Күн ысык. Жолдошум экөөбүз кечке маал сейил бакты аралап жүргөнбүз.
– Карасаң,- деп калды аңгыча жолдошум кабыргамды нукуп.
– Эмнени?
Жолдошум артыбыздан ээрчип келаткан күчүктү көрсөттү. Арык, жүдөгөн, баткакка оонап чыкканбы жүндөрү ылай болгон күчүк ээрчип алыптыр. Үмүттүү көздөрү менен бир нерсе береби дегенсип ар кимди карап коёт. Ары-бери өткөндөрдү көрсө, тык токтоп, алдынан утурлай чыгып бутун жыттагылайт. Алар кир күчүктү көргөндө эле алыстан айланып өтүп жатышты. Эмнегедир кичинемден бери күчүктөрдү жакшы көрөм.
– И-ий, момпоська! Адашып калган окшойт. Күчү-күчү...
Мен сумкамды аңтарып жатканда күчүк куйругун шыйпаңдатып чуркап келди. Сумкамда печенье бар эле, анын бирин алып ыргытсам, дароо сугунуп алды да, кайра эле куйругун шыйпаңдатып баштады.
– Бул күчүктү багып алалычы,- күйөөмдү эркелей карадым.
– Муну эмне кыласың? Таң атканча кыңшылап тынчтык бербейт,-деп жолдошум жактырбай күңк этти.
– Жаны-ым.
Аялдан амал качып кутулбайт эмеспи, калп эле таарынган түр көрсөттүм. Күйөөм менин көңүлүмдү кыя албай аргасыздан макул болду. Шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайбыз. Жүдөгөн күчүктү жуунткан соң сүйкүмдүү, томпойгон күчүк болуп чыга келди. Курсагы тойгон соң борсулдап үргөнүн угуп жолдошумдун да ичи элжиреп кетти окшойт. Күчүк менен ойноп баштады.
– Эми мунун атын кандай атайсың?
– Акжолтой.
Акжолтой биздин үйгө келгени кут келгендей болду. Эрмегибизге айланды. Мүнөзү кудум адамдыкындай. Кээде кулагын жапырып, башы менен сүзгүлөп, буттарыңа жөлөнүп эркелейт. Эшиктин алдына чечилген бут кийимдердин ичине кирип жатып алат. Оюнкарагын айт.
– Апе-ей, менин бут кийимдерим жок го,- деп эле үйгө келген коноктор күйпөлөктөп бут кийимин издеп калышат. Бул Акжолтойдун шоктугу. Үйгө конок келсе, тааныгандай болуп дайыма чоочун кишилердин бут кийимдерин тиштеп барып, коңшубуздун чарбагына таштап келет. Биздикине тийбейт. Урушуп койсоң, күнөөсүн билип бултуйган боюнча бурчка барып башын буттарына жөлөп жатып алат. Боорукер. Күйөөм тамашалап мени урушуп койсо, ага айбат көрсөтүп борсулдап үрөт, буттарын тиштегилейт. Ушинтип эле жыргап калдык. Баарынан кубанганым, турмушка чыкканыма 2 жыл болсо да бала жытын искей элек болчубуз. Албетте, бул Жараткандын белеги деңизчи, бирок мен Акжолтой келгени үйгө ырыскы келди деп жогоруда айткандай, аны багып алгандан көп өтпөй кош бойлуу болгондугумду билдим. Кубанганымды сурабаңыздар. Ошондуктан ак жолтой күчүгүмдү мурункудан да жакшы көрүп калдым. Бир күнү УЗИге түшкөнү жолдошум экөөбүз чогуу кеткенбиз. Кечинде келсек эле Акжолтой жок. Байлаган эмеспиз, короонун ичинен кайда кетмек эле деп ойлогонбуз. Бирөөлөр уурдап кеткенби же көчөгө чыгып кетип адашып кеткенби, белгисиз. Маанайыбыз чөгүп, жакын тууганыбызды издегендей көчөмө-көчө кыдырып издедик. Эч жерден көрүнбөйт. 1 күн күттүк, жок. Эртеси дарбазанын сыртынан Акжолтойдун кыңшылаган үнү угулду. Жолдошум жумушта эле, чыксам, дарбазанын каалгасын тытмалап жатыптыр. Сүйүнгөн боюнча чуркап чыгып, Акжолтойду көрүп турган ордумда каттым. Байкушумду чоң иттер талап салган окшойт, сылтыган, бир буту кыймылсыз, моюндары канжалап жүрөт. Ачка болгон окшойт, кынжыйып курсагы жабышканы калыптыр.Үйгө киргизип тамак берсем, ичпей койду. Аны көрүп менин да жүрөгүм ооруп чыкты, маанайым чөгүп, өзүнчө ыйлап алдым. Жолдошум кечинде келип, Акжолтойду көрүп ал да кейиди. 2 күн тамак ичпей кыңшылап жата берди. Аны көргөн сайын жүрөгүм тилинет. Коңшулар:
– Бул ит болбойт, өлөт, ыргытып салгыла кыйнабай,- деген кеңештерин айтышты.
– Жок!
Аны жамандыкка кыйгым келген жок. Эртеси жолдошум экөөбүз ветеринарга алып бардык. Ал ийне сайып, бутун таңып берди. Үйгө келгенде деле тамакка табити анча тарткан жок. Бир аз сүт ичимиш болду. Түн бир оокумга чейин аны менен алаксып отуруп уктагам. Таң атпай туруп Акжолтойдун уясына жөнөдүм. Тымтырс. Кудай, ай, Акжолтойдон айрылдыкпы? Жакындаган сайын жүрөгүм түрсүлдөп бир башкача согуп, жаман ойлорго жетелене баштадым. Аңгыча эле уянын оозуна жабылган кийиз кыймылдап, ичинен сылтып бир бутун сүйрөгөн Акжолтой чыгып, куйругун шыйпаңдатып борсулдап үрүп калды.
– Акжолтой!
Кубанганымдан маңдайым жарылды. Эки аттап ага жетип, колума көтөрүп кантип өпкүлөп жибергенимди байкабай калыптырмын. Аны жалбара эркелетип, сүйлөшүп жаттым.
– Экинчи ооруба, менин күчүгүм! Буюрса, жакында сенин досуң жарык дүйнөгө келет. Анан экөөң ойнойсуң. Ал сага быйтыйган колдору менен нан сунат...
Махабат