат деп айтып келишет?
– Акча эч кандай роль ойнобойт. Анткени ар бир мушкер өз өлкөсүнүн желеги астында чыгып жатат. Мисалы, мен үчүн акчадан да маанилүү намыс турду.

– Негизи кайсы жакта жашап, машыгасың?
– Көп жерлерге чыгып турам. Бирде Москва шаарында же Таиландда, бирде Кыргыз өлкөсүндө болуп калам. Бардыгы каражат маселесине такалат. Мени колдоп келген агаларым бар, ошолорго ыраазычылык билдирем. Москва шаарында машыктыруучу болуп иштейм. Анда жаш спортчуларды тарбиялап, тажрыйбамды бөлүшүп турам. Алардын арасынан жигердүү жыйынтык көргөзгөн мыкты спортчулар чыкса, мен үчүн чоң жетишкендик болот деп эсептейм.

– Алдыда кандай пландар бар?
– Кичине эс алам. Азыр ар кандай беттештер боюнча сунуштар түшүп жатат. Алардын ар бирин карап чыгып, даярданууну баштайбыз. Келечекте эрежесиз урушка чыгуу максатын коюп жатам. Мен алгач ошол багытта спортко келгем, кайра эрежесиз урушка чыксам деген ойлорум бар.

Калыстардын бирдей чечими менен Дастан Шаршеев жеңүүчү деп табылды.


"Казань шаарындагы колдоо өзгөчө болду. Күйөрмандардын жеңишке кошкон салымы чоң".


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aikokul14
2017-07-04 09:44:59
Азаматсың Дастан,намыска жарадың!!!
+6
aiba-889290
2017-07-04 15:48:26
Азаматсын Дастан.Сенин женишин канча адамды кубантты.Канча адам 《ме сага ХХХ ХХХ》 деп тилин чыгарганын айтпаса да корунуп турат.
+1
admin_media
2017-07-04 16:57:38
aiba-889290, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат!
-3
Ayimkaaaaaa
2017-07-04 18:27:57
Азаматсыз Дастан!!!Сиз менен аябай сыймыктанам.Сиз чыныгы кыргыздын эр жигитисиз.Мындан ары да элибиздин намысын коргой бериниз.Аллахым ден соолук,куч кубат берсин.
+2
Babon
2017-07-04 22:37:52
Менда аябай ойлондум эле женилип калбаса экен деп,женилсе уят эле болмокда.Жакшы болуптур,женишин кут болсун,жарайсын!!!
+3
ggvatua
2017-07-08 16:10:46
Азамат,Дастан!!!Туз эфирден кордук!!!
0
Dastan.98
2017-07-10 14:54:05
Азаматсыз адаш!
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан