– Кандайсың, Мирбек? Үй-бүлө, ден соолук, иштер жакшыбы?
– Баары жакшы, рахмат. Орозо айында көп иш бүтүрдүм, ошондой эле жакшы иштерге кадам таштадым. Ойлонуп көрсөм, Кудайга шүгүр, чыгармачылык жактан ийгиликтер жаралып, жашоо өз нугунда бара жатат. Бирок медициналык кароодон көптөн бери өтө элек экенмин, ден соолукка убакыт бөлдүм. Буга чейин чыгармачылык деп жүрүп өзүмө убакыт бөлбөптүрмүн. Тил жагынан да аксап жүрүптүрмүн. Чет өлкөгө көп чыгабыз, башка улуттун ырчылары менен баарлашабыз, ошондо кыйналып калам. Андыктан араб, англис тилдерин үйрөнө баштадым.
– Спорт залга да бара баштаганыңды билем.
– Толук машыга баштадым дебейм. Жүрөгүң менен каалабасаң ар кандай шылтоо табыла берет экен. Буга чейин «машыгыш керек эле» деп жүрө берчүмүн. Бир жолу атайын чыгынып өзүбүз жашаган үйдүн жер төлөсүндөгү машыгуу залына түшсөм, кашайып дем алыш күн экен. Мага буюрбайт экен деп койдум. Анан өткөндө ошол залдын машыктыруучусу менен жолугуп калсам, «эмне спорт залга келбейсиң?» дейт. «Мен орозомун» десем, «мен деле» деп намысыма тийип койду. Ошентип спорт менен достошууну жок дегенде үйдөн баштайын деп, азыр ар кандай көнүгүүлөрдү жасай баштадым.
– «Жылдыздын үйүндө конокто» деген рубрикабыздан улам апаң менен чогуу турган үйүң менен таанышканбыз. Үйлөнгөн соң өзүнчө бөлүндүңөр беле?
– Менин үйлөрүм көп. Сиз айтып жаткан үйдө ата-энем жашайт. Биз азыр көп кабаттуу үйдөгү батирде турабыз. Керектүү учурда айылдагы үйүбүздө деле жашайбыз.
– «Кээде эч нерсе кылбай жаткым эле келет» деп каласың, ошондо сени алга сүрөп турган Мээримби?
– Андай деле эмес. Үйдүн ичиндеги жумуштарга бир топ эле жалкоомун. Себеби баары эле аял кишиге тиешелүү жумуштар экен. Ал эми сырткы жумуштар, албетте, менин моюнумда. Экөөбүз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз.
– Жубайың бир кезде журналисттик кесипти аркалачу эле, таштадыбы?
– Алпаруучулук менен алектенгенде Мээрим болгону 13 жашта болчу. Мындай куракта адам өзүнүн шыгын ар кандай кесипте байкап жүргөн учур болот. Мага 20 жашында турмушка чыкты. Учурда борбордогу сулуулук салондордун бирин иштетет. Андан тышкары да бир нече иш менен алектенет.
– Учурда кыргыздын сахнасында сап башындагы ырчылардын бирисиң. Ушундай деңгээлге жеткенден кийин сага дагы кайсы нерселер тынчтык бербей, алга жылууга стимул болуп жатат?
– Футболдо коргоочулар, чабуулчулар бар. Коргоочуларга караганда чабуулчулар көбүрөөк белгилүү болушат, анан көбүрөөк акча табышат. Чыгармачылыкка аттанганы чабуулчулардын ордун ээледик, жеңдик, жакшы ырларды чыгардык. Анан популярдуу болуу оңой, аны кармап калуу оор деген ойду терең кабыл алып, ошол максатта иштеп келген экенбиз. Ал коргоочунун ролу. Чыгармачылыкта жүргөн 10 жылымдын 5 жылында чабуулчу болсом, 5 жылында коргоочу болуп келиптирмин. Эми убагы келди, кайра чабуулчуга айланыш керек. Мисалы, бизди Казакстанга чакыргандар көп. Ал жактын ырчыларынын арасында бизди тааныгандар бар, ортодо карым-катнаш жакшы. Азыр ойлосом, бош убактым көп экен, эмнеге чет мамлекеттерде да популярдуу болууга болбосун деп жаңы деңгээлге, жаңы горизонтко чыгууну тилек кылып жатам. Учурда ошонун негизинде түзүлгөн пландардын үстүнөн иштеп жатабыз.
– Кандай ыр ырдаба көбү элге жайылып, хит болуп кетет. Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасың?
– Кээ бир ырчыларга чын эле Кудай талант берген, бирок талантын туура колдоно албайт. Айрымдардын таланты аз, бирок аракети, эмгеги чоң. Элге кандай ырлар өтөт, сезе алат. Ыр тандоонун өзү саясат. Ырды каякта ырдайм, эл кандай кабыл алат деп ойлонушуң керек. Бир жылда ашып кетсе 2 жай ыргактагы ыр чыгаруу жетиштүү. Калганы элдин маанайын көтөрүү үчүн шаңдуу болгону жакшы.
– Айрымдар "Мирбек Атабеков кайсы эмгеги үчүн Эмгек сиңирген артист наамын алды" деп сын айтышты, сенин оюң кандай?
– Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирлер сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар, чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет.
– Бул наам сага эмне берди?
– Ачыгын айтканда, материалдык жактан бизге пайда алып келбейт. Бирок медициналык кароодон өмүр бою бекер өтсөң болот экен. Ал-күчүм барда бул кызматты пайдалануудан алысмын. Ошентсе да наамдын өзүнүн даражасы бар.
– «Менин күнүм балам Адамды бала бакчага алып баруудан башталат» дедиң эле...
– Уулум Адам экиде. Үйдүн жанындагы бала бакчага алып барам. Бакчага бир жарым жашында эле берип салганбыз. Себеби өз алдынчалыкка кичинесинен көнгөн. Өтө активдүү. Бир жолу бир бакчага алып барсак, «сиздин уулуңуз 3 балага кетчү энергияны алат экен» деп тамашалашты. Биз апасы экөөбүз анын жанында пластилинбиз. Бизден ат жасап минип алат, кааласа илбирс да кылат, үстүнкү текчеден бир нерсе алыш керек болсо, шаты да болуп беребиз.
– 2 өкүл балаң бар эмеспи, каалоочулардын баарына эле өкүл аталык кыла бересиңби?
– Жок, албетте. Турмушка болгон көз карашыбыз, ой-мүдөөлөрүбүз туура келеби, караш керек. Менин өкүл балдарым чыгармачыл чөйрөдөн. Бек Исраилов келинчеги менен, «Style Mix» триосунун солисти Адилет Эркинбек уулу жубайы менен. Мен аларга каржы жагынан гана эмес, руханий жактан да жардам бере алат экенмин.
– Азыр өлкө президенттик шайлоо алдында турат. Ким кыргызга мыкты журт башчы болот эле деген ойдосуң?
– Негизи саясатка кызыкпайм. Саясаттын баары интрига, негатив. Ишенсеңиз, социалдык тармактарды кароого да кызыкпайм. Бирок чыгармачыл адам болгондон кийин баракча ачып, күйөрмандар менен байланышта болгонубуз туура. Ал эми мекенимдин жараны, ырчы катары шайлоолорго активдүү катышам. Бул сапар деле буга чейин колдоп келген Өмүрбек Бабановду колдойм.
– Устат катары жаштарды тарбиялайын деген оюң барбы?
– Бирөөгө ырдоонун эрежелерин үйрөтпөй, эргүү беришим керек деп ойлойм. Адамда эргүү болмоюнча билип турган нерсесин да кылбайт. Муну өзүмдүн тажрыйбамдан улам жакшы билем. Мен деле көзү өтүп кеткен залкарларыбыздын, ар кайсы улуттун ырларын угуп тарбияландым, эргүү алдым. Андыктан калың журт, анын ичинде жаштар үчүн мыкты ырларды жаратуу милдетим деп эсептейм.
– Рахмат, ой-максаттарыңдын орундалышына тилектешпиз.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg