Бир кезде кыргыз көрөрмандары жана башка дүйнө элдери кызыгуу менен көргөн "Зита-Гита" индия тасмасынын кыргызча ремейки тартылат. Бул тууралуу режиссёр Ырыс Жоомартова бизге кайрылып: "Ушул жылдын жай мезгилинде "Зита-Гита"тасмасынын кыргызча вариантын тартайын деп жатам. Анда сценарийдин айрым жерлери өзгөртүлөт, бирок мазмуну ошол бойдон калат. Жана дагы аталышы "Апал-Үпөл" болот" деп билдирди.
Эгер сиз тасмага тартылууну кааласаңыз кастингге катышып, талантыңызды баамдап көрүңүз. Кастингге бири-бирине тамчыдай окшош, сулуу эгиз кыздарды, айымдарды жана мырзаларды чакырабыз.
Кастинг: 2-июль, саат 9:00-13:00
Дареги: И.Ахунбаев көчөсү, 142, "Donna" сулуулук салону.