БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ "ДЕ-ФАКТО" ГЕЗИТИНЕ БОЛГОН ДОО-АРЫЗЫН СОТТОН АЛУУГА ДАЯР

"Де-факто" гезити менен болгон соттук араздашуу жөнүндө Бакыт Төрөбаев өз пикирин билдирди:
– "Де-факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов бир канча жолу маселени тынч абалда чечүүгө чакырып, өзү мага келип кечирим сурагандыктан, мен аны кечирдим. "Де-факто" гезитинин жетекчилигине "сөз эркиндиги – бул бир гана өз оюңду эркин билдирүү менен чектелип калбастан, берилген маалыматтын чындыгына жоопкерчилик алуу" деген оюмду жеткирдим. Көпчүлүк элибиз ушундай тапшырык менен жазылган макалаларды окуп, чындык экен деп ойлоп калат. Мен бул гезитти жок кылуу үчүн же болбосо басым көрсөтөйүн деп сотко берген жокмун, редакция ушак-айың таратканы үчүн жоопкерчилигин сезсин деп ойлойм. Адвокаттар менен биргеликте төмөнкү чечимге келдик: редакция аталган макаланы жокко чыгаруу жөнүндө маалымат чыгаргандан кийин мен арызымды соттон чакыртып аламын.

Бакыт Төрөбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан