"Президент Алмазбек Атамбаев тууралуу чындыкка туура келбеген маалымат таратып, кадыр-баркына доо келтирди" деген жүйө менен айыпталып жаткан "Заноза" сайты жана анын журналисти Нарын Айыпка карата 5 арыздын төртөөсү боюнча сот чечими чыкты.
Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук сотуна башкы прокурор Индира Жолдубаевадан аталган сайтка каршы 5 арыз түшкөн эле. Сотко жазылган арыздардын негизинде "Занозага" жалпы 27 миллион сомдук доо коюлуп, анын 9 миллион сому Нарын Айыпка тийиштүү болду. Алдыда дагы 5-арыз каралмакчы.
Айта кетсек, ушул сыяктуу эле доо арыз "Азаттыкка" карата да жазылган. Бирок аталган мекеменин президенти Томас Кент Чехиядан келип Атамбаев менен жолуккандан кийин 3-июлда доо арыз артка кайтарылган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg