Казак ырчысы Макпал Исабекова Кыргызстанга келип, ыр жаздырып кетти. Ырдын обонун Мирбек Атабеков, Dj teddme каймана аты бар жигит менен биргеликте жазышкан. "Макпал менен жакшы мамиледебиз. Бири-бирибиздин жакшылыктарыбызга барып катташып турабыз. "Макпалга ыр жазып берсем" деп жүрдүм эле, ошол жүзөгө ашты. Ал атайын учуп келип, ырды биздин студиядан жаздырды. Биз жазган "Чын сүйөмүн сени" аттуу ырынын клиби дагы мыкты деңгээлде тартылыптыр. Учурда Казакстанда хит болууда",- дейт Мирбек Атабеков.