Ысык-Көлдүн тургуну: «ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЛОТОНУН» БАШЧЫСЫ ӨЛКӨДӨН КАЧЫП КЕТИП, АКЧАБЫЗДЫ БЕРБЕЙ ЖАТАТ»

Өлкөдөгү мамлекеттик лотереядан башка лотереялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 13-майда кол коюп, документ күчүнө кирген. Мындан улам «Үй-бүлөлүк лото» мекемеси да ишмердүүлүгүн токтоткон. «Ишкана билеттерди сатып, оюнду ойнотпой же акчабызды кайтарбай утуштарды бербей жатат» деген арыздануу менен Ысык-Көлдүн тургундары редакциябызга кайрылышты.

«ИШКАНА ЖАБЫЛДЫ, САТУУНУ ТОКТОТКУЛА ДЕШТИ»

Аталган окуя боюнча бизге кайрылган ысык-көлдүк Канатбек Барктабасов "ишкананын жетекчиси Арменияга качып кетиптир" дейт:

– Мен Каракол шаарында жашайм. Жашым 60та. "Үй-бүлөлүк лотонун" билеттерин сатып 8 жылдан бери иштейт элем. Көптөгөн убакыттан бери иштеп келе жаткандан кийин ишкана жабылып калып, алдап кетет деп ойлочу эмеспиз. 15-май күнү 462-тираж ойнотулуш керек эле. Ошол оюнга карата 24-апрелге чейин элге 200 билет саткам. 24-апрелде бизге "ишкана жабылды, сатууну токтоткула" деген кабар келди. 25-апрелде болсо сатылган лотереялардын акчасын алып, ишканага тапшырчу(дилер) Индира Коңурбаева деген кызга саткандарымдын акчасын бергем. Ошондон кийин сатуу иштерин токтотуп, отчёт тапшыргам. 15-майда телеоюн көрсөтүлбөй калгандан кийин лотерея сатып алгандар акчаларын талап кылып, үйгө келе башташты. Ушул кезге чейин кардарларым 200 лотереяны кайтарып беришти. Акчасын төлөп берем деп баарынын тизмесин түзүп, кол койдуруп алдым. Акчаны сурасам дилерибиз да эч нерсе дей албай жатат. "Бишкекке кайрыл" деген. 26-май күнү Бишкектеги башкы кеңсеге келсем жабылып калыптыр. Ошол күнү саткан лотереялардын акчасын кайтарып алуу максатында Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына арыз тапшырдым. Алар бул маселени бир айдын ичинде чечип беребиз дешкен. Бирок бир айдан кийин, 30-июнда кайрадан кайрылсам "биз эч нерсе кыла албайбыз" деп жооп беришти. Ошол жерден "Үй-бүлөлүк лотонун" башкы эсепчисинин номерин алып, байланыштым. Эми ал бизге жолукпастан ар шылтоону айтып, качып жүрөт. Башка лотереясы жабылып калганда элге акчасын кайтарып берген болчу. "Үй-бүлөлүк лотонун" башчысы армениялык эле. "Ишканалар мамлекетке өтө баштагандан кийин Арменияга качып кетиптир" деп жатышат. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Бирок оюндан ири акча уткандар утушун ала албай жатыптыр деген сөздөр айтылчу. Азыр мага акчаларды ээлерине кайтаруу үчүн 20 миң сом керек. Силер коомчулукка маалымдасаңар тийиштүү мекемелер ойгонор деген үмүтүм бар.

«30 МИҢ СОМ УТУШУМДУ БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ»

"Үй-бүлөлүк лотону" көп жылдардан бери ойноп жүргөн Калыс Темиркулов  утушун ала албай жатканын айтты:

– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашайм. 69 жашка толдум. "Үй-бүлөлүк лотонун" Жаңы жылга карата өткөрүлгөн майрамдык 459-тиражында кызым экөөбүз 20 лотерея сатып алганбыз. Ошонун ичинен экөөсү 15 миң сомдон 30 миң сомдук утушка ээ болгон. Эми акчаны бербей жатышат. Уткан акчаны алуу үчүн кызым ишканасына барса "бир айдан кийин акча чогулганда беребиз" деп жооп бериптир. 2-3 айдан бери кайра-кайра "ушул айда сөзсүз болот" деп убакытты жылдыра берип, акыркы чек июндун аягына белгиленген. Кайрадан барсак Бишкектеги кеңсесинде эч ким жок, иштебей калыптыр. Эми ушул маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрылайын деп жаткам. Акыркы 462-тиражындагы оюнга карата Караколдон 12 лотерея билетин сатып алгам. Оюн болбой калганын уккандан кийин акчасын кайтарып берүүсүн талап кылганбыз.

«БУЛАР УШИНТИП ЭЛЕ АКЧА ТАБЫША БЕРЕТ ЭКЕН»

Пенсионер Бүбүйна Тыныстанова элдин акчасын алдап алып жатат деп ишканага нааразы:

– Жашым 66да. Мен 9-январь күнү болгон оюндан 27700 сомдук утушка ээ болгом. "Үй-бүлөлүк лотонун" башкы кеңсесиндегилер "жакында беребиз" деп отуруп, ушул убакытка чейин акчамды бере элек. Январда кайрылсам "биздин мыйзам боюнча 3 айдан кийин утуш берилет, майда алып кетиңиз" деген. Мага окшоп облустан миңдеген адамдар сатып алган да. Булар ушинтип эле акча табыша берет экен. Эмнеге иштебей калдыңар деп кеңседегилерге кайрылсак "депутаттар биздин ишти жаап салып, мамлекетке өткөзүп жатышат" деп жооп беришти.

«БАШКЫ КЕҢСЕДЕГИЛЕРДИ КӨРГӨН ЭМЕСМИН»

Бир нече жылдан бери "Үй-бүлөлүк лотодо" дилер болуп иштеп жаткан Ысык-Көлдүн тургуну өзү жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартып, ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди:

– Аз суммадагы акчалай утуштар сатуу кеңселеринин өзүнөн берилет. Акыркы тираждан сатылган билеттердин акчасы да ошол сыяктуу уткан адамдарга иштетилип кеткен. Ал эми ири утушка ээ болгон билеттерди сатуучулар (реализаторлор) кардарлардан алып, мага алып келишет. А мен болсо ошол утуштарды ээлерине алып берүү үчүн башкы кеңсеге уткан билеттерди такси менен салып жиберчүмүн. Акыркы оюндан уткан 13 миң билет да ушул жол менен Бишкекке жиберилген болчу. Ар дайым эле ушинтип иштечүбүз. Алдыда болчу оюнга сатылган билеттин акчасын мурда уткан кардарларга берип келгенбиз. Ошентип ишкана жабылып калып, утушка ээ болгон кардарларга акчасы берилбей калды. Башка облустарда ушул тармакта иштеген эч кимди тааныбайт экенмин. Менин Ысык-Көлдө бир гана сатуучум бар. Ал да эсепке так болуп, отчётторун учурунда тапшырчу. Угушума караганда, жетекчибиз өлкөдөн чыгып кеткен экен. Телефон менен гана байланышкандыктан Бишкекте иштегендерди көргөн эмесмин. Ири суммада уткан жарандар акчаларын башкы кеңседен эле алышчу. Жаңы жылдан бери акча уткандардын утуштарын учурунда төлөй албай эле кыйналып жатышкан. А биз болсо 100-1000 сомдун тегерегиндеги гана утуштарды сатып алган жеринен жеңүүчүгө тапшырчубуз. Ишкана жабылгандан бери биз менен иштешип жаткан адамыбызга да байланыша албай жатабыз. Телефон чалсак албайт.

«ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОККО ЧЫГАРЫЛГАНДЫКТАН ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ»

Жабырлануучулардын арызы боюнча Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан лицензия жокко чыгарылгандыктан эч кандай чара көрө албай тургандыгын айтты. "Лотерея боюнча мыйзам күчүнө киргенден кийин жеке компаниялардын лицензиясы жокко чыгарылды. Мындан улам аларга көзөмөл жүргүзүп, жардам бере албайбыз. Бирок "Үй-бүлөлүк лотонун" башкы эсепчисине элден түшкөн арыздар боюнча "акчаларын кайтарып бергиле"деп кайрылганбыз. Бизге алар өткөн жумада кардарлардын акчалары акырындан кайтарылып жатканын айтышкан",- деп билдиришти аталган мекемеден.

«АКЧАЛАР АВГУСТКА ЧЕЙИН КАЙТАРЫЛАТ»

"Үй-бүлөлүк лотонун" жетекчилиги менен байланышуу түйшүккө турду. Аталган мекеменин атынан жооп бере алчу "башкы эсепчи" деп айтылып жаткан Мехри Муминова аттуу аял ишкананын катчысы болуп чыкты. Ал менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө жетекчиси Анушаван Шаинян аттуу адам учурда Арменияда эмес, АКШда экенин айтты. "Жетекчибиз АКШда. Биз бардык акчаларды ээлерине кайтарабыз. Биздин план боюнча август айынын ортолорунда карыздардан кутулабыз",- деп жооп берди Муминова. Элдердин ал менен байланыша албай жатканын жумуштарынын көбөйүп кеткени менен түшүндүрдү.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AykaMer
2017-07-11 10:12:45
Тообо,чыдасанар ойнойтпойсунарбы бул оюнду... Карапайым элди эле кыйнабай... Биздин чондордо "акчаны жыйнап,чет олкого кач" деген макал бар окшойт... Уят да ушул кылгандары...
+3
bond02
2017-07-11 13:37:02
Аты эле шумдук.
+3
meni_kut
2017-07-11 13:39:19
27700 акчамы деп алыпсынар да,ал мандай тери мн тапкан жоксунар ошого буйрубай аткан го.Билетинердин эле акчасын кайтарып алгыла,байкуш билет саткан кишиге жалко.Негизи бут эле лотолорду жоюп салса жакшы болмок,эл оз эмгеги мн акча таап баштайт.
+11
aiba_00
2017-07-11 17:14:12
афферистер.
0
love_you
2017-07-12 14:28:30
лотереялар да арам акчага кирет. Чубак ажыдан сурасанар. ошол арамдан алыс эле болгулачы. и так эле арам- адал маселесинде карангы болуудабыз
+6
mers8
2017-07-12 15:49:30
Армияанга ишенип литсензяны берген биздин чондор аман эле болсунда армияан кыргыстандада кидала кылыптырда озу бул армияан калкы толка адамдарды кидала кып жан багат
+3
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан