Валентина Шевченко, UFC мушкери: «9-ИЮЛДА UFC ЧЕМПИОНУ АТАЛЫШЫМ КЕРЕК!»

Кыргыз жеринен чыккан эң белгилүү спортчулардын бири Валентина Шевченко учурда эрежесиз уруш боюнча UFC уюмун дүрбөтүп жаткан убагы. Анда 62 килограмм салмак ченинде бир катар беделдүү атаандаштарын жеңип, 9-июлда чемпиондук кур үчүн октагонго чыгат. Бул беттештин алдында ушундай даражага кандайча жеткендиги жана кандай жолдорду басып өткөнү тууралуу кенен баяндап берди.

Аты-жөнү
– Валентина Шевченко Анатольевна
Каймана аты – «Ок» ("Тhe Bullet")
Туулган жылы – 1988-жыл, 7-март
Туулган жери – Бишкек, Кыргызстан
Жетишкендиктери – Тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFC уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

«СПОРТ МЕНЕН ТААНЫШУУ «ФУЧИК» СЕЙИЛ БАГЫНДА БАШТАЛГАН»

– Мен Бишкек шаарында төрөлгөм. Апам Елена Шевченко таэквондо боюнча кара кур ээси, 3-дан. Андыктан эжем Антонина экөөбүз спорттон алыс кеткен жокпуз. Беш жашымда «Фучик» сейил багындагы таэквондо секциясына алып барган. Эжем экөөбүздү Павел Федотов машыктырып баштаган. Ошол кезде жолубуз ушундай деңгээлге чейин жетет деп эч кимибиз ойлобосок керек. Алгачкы мелдештериме 6 жашымдан тарта чыга баштагам. Кичинесинен тартып мелдештерге чыгуунун артыкчылыгы спортчунун калыптануусуна өбөлгө түзөрүн түшүнүп жатам. 12 жашымда алгачкы профессионалдык беттешке Орусияда чыктым. Атаандашым менден 5 жаш улуу эле. Элестеткиле, 17 жаштагы спортчу менен 12 жаштагы мени. Ал беттешти жеңип алгам. Устатыбыз бизди бир канча спорт түрү менен машыктыра баштады. Ал кезде Кыргызстанда кулатуу, кикбокс, ушу-саньда сыяктуу спорт түрлөрү жайыла баштаган. Павел Федотов «бир эле спорт түрүн өздөштүрсөңөр, атаандаштын алдында алсыз болуп каласыңар» деп көп айтчу.
2003-жылы Түштүк Кореяда ММА боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңсем, ошол эле жылы тай боксу боюнча ИФМА версиясы боюнча Дүйнө биринчилигин утуп алгам. Булар менин алгачкы эл аралык мелдештердеги жеңиштерим эле, алар алга умтулуума чоң түрткү болгон. Учурда менин тай боксу, К-1 жана ММА боюнча 17 дүйнөлүк наамдарым бар. Кызыгы, учурдагы UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Жонна Йенжейчик менен тай боксу боюнча Дүйнө биринчиликтеринде 3 жолу кезигип, бардыгында жеңишке жетишкем.

«ӨСҮҮ ҮЧҮН ӨЛКӨДӨН ЧЫГУУ КЕРЕК БОЛДУ»

– Ошол кезде машыктыруучубуз Павел Федотов спортчу катары өсүш үчүн жогорку деңгээлдеги мелдештерге бат-баттан чыгуубуз керектигин түшүндүрөт эле. «Алга кетүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл» деп айтчу. Алгач 2005-жылы Орусиянын Сочи шаарына бардык. Ал жактан тай боксу, бокс жана ММА менен машыгууну улантып, мен 4 жолу тай боксу боюнча Дүйнө чемпиондугун багынттым. Профессионалдык беттештерге чыгып, аягында биз менен чыга турган татыктуу атаандаш калбай калды. Ошентип Латын Америкага барууну туура көрдүк. Тагыраагы, Перу мамлекетине көчүп кеттик. Биз, Павел Федотов жана эжем экөөбүз тай боксу боюнча семинарларды өткөрүп баштадык. Перу гана эмес, Бразилия, Аргентина, Парагвай жана Мексикага чейин бардык. Антонина экөөбүз аталган өлкөлөрдүн чемпиондору менен күч сынашып, бардыгын жеңгенбиз. Муну менен чектелбей, жыл сайын бир канча ай Таиландда, Макао, Кытай жана Малайзия өлкөлөрүндө машыгууларды өткөрүп жаттык. Дүйнөнү кезүү мол тажрыйба, алга умтулуу жана кызыктуу жашоо тартуу кылат экен.

«UFC`де САРА КАУФМАНГА ЧЫГАСЫҢБЫ?» ДЕШТИ, ОЙЛОНБОЙ ТУРУП ЧЫГАМ ДЕДИМ»

– Американын Орландо шаарында өтө турган UFC уюмунун мелдешине биз Балиде жүргөндө сунуш түшкөн. Эс алууда жүргөндө менин менеджерим Роджер Аллен чалып «UFC`де Сара Кауфманга чыгасыңбы?» деп сураганда, ойлонбой туруп чыгам дедим. Негизи ойлонууга бир саат убакыт берген экен. Беттеш болоруна бир жумадай гана убакыт калган. Дароо келишимге кол коюп, биринчи рейс менен машыгууга Орландого учуп кеттик. Strikeforce чемпиону болгон Кауфманды 3 раунддун жыйынтыгында жеңип алдым. Бул жеңиштин артынан UFC жетекчиси Дана Уайт аталган уюмда дагы 7 беттеш өткөрүү келишимин сунуштаган.
Октагондо урушуу өзгөчө. Мында тай боксунун стили ылайыктуу, күрөшүүгө дзюдо менен эркин күрөш ыкмаларын өздөштүрүү керек. Партерде грепплинг менен жиу-житсу ыкмаларысыз көпкө узабайсың. Мунун бардыгы ММА спортчусун калыптандырат. Бүгүнкү күндө ММА уруш түрү эмес, өзүнчө спорт болуп калды. Кыргызстанда бул өнөр 1993-жылдан тарта эле бар. 2001-жылы Кулатуу-Эр таймаш федерациясына баш багып, 7-10 жаштагы балдардын машыгып жатканын көрүп, бул балдардын келечеги бар деп ойлоп койгом. Азыр ошондой эле болду, мен көргөн жаш балдар учурда күчтүү ММА чеберлери болуп чыга келишти.

«АМАНДА НУНЬЕС МЕНЕН ЧЕЧҮҮЧҮ БЕТТЕШ БОЛОТ»

– Ушуга чейин UFC уюмунда 4 беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңип, бирөөсүндө утулуп калдым. Анда бразилиялык Аманда Нуньеске жеңилгем. Азыр ал мушкер учурдагы чемпион саналса, мен ошол салмакта рейтингде 1-орундамын. 9-июлга караган түнү Лас-Вегаста Аманда Нуньес экөөбүздүн ортобузда беттеш орун алат. Башкы максат – чемпиондук курду жеңүү. Бул беттешке машыгууларды АКШнын Колорадо штатында өткөрдүк. Даярдык деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийик жерде болуп жатты. 5 мүнөттүк 5 раунд марафонго чыккандай эле болот. Бул үчүн атайын чыдамдуулукка басым жасоо керектелди. Жеңишке ишенем жана буга жетүү үчүн бардык аракеттерди көрөм. Албетте, мекендештеримдин колдоосу мен үчүн абдан маанилүү болот.

Елена Шевченко, апасы: «ВАЛЯ ҮЙГӨ КАРООСУЗ КАЛГАН МЫШЫК МЕНЕН ИТТЕРДИ АЛЫП КЕЛИП АЛЧУ»

– Кыздарым Бишкекте төрөлүп, өсүштү. Жаштайынан эле спорт менен машыгууга берип койгонума сүйүнөм. Ушундай жетишкендиктерге жетишип жатышкандарына сыймыктанбай коё албайсың. Валентина кичинекей кезинен эле шайыр, токтоо болуп чоңойду. Анын достору да көп эле. Кыздарым бий, ырдоо жана сүрөт тартуу менен да алектенишчү, бирок алардын арасынан спорт кызыктуу болгон окшойт. Алар спортко келгенде мен тай боксу боюнча машыктыруучу элем. Энеси болгондуктан, мен алар үчүн машыктыруучу болгум келген жок.
Валя кичинекей кезинде үйгө кароосуз калган мышык менен иттерди алып келип алчу. Бир жолу кышында ал көчөдөн чычкан таап келиптир. Чоң апасы дароо чычканды жогот деп чыккан. Бирок Валентина менен Антонина болбой эле чычканды үйдө багып алышкан. Бир шумдукту башташса, экөө ушинтип чогуу башташат эле. Мына, спортто да ушинтип жүрүшөт.

Антонина Шевченко, эжеси: «АНЫН МҮНӨЗҮНӨ СПОРТ ТӨП КЕЛГЕНДЕЙ»

– Сиңдим менен башынан эле мамилебиз жакшы. Бир туугандар кичинекей кезинде урушуп-талашат эмеспи, бизде андай деле болгон эмес. Мени ар дайым угат эле. Эстесем, эжеси катары ар кимден коргоо деген деле болбоптур. Анткени Валентина өз алдынча болуп өстү. Чогуу спортко аттанып, ийгиликтерге да чогуу жеттик. Анын жашоосун спортсуз элестетүү мүмкүн эмес. Биз эч качан бири-бирибиз менен рингге чыгып, атаандаш болуп көргөн эмеспиз. Машыгууларда гана спарринг беттештерди өткөрүп келебиз. Бош убакыты болуп калса да, аны кыймыл менен өткөрөт. Ок атуу боюнча бир канча мелдештердин жеңүүчүсү болду. Бий боюнча да профессионалдуу түрдө машыгат. Валентинанын мүнөзүнө спорт төп келгендей.

«Канчалаган өлкөлөрдө болдум, канчалаган адамдарды көрдүм, бирок мага техастыктардын стили жагат».


«Жеңишке жетүү үчүн бир команда болуп иштейбиз».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Apsi
2017-07-11 10:33:35
Супсулуусуз Валентина!
+5
Rajab
2017-07-11 12:04:41
каап мелдеш болбой калды кантсе да Нунус отмазит этти Эми сага ийгилик чемпиондук курдун ээси бол озунду бир корсот
+7
maks.kgz
2017-07-11 15:17:06
алга вася
+3
shadyeva
2017-07-12 07:30:00
Ийгилик
+2
realbek89
2017-07-13 00:07:44
Эки созунун биринде Кыргызстанды мактайт экен,ошон учун кандай жардам керек болсо бериш керек мамлекет,финансы жагынанбы же башка жагынанбы.Дуйнолук аренага Кыргызстандын желегин алып чыгып жатат кантсе дагы.
Ийгилик Валентина биз сени мененбиз!!!
+4
roni.07
2017-07-14 18:24:52
Алга алга жана алга. Страшная Аманданы биринчи раундта нокаут кылып койчу
0
asanova1984aida
2017-07-16 17:59:08
Жаным го,жаным.Суйом го,суйом.Алга-ааа
0
milica
2017-07-17 20:06:12
super!
otlichno!! [img]http://www.super.kg/upload/images/766/16.5.jpg[/img]
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан