Синоптиктер Кыргыз жергесинде 7-9-июль күндөрү кургак жана ысык аба ырайы өкүм сүрөрү тууралуу билдирүү таратышууда. Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен жана Талас облустарынын аймактарында абанын температурасы 42 градуска чейин жогорулайт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды ачык күн алдында көпкө жүрбөөгө чакырат. 10-июлдан тартып аптаптын деми кайтып, келерки аптада кыска мөөнөттүү жаан-чачын күтүлүүдө. Июль айындагы мындай ысык аба ырайы 1983-жылы катталган. Анда өлкө аймагында абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлгөн.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg