Кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева Түштүк Кореяда өткөн "Asian Model Festival" сынагында "Орто Азиянын мыкты модели" деп табылды. Сынак тууралуу Мээрим: "Бул иш-чараны Түштүк Кореянын моделдик ассоциациясы уюштурган. Жалпы 27 өлкөдөн 3төн модель катышты. Алар
2 ай мурда кастингден тандалып алынган. Мен кастингге катышкан эмесмин. Уюштуруучулар тарабынан мага чакыруу келген. Коңшу мамлекеттерден Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан катышуучулар чакырылган эмес. Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен мени мыкты деп тандашты",- деп айтып берди.
"Asian Model Festival" сынагы 12 жылдан бери Кореянын мода ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүп келет. Ал эми аталган сынакка Кыргызстан 2015-жылдан тарта катыша баштаган. Былтыр Кыргызстандын атынан Айжамал Осмонова катышып, ал да "Орто Азиянын мыкты модели" наамын эңип келген.