№763-САНДА ОЙНОТУЛГАН УТУШ-СЫНАКТЫН ТАЛАС ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Улукбек Нурбек уулу: «ГЕЗИТТИ ОН ЖЫЛДАН АШЫК УБАКЫТТАН БЕРИ ОКУП КЕЛЕМ»

– Улукбек, куттуктайбыз! Сиз жиберген жооптор туура болуп, утуш-сынактын жеңүүчүсү аталдыңыз.
– Рахмат! Жоопторду туура толтурууга аракет жасагам. Утканыма кубанып турам.
Өзүм Талас шаарынан болом. Гезитти он жылдан ашык убакыттан бери окуп келем. "Супер-Инфонун" 10 жылдыгына арналган утушка да катышкам. Бул жолу утканыма кубанычтамын. Гезиттен жүрөк сыры, тагдыр сыяктуу макалаларды көп окуйм. Айзада Сурабалдиева:

«СУПЕР-ИНФОНУН» АР БИР САНЫ КЫЗЫКТУУ ЧЫГАТ»

– Айзада, сиз жеңүүчү аталдыңыз! Гезитти качантан бери окуйсуз?
– Чоң рахмат! "Супер-Инфону" алгачкы саны чыккандан тарта эле үй-бүлөбүз менен окуп келебиз. Мурунку уюштурулган утуш-сынактарга да активдүү катышчубуз. Гезиттин ар бир саны кызыктуу чыгат. Андагы шоу-дүйнө тууралуу чыккан макалаларды кызыгып окуйм. Негизи ар бир беттеги макалалар өзгөчө чыкканы менен окумдуу. Ушунуңардан жазбагыла!


№762-санда жарыяланган Ысык-Көл облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган утуш-сынактын жеңүүчүсү Светлана Орозонованын белегин уулу Адилет Кулунчаков алып кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан