ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАРАТА БШКГА 16 ЖАРАНДАН АРЫЗ ТҮШТҮ

2017-жылдын 5-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышарын билдирип 17 жаран арыз тапшырды. Алардын ичинен "Ак шумкар" партиясы Темир Сариевди ал эми "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бакыт Төрөбаевди курултай жолу менен сунушташкан. Калган 14 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыз тапшырды. Алар: "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Аурдин" ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу, "Коомдук анализ институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев, Латвиянын "Маро" фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов, Борбор Азиядагы Америка университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева, эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, пенсионер Замира Муратбекова, убактылуу жумушсуз Санжарбек Энназаров, "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов жана адвокат Мукар Чолпонбаев.
"Республика–Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов дагы партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыз тапшырды. Муну Бабановдун командасы "бир партиянын эмес, жалпы элдин атынан барганды туура көрдү" деп түшүндүрүшүүдө. Ошол эле мезгилде "Республика–Ата Журт" партиясынын ичиндеги пикир келишпестиктер, партиянын тең төрагаларынын бири Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов менен эки ажырым жолго түшкөнү дагы экс-премьерди элдик курултай чогултуп, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарышка аттанууга аргасыз кылды көрүнөт. Бабанов 1-июлда "Элдик курултай" деп аталган жыйын өткөзүп, тарапташтарынын батасы менен шайлоого катышарын расмий жарыялады. Ошондой эле 3-июлда 17-жаран катары парламенттин экс-депутаты, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Садыр Жапаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бергенин, калган документтер даярдалып жатканын жубайы Айгүл Жапарова билдирди. БШКдан болсо Жапаровдон арыз түшпөгөнүн айтышууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан