СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ӨКМӨТҮ ӨЛКӨНҮН ЭКСПОРТТУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КӨТӨРДҮ

Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинетинин иши 2013-2017-жылдарга карата өлкөбүздүн Улуттук стратегиялык туруктуу өнүктүрүү программасы жана кыргыз өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасынын алкагында жүргүзүлүп келет. Негизинен соңку бир жыл аралыгында өлкөбүздөгү экономикалык динамикалуу өсүш туруктуу сакталып турду. Көңүл жылытарлык бир көрүнүш – 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан ЕАЭБге кирген мамлекеттердин арасынан жогорку деңгээлдеги экономикалык өсүштү камсыз кылып жана бул көрсөткүч 3,8 пайыздык жогорку көрсөткүчкө жеткен (ушул эле мисалда экономикалык өсүш көрсөткүчүн биримдиктеги Орусия жана Беларусь 2,6 пайызга дейре камсыздашса, коңшу Казакстан 1 пайыз, Армения болгону -0,2 пайыз камсыз кылган). Мындай көрсөткүчтөр премьер-министр жалпы өкмөттүн ишин татыктуу деңгээлде координациялап, министрлер кабинетиндеги иш билги адистердин аракети менен биргеликте болгонун баса белгилөө кажет.

Алакандай Кыргызстаныбызда базар анча чоң эмес. Экономиканын күрөө тамыры болгон базардын кичинелиги каржы-экономикалык потенциалды өстүргөнгө оң таасирин бербейт. Мындай шартта эмне кылуу керек? Албетте, дүйнөлүк базарга чыгуу, орун табуу абдан маанилүү. Ушундай көз караштан алганда ЕАЭБге кирген мамлекеттер арасында ушул мезгил аралыгында өлкөбүздүн позициясы жакшырып бара жатат. Мунун натыйжасында мамлекетибиздин экспорттук мүмкүнчүлүктөргө болгон бар аракети жакшырып, бул жааттагы иштер жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздап жаткандыгы өжөр факт. Мисалы, өлкөбүз ЕАЭБге толук кандуу мүчө болгон соң Казакстан менен чектешкен аймактагы фитосанитардык көзөмөлдүн толук алынып салынышы коңшу өлкөлөргө болгон экспорттук мүмкүнчүлүктөргө кеңири жол ачты.
Мындан тышкары Торугарт, Эркечтам, Достук, Кызыл-Бел жана дагы Кара-Суу ветеринардык көзөмөлдөө пункттары ошондой эле эл аралык маанидеги "Манас" менен "Ош" аба майдандарынын көзөмөлдөө, тейлөө жааттарынын заманбап деңгээлдеги тийиштүү жабдуулар менен жабдылышы өлкөбүздүн экспортко болгон мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири жол ача алды. Буга удаа Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Таластагы жалпы 4 фитосанитардык лабораториянын толук капиталдык оңдоп-түзөөсүнүн аякташы жана алардын баарынын заманбап жабдуулар менен жабдылышы өлкөбүздөгү өндүрүлгөн эт, сүт өңдүү продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн өстүрдү. ЕЭКтин реестрине кошумча 10 кыргыз ишканасы камтылган. Мунун ичинен үчөө сүт продукциясын өндүрүү, бешөө балыкты кайра иштетип чыгуу болсо, дагы бири бал өндүрүү, акыркысы эт продукциясын кайра иштеп чыгууга багытталган.
Казакстан менен биргеликте бажы постторун, ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык башка лабораторияларга 41 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүүнүн аркасында тийиштүү заманбап жабдууларды орнотуу боюнча макулдашууга жетишкендиктин өзү эле колдоого алчу саамалык.

КИЙИМ ТИГҮҮДӨГҮ КӨҢҮЛ ЖУБАТЧУ КӨРҮНҮШТӨР

Биздин өлкө айыл чарба продукцияларын экспорттоо менен эле чектелбеши зарыл. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасын колдоо максатында ЕАЭБдин жаңы шарттарына ылайыкташуу мезгилинде жалпы суммасы
233 миллион доллардан ашуун 732 долбоор колдоого алынды. Агро-өнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштеп чыгаруу өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы, туризмдеги жана медицинадагы инфраструктура каржылоонун артыкчылыктуу тармактары болуп калды. Ушундай иштердин аркасында өлкөбүздүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй жолго салынды. Өзгөчө тигүү жана текстиль өнөр жайы, андагы биздин тигүүчүлөрдүн эмгеги менен жаралган кийимдердин алды биздин Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк базарда да ордун таап, "Кыргызстанда жасалган" деген брендге айланды. Биздин өлкөдө өздөрүн серепчи санагандардын пикири боюнча, акыркы жылдары бир дагы завод, фабрика курулбаптыр. Ал жалган. Мисалы, Токмоктогу «Текстильтранс» компаниясына тиешелүү фабриканы карап көрөлү. Бул жерде Өзбекстан жана Тажикстандан келген сырьёлорду колдонуу менен чыт кездемелерди жасап, кооздошот. Кийин ал кездемелерди кыргыз тигүүчүлөрү колдонот.
Бул фабрика эң алгачкы эле карлыгач. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Военно-Антоновка айылынын аймагында жайгашкан «БМЗ» ААКсына (мурунку Ленин атындагы завод) таандык жер тилкесин «Легпром» ассоциациясына өткөрүп берген токтомду чыгарды. Буга чейин бул жер жөн эле жаткан. Эми "Технополис" долбоорунун алкагында кийим тигүүчү өндүрүш курулганы турат.

КЫСКАРТА ЧАПКАНДА...

Жогорудагы келтирилген мисалдар кыргыз өкмөтүнүн соңку 1 жылдан берки иш-аракеттеринин бир үзүмү гана. Факты деген өжөр нерсе кыргыз өкмөтүнүн ишин жаман эмес нукта иш алып барып жаткандыгын жөнөкөй жана так мисалдар менен гана көрсөтүүдө.

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: "КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКСПОРТТУК МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЖОЛ АЧЫЛГАНЫ КРЕМЛДЕ ДА АЙТЫЛДЫ"

Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн соңку 1 жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүндө негизги багыттардын бири экспорттук мүмкүнчүлүктөргө болгон басым экенин алчы-таасын жеген эксперттер да жокко чыгара алышпайт. Мурдагы айыл чарба министри, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев дал ушул жааттагы пикири менен бөлүштү:

– Кыргыз өкмөтүнүн өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу багытында жасаган иштерине эксперт катары кандай баа берет элеңиз?

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарган убагында экспорттук мүмкүнчүлүктөр жакшы жолго салынганын жокко чыгарууга болбойт. Мунун айныгыс далили катары жакында президент Алмазбек Атамбаев Орусияга барганда Орусиянын президенти Владимир Путиндин оозу менен айтылган бир фактыны гана мисалга тартсак жетиштүү. Владимир Путин өз сөзүндө "соңку 5 жылдын ичинде мурдагы 5 жылга салыштырмалуу Кыргызстандан биз 2 жарым эсе көп товарларды сатып алдык. Өзгөчө айыл чарба товарлары жана кийим тигүү, жеңил өнөр жай жаатындагы продукцияларды" деди. Мындай маалыматтар биздин Улуттук статистика комитети айткан пикир болсо бир жөн эле. Анда көпчүлүк ишенбей, "жасалма фактыларды көрсөтүп жатат" деп айтышмак. Эки тараптуу жетишилген иш-аракеттерди болгондо да Орусиянын президенти баса белгилеп айтып жатат.

– Мындай өсүү качан башталды деп ойлойсуз?
– Биздин өлкөнүн экспорттук потенциалы өзгөчө ЕАЭБге киргенден тарта кескин түрдө жогорулай баштады. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү биздин Улуттук статистикалык комитет 6-8 пайыз өсүш менен көрсөтсө, быйылкы жылдын алгачкы 5 айынын ичинде эле ошол эле кийим тигүүчүлөр "биз кийим тигүүнүн көлөмүн 60 пайызга дейре көбөйттүк" дешүүдө. Биздин "Эл пикир" аттуу коомубуз өзүнчө мониторинг жүргүзгөнүбүздө ушул тапта быша элек айыл чарба продукцияларыбыз дыйкандарыбыз тарабынан алдын ала эле Орусияга сатылып кеткени белгилүү болду. Орустар алдын ала акчасын берип коюшуп, алардын алыскы региондорунан өйдө күтүп жатышат. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбеков башында турган кыргыз өкмөтү соңку убакта экспорттук мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө басым жасап, биздин дыйкан-фермерлерибиз менен жеңил өнөр жайчыларыбызга жакшы шарттарды түзүүдө десек болот. Эң башкысы, биздин мамлекетибиздин ЕАЭБге киргени экспорттук мүмкүнчүлүктөргө жол ачканга жакшы себеп болуп берсе, экинчиден, мындай иштердин бардыгы Жээнбеков башкарган кыргыз өкмөтүндөгүлөргө тиешелүү болгондугун атай кетүү оң.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
CEO
2017-07-11 14:22:57
Кайсы жомокту айтып жатышат?!! "ушул тапта быша элек айыл чарба продукцияларыбыз дыйкандарыбыз тарабынан алдын ала эле Орусияга сатылып кеткени белгилүү болду" дейт, кайсы айыл чарба продукциябыз таламай болуп жатыптыр айтышсынчы!! Мисалы бадыран 7-10 сом, помидор да арзан, дарбыз-коон да арзан, эт да арзан, мал базарда мал-койлор ит бекер болуп жатса, кайдагы экспортту айтып жатышат?!! Ушундай жомокчулары менен Жээнбеков президент болчу болсо, копчулуктун шору куруйт го?!!!!
+2
love_you
2017-07-13 20:39:49
шайлоо алдындагы узун сабак жомок да
+1
Revolyutsiya2
2017-07-17 14:18:27
Жээнбеков кантип кыйратып жатканын эл коруп жатат... Дача-Судагы кырсык, олконун туштугундогу жер кочку, сел, жер титироодон жабыр тарткандарга Окмот кыйратып жардам бергени корунуп турат. Ошого окшогон маселелерди тынгылыктуу чече албаган адамдан жакшы президент чыкмак беле?!!
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан