ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИ – ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ!

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасынан өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары менен айырмаланып, жаштарга сапаттуу, жеткиликтүү, коррупциясыз билим берүү максатын көздөгөн жогорку окуу жайлардын бири – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети.

2017-2018-окуу жылына карата төмөндөгү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт.

Окутуунун формалары:
Күндүзгү бөлүм, бакалавр даражасына (окутуу мөөнөтү 4 жыл):

  • Эл аралык мамилелер
  • Экономика
  • Педагогика
  • Лингвистика
  • Юриспруденция
  • Араб тили
  • Менеджмент
  • Журналистика
  • Жарнама жана коом менен байланыш
  • Колдонмо информатика

Коммерция: профилдер: Жарнама ишкердигиндеги коммерция, Бажы кызматындагы коммерция
Бизнести башкаруу: профилдер: Банк ишкердигиндеги башкаруу, Туризм ишкердигиндеги башкаруу
Сырттан окуу боюнча бакалавриат (контракттык негизде):

  • Экономика
  • Менеджмент
  • Юриспруденция

Магистратура (окутуу мөөнөтү 2 жыл):

  • Филологиялык билим берүү – араб тили
  • Журналистика

Орто кесиптик билим берүү – 9-11-класстардын базасында (окутуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай):

  • Менеджмент
  • Экономика
  • Укук таануу
  • Башталгыч класстын мугалими

Окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт (социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана окуудагы жетишкендиктерге карата 25 пайыз контракттан жеңилдиктер каралган).

Профессордук – окутуучулук курам

Бүгүнкү күндө университетте илимий-практикалык тажрыйбасы бай профессордук окутуучулук курам эмгектенет. Англис тили, араб тили жана адабияты боюнча Мароккодон, Мавританиядан, Египеттен, Иорданиядан, Пакистандан, Америкадан келген доктор, профессорлор сабак беришет. Андан сырткары атайын курстарды, лекцияларды, практикалык сабактарды мамлекеттик жана менчик уюмдарда, ишканаларда эмгектенген тажрыйбалуу практик-адистер өтүшөт.

Чыгыш университетине тапшыруунун 5 артыкчылыгы бар:

  • Бизде окуу кызыктуу: Жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу окутуучулар жогорку сапаттагы билим беришет.
  • Бизде жагымдуу жагдай: Чыгыш университети студенттердин жашоосу жана окуусу үчүн өзгөчө камкордук көрөт. Заманбап аудиториялар, кыздар жана балдар жатаканалары, жыйындар залы, ашкана, медициналык борбор, машыгуу залы жана башка камсыздалган жабдуулардын бардыгы студенттер үчүн.
  • Биздеги жашоо көңүлдүү: КВН, спорттук жана өздүк көркөм чыгармачылык ийримдер, фестивалдар жана кароо-сынактар, көргөзмөлөр, спорттук мелдештер, экскурсиялар, эс алуу кечелери, кайрымдуулук акциялары, "Акыл Ордо" интеллектуалдык оюндары, студенттикке кабыл алуу кечеси жана башка көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.
  • Чет тилдери терең үйрөтүлөт: Бардык багытта билим алган студенттерге араб жана англис тилдерин тереңдетилген программа менен окутуу киргизилген.
  • Ийгиликтүү ишке орношуу: Окуу жайдын студенттери окуу планына ылайык, практикаларды ири компанияларда, мамлекеттик жана менчик ишканаларда жүргүзүп, чет өлкөлөргө жарактуу мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болушат. Жалпы окуу жай боюнча бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуу көрсөткүчү – 75 пайызды түзөт.

Бүтүрүүчүлөр кайда иштеп жатышат?

Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясында; Тышкы иштер министрлигинде; Кыргызстандын Кувейттеги, Катардагы, БАЭ элчиликтеринде; Коммерциялык уюмдарда жана ассоциацияларда; Кыргызстандын ЖОЖдорунда; банктык чөйрөдө; КТРК, ЭлТР, 5-канал, НБТ, АЯН ТВ, ТНТ Азия телеканалдарында; мамлекеттик жана менчик редакцияларда (журнал, газета), радиостанцияларда.
Билим берүү сапатын жогорулатуу максатында чет өлкөлүк ЖОЖдор, элчиликтер жана эл аралык мекемелер менен ар кыл билим берүү программалары аркылуу кызматташтык алакасы жүргүзүлөт. Студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн Түркия, Кувейт, БАЭ, Казакстандагы жогорку окуу жайлар менен болгон кызматташтык байланыштын натыйжасында студенттерди алмашып окутуу программасынын жардамы менен көптөгөн студенттерге чет мамлекетке чыгып билим алып келүүсүнө шарт түзүлгөн.

Квалификацияны жогорулатуу борбору окутуучулар менен студенттерге төмөнкү курстар боюнча семинарларды, тренингдерди жана атайын курстарды уюштурат:

  • Экономика
  • Педагогика
  • Тил үйрөнүү боюнча: араб тили, англис тили, орус тили
  • Окуу курсунун аягында сертификат берилет.

Биздин дарек: Э.Ибраев көч., 6 а.
Байланыш тел.: 0312 33-73-81, 0701 75-75-10 www.chygysh.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан