Эгиз кызынын түгөйүн издеген ата-эне: "УЗИДЕН 2 ЖҮРӨКТҮН СОГУШУН КӨРГӨНБҮЗ, ТӨРӨТТӨ БИР БАЛАНЫ ЭЛЕ КАРМАТЫШТЫ"

Чыбыевдердин үй-бүлөсү 9 ай бою эгиз кыздуу болобуз деп даярданып күтүп келишкен. Алар Балыкчы шаардык бейтапканасында каттоого туруп, 2016-жылдын октябрь айынан тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. 6-июнда төрөт үйүндө алар эгиз төрөлгөн наристелеринин бирин төрөтканадагылар алып коюшту деп күмөн санаса, дарыгерлер бул сөздү четке кагышууда.

"ЭНЕ ДЕГЕН КУРСАКТАГЫ БАЛДАРЫН СЕЗЕТ"

Махабат Намазбекова, апасы:
– Былтыр сентябрдын аяктарында кош бойлуу экенимди сезип, менчик эмканага УЗИге баргам. Бир айлык мөөнөт болсо да, эки түйүлдүк экени билинип калыптыр. Биздин тукумубузда эгиздер бар болгонунан, бизге да ошол бакыт буюруганына кубанып, жолдошума сүйүнчүлөгөм. Мен буга чейин эки жолу бала көтөргөм, жалгыз баланы көтөрүү кандай болорун жакшы эле билип калгам. Эне деген курсактагы баласы канча экенин сезет да. Кийин балдар бир аз чоңоё баштаганда эки баланын тепкенин, кыймылын, жадакалса башы менен ылдый жатышканын да кадимкидей эле сезип-билчүмүн. Улуу балдарымдын экөөсүн тең кесарево жолу менен жарыкка алып келгем. Эки жолу тең толук наркоз беришкен. Ал эми бул жолу жүлүнгө (белге) эле сайышты. Наркоздун мындай түрүндө ойгоо болгонуң менен, айланадагы болуп жаткан нерселерди толук түшүнбөй, эс-мас боло түшөт экенсиң. Мени операция отургучуна отургузгандан кийин белден ылдый мага көрүнбөгөндөй кылып тосмо менен жаап коюшту. Операцияга жолдошум катышат дешкенинен, ал карап турат го деп анча деле кабатыр болгон эмесмин. Көрсө, аны киргизишпептир. УЗИнин көрсөткөнү, өзүмдүн жеке энелик сезимим менен ымыркайлар эгиз болоруна толук ишенип, кыздарга окшош кийимдерди алып даярданып койгонбуз. 9 ай бою эгиз күтүп, кош бойлуулуктун азап-тозогуна чыдап, бир эле кызымды кармап отуруп калдым.

"АР БИРИНИН САЛМАГЫ 500 ГРАММДАН ДЕП АЙТЫШКАН"

Данияр Чыбыев, атасы:
— Келинчегим майга чейинки убакыт аралыгында УЗИге 7 жолу түшкөн. Алардын төртөөсү мамлекеттик эмканада, калганы менчик эмканада болгон. 20-21-жумаларда мамлекеттик эмканадагылар "балдар жабышып калышы мүмкүн" деп Бишкекке багыттама жазып беришкен. Борбордон УЗИ-допплерге түшкөнүндө "балдар жабышпай эле, экөө өз-өзүнчө чоңоюп жатышат. Ар биринин салмагы 500 граммдан" деп монитордон эки кыздын жүрөктөрүнүн кантип согуп жатканын, колдорун, буттарын келинчегим экөөбүзгө даана көрсөтүшкөн. Кийин, 31-майда Махабаттын ичи ооруганынан Балыкчы шаардык ооруканасына кайрылганыбызда сактоо бөлүмүнө жаткырышкан.
Операцияга менин катышарым алдын ала сүйлөшүлгөн болчу. Төрөт белгиленген 6-июнь күнү эртең менен төрөтканага бардым. Келинчегимди саат 8:30да операцияга алып кирип кетишти да, мени башка палатага жаткырып коюшту. Саат 9:06да ыйлай элек бир кызымды алып келип, менин жанымдан ыйлатып, үстүмө жаткырып коюшту. Бизди күтүп жаткан кайненем биздин палатадан сырткары дагы башка жакта ымыркай ыйлап жатканын угуп, төрөт залынын эшигин ачып жиберсе, ал жерде халаты жок эле кадимки кийимчен 3 аял, жанында ымыркай жатканын көрүптүр. Бирок бир кызматкер чыгып "силерге бул жакка кирүүгө болбойт" деп эшикти жаап алыптыр. Биздин билишибизче, ал күнү кечки саат 4төргө чейин менин келинчегимден башка эч ким төрөмөк эмес. Ошондуктан тиги залда жаткан ымыркай кимдин баласы, төрөт залындагы 3 аял ким, эмнеге алдын ала сүйлөшүлгөндөй операцияга мен кирбей калдым деген суроолор жаралып, күмөн ойго түртүп жатат. Андан тышкары, бул төрөтканада адатта кесарево жолу менен төрөгөндөрдөн операцияга 7000 сом, ага кошумча наркоз үчүн 1800 сом алышат экен. А бизден негедир 1 сом да сурашкан жок.
Улуу балдарым да Балыкчы шаардык төрөтканасында төрөлгөндүктөн, ушул жерге ишеним көрсөтүп, "операцияны жасатууга макулмун" деген тил кат жазып бергем. Биз эгиздин түгөйү бар беле деген күмөн ой менен жашай бере албайбыз. Бул боюнча керектүү жактарга арыз менен кайрылгам. Биз жеңилбей, өз алдынча да иликтейбиз. Аны операция жасаган хирург Айдаралиевага да айттым.

"Кош бойлуулуктун 35-36-жумасындагы УЗИ тыянагы".


"КИМДИР БИРӨӨЛӨР МЕНИН БУЛ ОРУНДУ БОШОТУП БЕРИШИМДИ КААЛАП ЖАТЫШКАН ОКШОЙТ"

Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы, акушер-гинеколог Тилек Айдаралиева бул окуя боюнча мындай дейт:
– Данияр Чыбыев келинчеги кош бойлуу кезинде хирург Шактыгүл Буржуева экөөбүзгө келип, операцияны биздин жасашыбызды суранган. Балдардын атасы бизге ишеним көрсөткөн тил катын да жазып, кол коюп берген. Эми минтип каралап жатканы жакшы эмес көрүнүш болуп жатат. Биздин оорукана мамлекеттик болгондуктан, төрөтканадагы бейтаптардан же жакындарынан дарыгерлер акча сурайт деген түшүнүк жок. Буга чейин бизде мындай окуя катталган эмес, тескерисинче, алдыңкы төрөтканалардын бири болуп жакшы көрсөткүч берип келгенбиз. Менин бир адамдын көңүлүнө туура келбей калганым үчүн ал жамандап же караласа, анын залакасы башкага тийбеши керек деп ойлойм. Кимдир бирөөлөр менин бул орунду бошотуп беришимди каалап жатышкан окшойт. Бөлүм башчылыктан кетпейм деген жерим жок, кааласа алып коюшсун.

"ТЕХНИКАНЫН ЖАҢЫЛГАНЫ БИЗДИ АДАШТЫРЫП КОЙДУ"

Операция учурунда төрөт залында бир канча кызматкер болгонун билип, ага катышкан дагы бир хирургду сөзгө тарттык. Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу, хирург Шактыгүл Буржуева буларга токтолду:
– Бул келин кош бойлуу кезинде мага келип, каттоого турган. Менде 4 жолу көрүнгөнүндө УЗИ аппарат эгиз деген. Кийин 30-31-жумасында биздеги башка доктур текшергенде эгиз эмес экени УЗИден билинип, бир эле бала экени айтылган. Аны ата-энесине угузсак "силерге көрүнбөйбүз" деп стационардык бөлүмгө барып УЗИге түшсө, ал жактан эгиз деген жыйынтык чыккан. Ошентип техниканын жаңылганы бизди адаштырып койду. Ал эми операция белгиленген күнү балдар эгиз болсо, балким, кыйынчылыктар жаралып калат деп, төрөт залында 2 акушер, 2 анестезиолог, медайым жана башкалар болуп жалпысынан 11 адам болгонбуз. Операция ийгиликтүү өтүп, бир баланы эле алып чыктык. Ымыркай жатында жалгыз өскөн балдар сыяктуу эле 3 килограмм 250 грамм болуп төрөлдү. Бейтап наркозду белине алганы үчүн болуп жаткан окуяларды акыл-эси толук эле билип турду. Ага биз "Мына, балаң бирөө эле экен, экинчи балаң жок" дегенбиз. Ошол учурда баарын түшүнүп эле турган. Биз анын баласын алып эмне кылмак элек? Мындай ызы-чуунун бизге эмне кереги бар дейсиз?

"КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ"

Бул окуя боюнча Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов Данияр Чыбыев аттуу жарандын арызынын негизинде Балыкчы шаардык ИИБиси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесинин 4-бөлүгүнө (жашы жете элек адамды сатуу) ылайык кылмыш иши козголуп, атайын комиссия түзүлгөн. Учурда соттук- медициналык экспертизалар жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
Meerman
2017-07-13 00:38:03
akcha albaibyz degendi ugup itim sa ishenbei esi oop kaldy
+4
ilya.
2017-07-13 00:51:15
Мамлекеттик болгону учун 1сом албайбыз дегенине ишенбейм биздин балдар да мамлекеттик тоорот канада торолгон дары дармек аркы берки деп акча алышат. Албетте андай учурда акчагада карабайсын. Бирок кыргызстанда акча албайбыз дегенин биринчи жолу угуп жатам.
+1
Kaisarka
2017-07-13 19:32:39
Шарт этетко акча албайбыз деп башка созуно ишенсенда ошол жерине ишениш кыйын.
0
momun74
2017-07-13 23:03:49
Ой тообо эгиз деп 7жолу айтса кантип бирди торомок эле? менда эгиз торогом доплерге УЗИ 3Дга тушкондр балдарымды кадимкидей коргонбуз
0
Shahrizaada
2017-07-14 01:57:52
Акча албаган роддом бар экен кыргызстанда, төбө чачтар тик турат го от волнения.)) Неужели а?!)) срочно Гинесске киргизгиле!
+7
Girl1996
2017-07-15 03:36:37
Shahrizaada, Жалган маалымат болбогондо киргизе турган эле соз болуптур
+1
ayva
2017-07-14 08:37:39
Жети жолку узиде Бир эле жолу жалгыз калганында экоо дептир го как это можно понять?менин билишим боюнча узиби башкасыбы уч жолу текшеруунун экоосу окшош болсо демек диагноз туура делет буларда Бир эмес эки эмес торт жерде эгиз деп айтылып атпайбы
0
Izana
2017-07-17 17:34:09
ayva,бир жолу жалгыз дегени да ошол роддомдун УЗИ си экен...
0
ayva
2017-07-14 08:42:52
Оо АЛЛАХ ушул Уй булого кызын табууга озун жардам бере кор.жана кунолуулорду озун жазалай кор.эгиздер биригишип чоноюшса экен.АМИН!!! Келгиле Кыргызым жок дегенде дуба менен жардам берели АЛЛАХтан сураналы.
+1
Girl1996
2017-07-15 03:34:06
ayva,туура айтасыз, Аамиииин!!!
0
liitle_princess95
2017-07-14 10:27:30
Эгиздер жонундо соз болуп жатса орунду айтат го бул. Её только кресло интересует?
+2
nazgul20
2017-07-14 11:08:07
Бир эле баланы 5 же 6 кг кылып тороп жатышпайбы, учунчу тороту болсо 3кг дан эки бала болгондур балким, чын эле баладан ажыратып койушса кудай жазасын берсин!
+1
buboli
2017-07-14 13:17:19
мен биринчи балада акча бербей эле чыккам экинчисинде кудай сакта салфетканы мындай кой разрыв болдун тиккенине акча толо Бекер эмес десе болобу чыгып баратсак суйунчусун канча бересинер дейт врачтарга соз жок мени тороткон акушерка унчуккан жок башкасы келип сурап жатпайбы бир сом да бербейм Ким торотсо ошо алат деп чыгып кеткенбиз тороп жаткандакоронсун да демек бул эженин мандайына покрывал тратып озуно корсотпой торотушсо к.к да
+1
sely
2017-07-14 22:58:33
Ой бети жоктор кудай урсун силерди акчаны шыкылдатып аласынарбы го билесинерби силердин денгээлинер кочодоку XXX менен биржей.учту тородум киргенден баштап чыккыча акча бергем
+2
Beise
2017-07-15 19:01:23
Россияда бир аял 10 эгиз тороптур салмагы 3 дан ашык баарыныкы интернетте журот
-1
Truelensk
2017-07-17 14:17:40
Beise,эгиз деген экоо.10эмне болот
0
jazka8586
2017-07-16 15:46:23
Чындыгында абдан окунучтуу кыргызстанда торогондон деле коркосун мен Москвада тородум кудайга шугур гражданин болгондуктан бир тыйын алмак тургай кайра подаркаларды детский комплект пачкалаган памперстерди берип чыгарат экен роддомдон
0
keba300989
2017-07-17 11:45:50
чындап эле эгиз болсо 3кг250г болуп торолгон баланы уга элек экенмин балким бул ата-эте адашып жаткандыр, эгиз балдар 1,5кг дан 2кг га чейин торолгонун уккам. анан дагы билбедим
+1
Truelensk
2017-07-17 14:15:49
Сатышса табылат эле го кайра ичин карап корушсун анда.
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан