ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-июлдан 9-июлга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Аптада акча маселеси жакшы чечилет. Ошондой эле жолго чыгуу маселеси ортого коюлуп, жакындарыңыз менен жакындан сүйлөшүүлөр жүрөт. Жагымдуу кабар угасыз. Үй тиричиликтен бир аз четтеп, эс алууга басым жасайсыз. Мунуңузду жылдыздар колдойт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жеке иштериңиздин аягына чыгып, каржы жагына ийгиликтүү кадамдарды таштайсыз. Каржылардын канча өлчөмдө келип түшүүсү аракетиңизди канчалык эрте баштаганыңыздан көз каранды. Баарлашууларды азайтып үй-бүлө, чарба иштерине көңүл буруңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Уясындагы үлүлдөй болбой жалгыздыктан арылыңыз. Жеке иштериңизге көп көңүл буруңуз. Пландарды ишке ашырууда туугандарды, чөйрөдөгү жакын санаалаштарды жардамга тартыңыз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Каржы, жолго чыгуу маселеси ийгиликтүү чечилет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Айрым шан-шөкөттүү топтордон бөлүнүп, өз алдыңызча иш баштайсыз. Иштериңиз, каржы жаатындагы пландар ойдогудай ишке ашат. Пландар максималдуу ишке ашуусу үчүн мүмкүн болушунча бир сырдуу болуңуз. Сырдаш адамдарыңыздан гана кеңеш сураңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада калыс болуңуз. Кесиптештерди да, досторду да тегиз караңыз. Эки жакка тең убакыт таба билиңиз. Минтүү менен баарынын сый-урматына ээ болуп, жүрөк өйүгөн көптөгөн көйгөйлөрдү оңой чечесиз. Көңүл көтөргөн сүйлөшүүлөр орун алат. Андыктан оптимисттик маанайда болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада жумушта жана жеке турмушуңузда өзүңүздү эркин сезесиз. Баары өз нугуна түшкөндөй сезилет. Баарынын мындай оң чечилишине башка аймактык адамдар, тиешелүү органдар, диний көз караштар себепкер болот. Жалгыз аракеттенсеңиз да жыйынтыгы жаман болбойт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Буга чейинки эмгегиңиздин түшүмүн жыйнап калууга үлгүрүңүз. Чет жердегилер менен көп алака түзүлөт. Укук коргоо органдарына байланыштуу маселелерди кесиптештер, достор аркылуу чечкениңиз оң болот. Антпесеңиз жыйынтык сизди канааттандырбайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада өнөктөштөр жана жубайыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр күтүлөт. Акча маселеси да ойдогудай чечилет. Айрым көйгөйлөрдү чечүүдө кесиптештердин, чет жактагы тааныштардын жардамына таянганыңыз туура. Карама-каршылык көбөйгөн учурда ийгиликти күтпөй эле коюңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада ден соолук, жумушуңуз сиз ойлогондой болот. Карыз, насыя маселелери жакшы жакка чечилет. Жубайыңызга болгон сүйүүңүз артат. Үй-бүлөлүк жагымдуу жагдай түзүлөт. Алыстагы адамдар менен да жакшы тил табышасыз. Баарын бузуп албоо үчүн шашмалыкка алдырбаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Эс алуу, балдар жана ден соолук маселеси алдыңкы орунга чыгат. Каржы маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Буга жубайыңыздын да катышуусу керектигин жылдыздар эскертет. Башка иш-аракеттер менен катар жумушуңузга да маани бериңиз. Жумушта жагымдуу жаңылыктарга ээ болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз бул аптада үй тиричилик жумуштарына жана ата-энеңизге көп көңүл бурасыз. Үй-бүлөлүк чогуу эс алуулар да четте калбайт. Жубайыңыздын айрым кылыктарына көңүл бурбаңыз, жумуштан алагды кылат. Бойдокторго шаршембиден баштап кайырмак ыргыткандар четтен табылат.

Балык (20.02-20.03)
Апта ичинде жакындарыңыз менен көп баарлашасыз. Жолго чыгуу, ата-энеден кабар алуу, үй чарба иштери, балдарга тиешелүү маселелер алдыңкы орунга чыгат. Жумуш да унутта калбашы керек. Кандай маселе болбосун оң жагына чечилет. Жүрөк жылыткан жагымдуу сүйлөшүүлөр күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан