Айя Садырова, ырчы: "ЫРДОО МЕН ҮЧҮН ЭКИНЧИ ПЛАНГА ЖЫЛЫП КЕТТИ"

Өзү сүйгөн нерсе менен алектенип, алдыга койгон максаттарына жетүүгө умтулган аялзатынын бири бүгүнкү каарманыбыз. Уулун жалгыз тарбиялап, чыгармачылыктын бир канча түрү менен алек болуп жүргөн Айя Садырова маек төрдө.

– Саламатсызбы, Айя айым? Маекти баштоодон мурун өзгөчө ысымыңызга токтоло кетсеңиз.
– Рахмат. "Айя" деген ысымды чоң атам менен чоң энем ыйгарышкан. Араб тилинен которгондо "Айдын жарыгы" дегенди түшүндүрөт.

– Учурда эмне менен алексиз?
– Жергиликтүү телеканалдарда көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдү алып барып жүрөм. Мурда берген маектеримде "журналистикага кызыгуум күч" деген элем. Эгерде мага кайсы бир журналга редактор бол деп сунушташса, жан дилим менен макул болмокмун. Бир кездерде мага Бишкектеги журналдардын бирине жетекчи болууга сунуш түшкөн. Бирок чыгармачылыгым кызуу жүрүп жаткан кез эле, андыктан баш тартууга туура келген. Балким, жакынкы аралыкта басылмада иштеп калчу күн деле алыс эместир.

– Үй-бүлө кургандан кийин ырчылыктан алыстап кеттиңиз эле. Эми жаңы чыгармаларды жаратып баштадыңыз.
– Акыркы жолу рэпер Аско менен "Өмүр белеги" аттуу дуэт жаздырган элек. Ал ыр өз күйөрмандарын тапты. Башында бул ырды жалгыз ырдап чыгуу үчүн жаздырган элем. Бирок үн жаздырууга келгенде режиссёр мырзанын үнүн кошууну сунуштады. Алгач рэпер Баястанды сунушташкан эле. Бирок ошол убакта гастролдо болуп калып, Аско менен жаздырдык. Өнөктөшүм аябай таланттуу жана шайыр бала болгондуктан, аны менен иштешүү жагымдуу болду.

– Деги эле ырчылыкты кесип деп эсептейсизби?
– Учурда ырчылык мен үчүн жөн гана хобби. Мурун убактымдын басымдуу бөлүгүн ырга арнап, өтө олуттуу карачу элем. Азыр менде көп нерсе өзгөрдү. Эми чыгармачылыкка караганда уулум, жакындарым менен өткөргөн убакыт мен үчүн баалуу. Мурдагыдай тытынбай, эркин график менен иштеп калдым. Андыктан ырдоо экинчи планга жылып кетти. Менин кесибим – энелик милдетти татыктуу аткаруу.

– Бир гана ырчылык менен жан багууга болобу?
– Өмүр бою гастролдоп жашоону төрт дөңгөлөктүн үстүндө өткөрүүгө даяр болгон адам ырчылык менен жан бага алат. Бирок бул мен үчүн мүмкүн эмес. Анткени адамбыз да, өзүбүздү ар тармактан сынап көргүбүз келет. Ошентип отуруп кошумча жумуш же бизнес менен алектене баштайсың.

– Жолдошуңуз менен эки ажырым жолго түшүшүңөргө чыгармачылыгыңыз себепчи болгон жокпу?
– Менин жашоомдо биринчи орунду чыгармачылыкка арнайм деген ой таптакыр жок болчу. Үй-бүлөнү ар дайым биринчи орунга коюп келген аялзатымын. Ал эми жолдошум менен ажырашуума башка себептер түрткү болду. Азыр ал чет өлкөгө кеткендиктен жолукпайбыз деле. Мен артка кайрылганды жаман көрөм. Жашоо ошондой болсо мен эмне кыла алмак элем? Ал эч нерсеге карабай алдыга жыла берет.
– Мезгил өткөн сайын өзүңүздөн кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз? Мындан бир нече жыл мурун "кийин өзүмдү саясаттан көрөм" деген элеңиз.
– Бир убактарда өзүңдүн күчүңө ишенип-ишенбей көп нерселерге жеткиң келет. Максаттарың тууралуу айланаңдагыларга айтасың. Мурун "он жылдан кийин өзүмдү саясаттан көргүм келет" дечү элем. Убакыттын өтүшү менен бул чөйрө меники эмес экенин аңдап-билдим. Анткени саясат менен алектенүү оңой нерсе эмес, анын үстүнө ыплас чөйрө деп билем.

– Сизди эл он жыл мурун дал ушундай келбетте тааныган эле. Азыр дагы ошондой бойдонсуз. Бул сиздин жашоо образыңызга байланыштуубу?
– Апам негизи келбеттүү аял. Ага рахмат айткым келет. Мындан тышкары ар убак туура тамактанууга аракет кылам. Тамак-аш рационумдун көп бөлүгүн салаттар, бууга бышкан балык жана башка ден соолукка пайдалуу азыктар ээлейт. Анан дагы кара нан менен азыктанууну адатка айландыргам. Бир гана колбасадан баш тарта албай койдум.

– Көпчүлүк билбеген дагы кандай кошумча таланттарыңыз бар?
– Ойлоноюнчу (күлүп). Азыркы тапта бир нече клиптерде режиссёрлук милдетти аткардым. Ал клиптерде кызыктуу кадрларды жарата алдым десем болот. Бирок дагы деле бул мен өмүр бою алып кете турчу иш эмес, жөн гана хобби. Режиссёрлуктун сырларын үйрөткөн Эрнест Абдыжапаровго ыраазычылык билдирем. Андан тышкары кээде кийим тигүү жаатында дизайнерликте да эмгек жаратып калам. Ошондой эле бул жаңылык деле болбошу мүмкүн, бирок айта кетейин, орус, англис тилинде эркин сүйлөй алам. Жогорку окуу жайында 5 жыл бою кытай тилин окугандыктан, Кытай өлкөсүнө барып калсам, дароо эле аралашып кетем деп өзүмө ишенем. Албетте, мага саякаттап жүрүү жагат жана ал үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Башка өлкөнү байырлап калсам деле болмок. Бирок жүрөгүмдө ар дайым Кыргызстан менин мекеним деген сезим турат.

– "Алгачкы сүйүү 6-класс кезимде болгон" деп кеп козгогон жайыңыз бар. Ошол адамга кайрадан жолуккуңуз келеби?
– Эгерде ал адамга жолугуп калсам, балким, тааныбай жанынан өтүп кетмекмин. Азыр ал таптакыр башка адам болсо керек. Кандай болгон күндө да ошол аруу сезимдерге чаң жугузбай сактап калгым келет. Ал менин кыялымдагы ханзаадам бойдон кала бермекчи.

"Аралыктын алыстыгынан балам атасы менен кээде гана жолугат".


"Мурун ырчылыкты кесип катары көрүп, олуттуу карачу элем".


Жазгүл Кенжеева
(Сүрөттөр каармандын
өздүк
архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Alibay
2017-07-11 10:22:01
Тушунуп болбойт буларды,бир туруп эле бактылуумун,кайра эле тушунушпой калдык деп.Балана татыктуу тарбия берип,бактылуу омур сур.Омур белеги деген ырынар жакты.
+10
meni_kut
2017-07-11 10:44:54
Карыптыр,коздорунун мурдагыдай оту жок,токтолуптур.
-6
Izdeim_seni.
2017-07-11 10:50:12
meni_kut,карылык сенин да башына келет. Айя, удачи тебе.
+10
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-11 12:38:41
Кайсы иштин башын баштаарын билбей жургондой сезилди мага')
+14
Sarana
2017-07-11 12:59:53
Жакында эле кыздуу болду элего???
-4
Rajab
2017-07-11 13:08:12
баланды сумсайтбай жарашып алсан боло жашоо ото берет
+5
Birimdik5555
2017-07-12 00:32:25
Rajab,жарашыш Аянын колунан келсе гана,эч ким ажырашканды каалабайт да,бул тагдыр бир Кудай чечет
+4
Hotinhere123
2017-07-11 13:25:52
Мага анча эле жага бербейт угул кыздын ырдаганы.аааа уууу деп эле уну жетпегендей боло берет
+2
BegimaiBegimai
2017-07-11 19:26:42
бул канча жашта озу?
0
ady-88
2017-07-11 20:21:39
Тоштор кантет
+2
clay
2017-07-12 08:46:21
Жанета Бовковага окшоп калыптыр
+3
meni_kut
2017-07-12 11:07:09
кыргызча суйлой албаган кемчилиги бар
+1
hanisa
2017-07-12 14:31:23
Казакбы же кыргызбы??
0
Gulnaz.GS
2017-07-12 18:24:31
мага жагат шыртан мыртаны жок норм ырчы
0
ady-88
2017-07-12 20:29:01
Казак кызы
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан