Президент Алмазбек Атамбаев 5-июль күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң мыкты балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификат" тапшырды. Республика боюнча мектепти эң мыкты аяктагандыгы үчүн 55 бүтүрүүчүгө өлкө башчы планшет жана
10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия тапшырды. Ошондой эле ЖРТдан эң жогорку балл (219-236 балл) алган 15 окуучуну баалуу белектер менен сыйлады. Бүтүрүүчүлөргө алдыдагы окууларына ийгилик каалаган өлкө башчысы: "Жашоо абдан татаал. Менин турмуштагы девизим – тагдырга каршы туруу. Тагдырга каршы тургула. Чынчыл, ак көңүл, кечиримдүү болгула",- деп насаат айтты.
Быйыл өлкө боюнча 11-классты 62 миң окуучу аяктады.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg