№764-САНДА ОЙНОТУЛГАН УТУШ-СЫНАКТЫН ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Бектурсун Касымалы уулу: "ЖООПТОРУН ТҮНҮ БОЮ ИЗДЕП ЧЫКТЫМ"

– Куттуктайбыз, сиз жеңүүчү аталдыңыз! Бул утушка кантип катышып калдыңыз?
– Чоң рахмат! Чынын айтсам, утканыма ишенбей турам. Абдан сүйүнүп жатам. Өзүм Ош облусуна караштуу Кыргыз-Чек айылынан болом. 17 жаштамын. Ош облусуна ойнотула турган санды күтүп жүргөм. Суроолордун жоопторун түнү бою издеп чыктым окшойт. Жоопторун таап, почтага салайын десем, жабылып калыптыр. Эртеси гана почтадан салганга жетиштим. 3-4 жылдан бери сиздердин гезитти калтырбай окуп келем. Өзгөчө ашкана тууралуу жазылган макалалар жагат.

Нуржанат Муртазаева: "СУПЕР-ИНФОНУ" 10 ЖЫЛДАН БЕРИ КАЛТЫРБАЙ ОКУЙМ"

– Байгеңиз кут болсун! Сиздин жоопторуңуз туура болуп, жеңүүчү табылдыңыз.
– Рахмат! Качан мага чалат болду экен деп өзүм деле күтүп жаткам. Анткени суроолорго жоопту туура тапканымды билгем. Мен 51 жаштамын, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын тургуну болом. Аталган айылдын ооруканасынын диагностикалык-лаборатория бөлүмүнүн башчысымын. "Супер-Инфону" 10 жылдан ашык убакыттан бери окуп келем. Саясат, турмуш макалалары кызыктуу жазылат. Сериалдарды калтырбай окуйм.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sveta23
2017-07-11 18:08:46
Менин Нуржан Абжем го. Байгеңиз кут болсун абже
0
EDIKO_YSA
2017-07-11 20:44:46
Байге кут болсун!
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан