Тынар Курбаналиев, куудул: "САЯСИЙ ЭЛИТА БИЗГЕ БИР АЙДА 2 ЖОЛУ КОНЦЕРТТИК ПРОГРАММА ДАЯРДАП БЕРИП ЖАТАТ"

"Кыргыз шоу дүйнөсүндө ушундай фигура бар экен деп, сыйлуу конок кылып чакырып отурганыңыздарга рахмат" деп сөз баштаган Тынар Курбаналиев SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. Бул ирет келген коногубуз күйөрмандарынан келген ары курч, ары тамашалуу суроолорго бир тамчы сатирадан кошуп, кызыктуу маек курду.

– Сатираны жаратыш үчүн акыркы жаңылыктар менен кабардар болуп туруш керекпи?
– Албетте. Сатира коомдун, жашоонун агымына жараша болуш керек. "Саясатты эле айта бересиңер, мурдагыдай сатира жаратпайсыңарбы?" дешет. Мурдагы менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Мисалы, мен мурдагылардай болуп сахнага чыгып алып башыма айран төксөм, "жинди болуп калыптыр" деп айтып, жазып да чыгышат. Жакында эле КТРКдан Байма Сутенованын берүүсүндө Түгөлбай Казаков сатирага карата сын пикир айтыптыр. Мен аларды сыйлайм. Бирок мындай нерсе бар. Ырчы, обончу болбогондон кийин бирөөнүн ырына, обонуна сын айта албайсың. Азыр саясат өзү сатира. Саясатчылар өздөрү күлкү болуп жатышат, коомчулукка уят болушуп. Мурда концерттерибизге 2-3 ай даярдансак, азыр саясий элита бизге бир айда 2 жолу концерттик программа даярдап берип жатат. Буга биз эмес, өздөрү күнөөлүү. Таксисттер мурун унаасынын тетиктери тууралуу сүйлөшүшсө, азыр саясатты сүйлөп калган. Ошондуктан бизге сын айтканды коюп, саясатчыларды тыйсын. "Элге күлкү болуп бүттүк, жакшы иштерди жасайлы" деп.

– Сиздерге дагы деле кысым болуп жатабы?
– Бизге 2 жылдан бери эле кысым көрсөтүлүп келет. Эмне себептен десең, баары эле билбейм дешет. Ким билет десең, "ары жактан, эми билип туруп эле сурай бербечи" дешет. Саясий кысым болуп келе жатат, эми деле болот. Себеби ким чындыкты айтса, жаман адам болуп калат.

– Мамлекеттик сыйлык берилбегенине капа эмессизби же сыйлыкка татыктуу эмесмин деп ойлойсузбу?
– Балким мамлекеттик кызматта отургандар үчүн мен сыйлыкка татыксыз адаммын. А мен сыйлык бербегенине таарынбайм. Сыйлыгынын бир сому, тыйыны да кереги жок. Буга чейин деле айтып келгем "мага сыйлыкты үйүмө алып келсе да албайм" деп. Бизге мамлекеттин берген сыйлыгы эмес, элдин ишеничи, кол чабуусу, үмүтү сыйлыктан артык. Сыйлык бербей койду деп куудулдар эч качан таарынбайт. Кыргыз сатирасынын өзүнүн чоң орду бар. Чоң-чоң куудулдар, менин устаттарым эки грамотасы жок өтүп кеткен. Абдылда байкем айтмакчы: "Бизге сыйлыкты өлгөндөн кийин берет же өңдүү-түстүү кыз-келиндерге берет" деп.

– Саясий сатираларды катыра аткарасыз. Саясатчы болоюн деген оюңуз барбы?
– Кудай сактасын. Биз азыркы саясий элитага караганда бир топ эле өйдөбүз. Бир дагы саясатчы бири-бирине айта элек, мындай кылдык, бул туура, бул туура эмес деп. А биз айтып эле келатабыз. Болгону мыйзам гана чыгарбайбыз. Мыйзам чыгарган күндө деле жоголуп кетет турбайбы. Баш мыйзам жоголуп кетти го.

– "Мамлекет жакыр болсо, эли саясатчы болот" дейт...
– Адахан Мадумаровдун жакшы сөзү бар: "Азыр саясат эмне болуп жатат? Саясат – Рахман, Абдылда, Тынарга даяр программа болуп жатат" деген. Даяр программа турса колдоно беребиз да, эмнебиз кетип жатыптыр?

– Куудулдук өнөрдүн күңгөйү менен тескейин айтып өтсөңүз?
– Эми бардык эле иштин, кесиптин тескейи бар. Бизде ар бир айткан сөзүңдүн жоопкерчилиги бар. Баягы жылдагыдай болуп үйгө чейин келип коркутуп, кызымды мектептен уурдап кеткен учурлар болгон. Ошолордун баары кесибимдин тескей жагы.

– Азыркы жубайыңыз, кызыңыз тууралуу билгим келет?
– Жубайым менен кызым айылда. Билгиңиз келсе үйгө барып, таанышып, чай-пай ичип келсеңиз болот. Жалал-Абад облусунун, Сузак районуна барып, "Тынар акенин үйү кайсы?" десеңиз айтып беришет.

– Ди-джей Лилия Абдубаитова уулуңузду чоңойтуп жүрөт. Уулуңузга каралашып, алимент төлөйсүзбү?
– Жок, алимент төлөбөйм. Бизде бала сеники, меники деген нерсе жок. Балам кааласа менин жанымда, кааласа апасынын жанында жүрө берет. Бир жума мурун келген, азыр айылдагы үйдө. 6-классты аяктады. Бир аз чырга жакыныраак.

– Мурунку жубайыңыздын "ооматты көтөрө албай калды" деген сөзү бар. Жылдыз оорусу менен оорудуңуз беле?
– Кыргызда "кеткен катын эч качан жакшы сүйлөбөйт" деген жакшы сөз бар. Бирок Лилиянын андай сөзүн такыр уга элекмин. Ал башкаларга айтпайт, бетиме ачык айтат. Себеби анын ошондой мүнөзү бар, мен билем. Жылдыз оорусу менен ооругандан кудай сактасын. Адамга таанымал болуу өтө кыйын. Элге таанылгандан кийин, ошол нерсени алып жүрүү андан да кыйын. Жылдыз оорусу менен ооругандарды байкап жүрөм. Мага билгизбейин дешет, бирок билинип калат. Андайларды "жылдыз болсоң башкалар үчүн жылдызсың, мен үчүн жылдыз болбой эле кой" деп ордуна коюп коём.

– "Албарсты мени басты, мен аны бастым" деген тамашаңыз коомчулукта катуу талкууну жаратты...
– Кимдир бирөөлөр "бул жарнамалык ролик болчу, андай-мындай" деп жатат. Эмне болгон күндө да, элдин каада-салты, менталитети болот. Коомчулук кандай кабыл алды билбейм, мен жаман кабыл алдым. Элестет, ата-энең менен сыналгы көрүп отурсаң, жарнама деп көрсөтүп калса. Же өзүң өчүп калбай же телевизор өчүп калбай ыңгайсыз болосуң. Терс таасирин тийгизген үчүн сатира кылып аткарып чыктым. Ошондон кийин мага бирөө телефон чалып: "Ассалоому алейкум, сиз ушундай сатира ойноп чыккан экенсиз. Брат, мен сизге ошол сатираны аткарбай эле койсоңуз деп чалып жаттым эле" дейт. Анан жиним келип "брат" эмес, аке же байке де. Сенден сурайынбы, сен мага түшүндүрбөй, биринчи ошол ырды түшүнүп ал!" деп ачуум келди. Мага десе албарстылар кезекке туруп алып баса берсин.

– Сахнага чыгып, элди күлдүрө албай калган учуруңуз болду беле?
– Андай учур көп эле болгон. Бир жолу досум Жеңишбек Айтиев экөөбүз концерттердин биринде сатира ойноп жатканбыз. Сахнага чыгып ойноп жатабыз, эл күлбөйт. Анан Жеңишти карап "эл күлбөй жатат го?" десем, "ээ, бул болбойт экен, кире берели" деп кирип кетсек, элдер жапырт күлгөн. Ойногон сатирабызга эмес, сөздүн ачыгын айтканыбызга күлгөн.

– Бир кезде Борончу Кудайбергенов менен таарынышып жүрдүңөр эле. Табыштыңарбы?
– Мен Борончу байкеге таарынган эмесмин. Ал мага таарынып жүрүптүр, бирок мага айта элек. Бир маегинде айтыптыр "Рахман менен Тынар концерт койсом жолтоо болгон" деп. Рахман байке аябай таарынган. Биз Борончу байке концерт коюп жатканда эшиктин оозуна туруп алып, элди киргизбей койсок, же афишаларын айрыбасак,же өрттөп салбасак. Ал концертти борбордон баштаганда мен атайын Лейлек тараптан баштагам, жолтоо болбоюн деп. Азыр деле саламыбыз түз, бирок ал таарыныч тууралуу такыр сөз болбойт. Эгер ал мага таарынган болсо мага айтсын.

– 2 жыл мурун Орусияда иштеген бир келин "куудул Тынар Курбаналиев Каныбек аттуу жигитке сабаткан" деп жүрдү эле. Чын эле ошондойбу же догурунгандардын бириби?
– Ал мага карата уюштурулган буйрутма болгон. Ошол учурда 120 кой тууралуу сатира резонанс жаратып турган. Текебаев: "Саясатчылар ошол сатираны талкуу кылып, сотко берели дешиптир. Анан көрсөм соттой турган нерсеси жок экен" деп айткан. Биз деле келесоо эмеспиз да, алды артын карайбыз дегендей. Кимдир бирөөлөр эле өч алгысы келген окшойт. Кийин ал кызды издештирип таап, байланыштым. Ким буйрутма бергенин айта бер коркпой эле, мен сени туура түшүнөм десем, качкан. Эгер мага карата туура эмес иш кылган болсо ал кызды бирөөгө сабатпай эле, өзүм сабаганга алым жетмек.

– Энеңиздин ак сүтүн актоочу эмне кылдыңыз?
– Эненин сүтүн актайм деп тигини кылдым, муну кылдым деп айта албайм. Бирок апамдын ыраазычылыгын алдым. Акыркы сапарга узатып жатканда башымдан сылап "зоболоң бийик болсун, сени эл үчүн төрөгөн экенмин, элди нааразы кылба, мен сага ыраазымын" деген. Менимче апанын сүтүн эч ким актай албаса керек.

Эфир ортосунда Тынар мырза индиялык актёр Митхун Чакрабортини туурап, актёрдук өнөрүн да көрсөттү.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тынар Курбаналиев: "2 жылдан бери кысым көрсөтүлүп келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Ibanurkb
2017-07-11 09:42:15
Аябай эле бардык жагынан томон адам экен !баласын чырга жакын деп коет !озу ошондайда!
+3
Patriot7
2017-07-12 13:41:09
Ibanurkb, сенин денгээлин томон экени корунуп турат, ич куйдулуктон орттонуп жатат окшойсун...

Элибизде акты ак, караны кара деп оз аты менен айткан, элибизге кызмат кылган Тынардай жигиттер коп торолсун...
+5
Izdeim_seni.
2017-07-11 10:53:23
yshyl adamdy korsom allergia bolo berem.
-7
Beka9393
2017-07-11 10:58:26
Тынар брат эркексиз
+2
Alibay
2017-07-11 12:22:29
Озун ким сезип алган...
-3
Patriot7
2017-07-12 13:42:14
Alibay, Атамбаевге окшоп мерседес минген мультимиллионермин деп мактанбаптыр го...
+3
cholpon119966
2017-07-11 14:02:18
Тынардын болгону ушул. Болгонун болгондой айтат.
+2
Pamirlan
2017-07-11 21:10:22
Тынар байке сиз эл учун торолгонсуз. Кысым корсотпой эле койсо.Азаматсыз бар болунуз. Талантынызга таазим
+3
gulsara2682
2017-07-11 23:07:35
Канча аялы бар? Мен тушунбодум. 2-3 аял алганбы? Жаны дейби?
0
Deniza88
2017-07-12 00:42:59
Ушу куудулдар жаман копту го акыркы кундору. Суйлоонун да. Сатира юмордун да чеги болот да негизи.
-4
Patriot7
2017-07-12 13:43:50
Deniza88, Шефинди тамашага салганы сага жакпай жаткан чыгаар. Бирок ошол мерседесчен шефин эч кимге жакпайт, биле жур...
+11
Djal1987
2017-07-12 02:05:57
Бул озун аябай маанилуу сезип койгон го шоуда. Интервью беришсе эле душмандарынын бетине айталбаганды тийиштирип токуп кетишет.
-3
Jamalym
2017-07-12 03:18:40
Ошондо учунчу жолу уйлонгонбу?Бирок талант кучтуу акебизде.Ар дайым ийгилик!
-3
Patriot7
2017-07-12 13:47:46
Элибизде Рахман, Тынардай эл уулдары коп болсун!

Куудул десе эле куудул менен клоунду чаташтырбагыла! Акылы тетик, баарын коро билген адам куудул болот. Анан ойду-тоону суйлоп элге шылдын болгондор куудул эмес апенди болот.

Мен мисалы Рахман байке менен Тынар саясатка аралашып, бири президент болом десе мен колдойм. Анткени булар эл аралап журуп элдин жашоосун жакшы билет, мигранттардын да. Саясатчыларды шакабалап журуп саясаттын да кунгой тескейин жакшы билишет.
+2
melante
2017-07-12 16:44:56
"Мага десе албарстылар кезеке туруп алып баса берсин"-дегени,ичим ооруп калды куло берип.
"Мыйзам чыгарганы кундо деле жок болуп кетет турбайбы.Баш мыйзам жок болуп кеттик го"-дегени эн туура,жепжутарлар оздоруно он кылып тууралашат
+1
Kaisarka
2017-07-13 20:27:01
Тоба жакпайт дегенлерда бар экен. Чындыкты айтышсын айткыла мен сизди колдойм тамашаларынызга соз жок!
+1
Kanykei_95
2017-07-15 12:14:57
Тынынар байке ийгилик сизге,эл ар дайым сиз м.н Алга!!!
0
Uhtishka.
2017-07-15 18:35:37
– Кыргызда "кеткен катын эч качан жакшы сүйлөбөйт" деген жакшы сөз бар.
Деп озунуз эле айтып койдунуз ,эч кандай Кыргызда мындай соз жок !)))
+2
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан