«ИВАНУШКИ INTERNATIONAL» ТОБУНУН ЭКС-СОЛИСТИ ОЛЕГ ЯКОВЛЕВ КӨЗ ЖУМДУ

2000-жылдары популярдуулуктун туу чокусун багынтып, миңдеген кыздардын жүрөк оорусуна айланган 3 жигиттен куралган "Иванушки International" деген орусиялык топ эсиңизден чыга элекпи? Албетте, хит артынан хит жараткан, Орусия эле эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө белгилүү болгон топту кантип унутасың?! Тилекке каршы, 29-июнь күнү аталган топтун күйөрмандарына суук кабар желдей тарады. Алар бир кездеги сары чачтуу кумиринен, тагыраагы, топтун экс-солисти, ырчы Олег Яковлевден айрылганын угушту.

ЫРЧЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛГОН?

28-июнь күнү "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти оор абалда Москва шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилгени, аппараттын жардамы менен дем алып жатканы тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Көп өтпөй ырчынын менеджери жана сүйүктүүсү Александра Куцевол: "Бул маалымат чын. Ырчыга пневмония дарты өтүшүп кеткен деген диагноз коюлуп, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Биз тынчсызданып жатабыз, бирок аны мыкты дарыгерлер карап жатканы үчүн баары жакшы болоруна ишенебиз",- деп билдирген. Бирок ак халатчандар ырчынын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Ооруканага жаткандын эртеси күнү, тагыраак айтканда, 29-июнь күнү таңкы саат 07:05 чамасында ырчы 47 жашында бул дүйнө менен коштошту. Туугандары ырчынын ден соолугунда көйгөй бир топ убакыт мурда эле пайда болгондугун, ага 20 жашынан тарта тамеки тарткандыгы себеп экендигин айтышууда.

КУУРЧАК ТЕАТРЫНДА ИШТЕГИСИ КЕЛГЕН ЭМЕС

Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында ата-энеси командировкада жүргөн маалда жарык дүйнөгө келген. Ырчынын апасы бурят кызы, орус тили мугалими болуп эмгектенген. Ал эми атасы өзбек улутунан.
Олег 1-классты аяктаган соң ырчынын ата-энеси жалгыз уулун жана андан улуу 2 кызын алып СССРге кайтып келишкен. Ошентип ырчы Иркутск облусунун Ангарск, андан соң Иркутск шаарларында музыкалык мектепте фортепиано классында окуйт. Мектепти аяктаган соң Иркутск шаарындагы театралдык училищени кызыл диплом менен аяктап, куурчак театрынын актёру болуп чыгат. Бирок келечектеги ырчы көшөгө артындагы актёр болууну каалабай, Москва шаарына чоң тилектер менен баса берет. Ал жактан Олег жогорку театралдык окуу жай – ГИТИСке тапшырып, Армен Жигарханяндын театрында актёр болуп иштеп калат. Ошол маалда жан багуу үчүн ал радиодо иштейт, жарнамаларга үн коштойт, бош убактысында көчө да шыпырат.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР ЖОЛУ

1998-жылы Олегге ийгилик жылмаят. Ал орус сахнасынын примадоннасы Алла Пугачёванын "Речной трамвайчик" аттуу ырынын клибине тартылат. Андан соң ошол кезде жаңыдан жылдызы жанып келаткан "Иванушки International" тобунун "Кукла" деген ырынын клибине топтун солисттери менен бирге тартылып калат. Көп узабай топтун солисти Игорь Сорин жеке ырчы болууну каалап топтон кетип, ордуна 3-солист болуп Олег келет. Олег келген соң "Иванушки International" тобунун "Тополиный пух", "Золотые облака", "Капелька света", "Иволга", "Безнадёга.ру", "Билетик в кино" сыяктуу хиттери жарыкка чыгат. 2012-жылдан тарта Олег жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган. Жеке ырчы катары "Танцуй закрытыми глазами", "Позвонишь мне после трёх шампанского", "Море синее", "В рапиде", "Новогодняя", "Мания" сыяктуу чыгармаларын күйөрмандарына тартуулаган. Чыгармачылыктан тышкары ырчы спорттун жеңил атлетика түрү менен алектенип, спорт чеберине талапкер болгон. Бош убактысын бильярд ойноо менен өткөрчү.

Олег Яковлев «Иванушки International» тобунда ырдап жүргөндө жылдызы жанып, миңдеген күйөрман топтогон.


Ырчы бир да жолу үйлөнгөн эмес. Өмүрүнүн соңку жылдары өзүнүн менеджери менен жарандык никеде жашап жүргөн. Ырчы каза болгон күнү сүйүктүүсү интернеттеги баракчасына: "Бүгүн саат 07:05те менин жашоомдогу негизги мырзам, менин периштем, менин бакытым көз жумду. Уч, Олег! Мен ар дайым сени мененмин!" деп жазып чыкты.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Uzakova.Z.A
2017-07-04 10:19:19
Аии озбек экен да ошондо
0
nurzada78
2017-07-04 10:37:16
Ооба,апасы бурят кызы 42 жашында,атасы озбек 18 жаштагы жигит болгон дешет,анан Олег торолот экен,бирок Олег атасын бир дагы коргон эмес дейт басылмаларда,азыр атасы журсо керек Ташкентте!
+1
Gulia89
2017-07-04 15:33:30
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
uli1988
2017-07-05 08:58:59
Спидден олду дешип ататко орусия басылмалары
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан