"Адамды жоопсуз калтырганды өтө жаман көрөм" дейт бийчи Атай Өмүрзаков. Ал бир жыл мурун президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогонун, катты алып барган күнү тиешелүү кызматкерлер каттоодон өткөрүп алып калышкандыгын айтат. Бир топко чейин жооп болбогондуктан дагы 4-5 жолу кайталап жазган. "Адем" бий тобу менен биргеликте дүйнөлүк деңгээлдеги шоу жасайлы дегенбиз. Бул Кыргызстанды дүйнөгө жарнамалоого да чоң салым кошмок. Ошол долбоорумду айтып, президенттен колдоо сурап кат жазган элем. Колдоо болгондо биз бир тыйын акча же реквизит сураган эмеспиз. Болгону президенттин "долбоорду колдойм" деген гана сөзү керек болчу. Ал сөз бизге стимул, моралдык жактан колдоо болмок. Мен өмүрүмдө биринчи жолу өкмөткө кайрылдым, ал кайрылуум да жоопсуз калды. Ал эми менден мамлекеттик иш-чараларга катышып берүүнү суранышканда эч качан баш тартчу эмесмин. Албетте, жаркын келечекке ишеним өчпөш керек. Бирок мындай окуяда үмүттүн оту өчүп, умтулууга болгон каалоо жоголушу мүмкүн",- деп нааразычылыгын билдирди.