БИР БҮРКҮМ

  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН депутаттары 3-июлда жайкы эс алууга тарашты. 1-сентябрдан тарта жумушка чыгышат.

  • Өлкөдө июнь айында 29 адам СУУГА ЧӨГҮП каза болду. Алардын арасынан 10у жаш балдар. Каза болгондордун эң көбү Чүй облусунда (16) катталган. Бул тууралуу 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

  • Кыргыз мамлекетиндеги курулуп жаткан үй-бүлөлөрдүн 20 пайызы келинди АЛА КАЧУУ жолу менен түзүлөт.

  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине жана Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды ШАЙЛОО КҮНҮ 3-сентябрга дайындалды. Буйрукка президентАлмазбек Атамбаев кол койду.

  • Жол-транспорт КЫРСЫКТАРЫНАН каза болгондордун 30 пайызы ооруканага жеткирилген соң көз жумат.

  • Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча жүргүнчү ташуучу унааларга 6035 ЛИЦЕНЗИЯ берген.

  • Алдыдагы 3-6 айдын ичинде Бишкек шаарына 50 жаңы ТРОЛЛЕЙБУС сатып алып келинет. Бул тууралуу шаардык Транспорт башкармалыгынан билдиришти.

  • Өлкөдө 13 миң врач жана 33 миң орто деңгээлдеги МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ эмгектенет.

  • 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 250 мекемеге ЛИЦЕНЗИЯ берген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан