Ырчы Малика Динага козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Чүй ОИИББнин маалыматына караганда, кылмыш иш жабырлануучунун тосмо арызынын негизинде токтотулган. Ал эми документтерди жасалмалоо боюнча Малика Динанын күнөөсү далилденген эмес.
Айта кетсек, Малика Дина 17-май күнү эртең менен Дубайдан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалган. Бирок ошол эле күнү ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, операция жасалган болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча иш козголуп, "ижарага алган унааны кайтарып бербей, башка адамга сатып жиберген" деп айыпталган. Ага 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту сыртынан аны камакка алуу чечимин чыгарган.