"Сулуулар жана миллион", "Ашыктык асманы", "Браво" тасмаларында роль жараткан актриса жана модель Аида Чоткараева үй-бүлөлүү айымдар арасында өтүүчү дүйнөлүк "Аалам айымы-2017"(Mrs. Universe-2017) сулуулук сынагына аттанды. Ал Түштүк Африканын Дурбан шаарында 26-августтан 3-сентябрга чейин өтөт. 80 өлкө катышкан сынакта Кыргыз желегин желбиретем деп турган актриса: "Алдымда чоң жоопкерчилик турганын сезип, абдан толкунданып жатам. Негизги максатым - Кыргыз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү",- деп билдирди.