Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанга билим берүүдөгү тамырын кенен жайган коррупцияны ооздуктоо үчүн 15 жыл мурун киргизилген систем. Учурда аталган сынак баштапкы койгон максатына жеттиби, билим берүү системин канчалык өзгөртө алгандыгы жана канчалык пайда алып келе алгандыгы сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.
ЖРТ КАЙДАН КЕЛГЕН?
2002-жылы USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип жалпы республикалык тестирлөөнү иштеп чыгышкан. Ал "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" деп аталган көз карандысыз мекеменин жетегинде ушул күнгө чейин иштеп келет. Тестирлөөгө катышкан ар бир мектеп бүтүрүүчүсүнө өзүнүн баллы көрсөтүлгөн сертификат тапшырылып, тесттен алган баллы боюнча окуу жайларга контракттык жана гранттык орундарга өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргызстанда быйыл 16-жолу жалпы республикалык тест өткөрүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Эң жогоркусу 236 балл, эң төмөнү 23 балл болду.
"БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТОО ҮЧҮН КИРГИЗИЛГЕН"
2002-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министри болгон профессор Ишенгүл Болжурова бул систем кандай максатта киргизилгени тууралуу айтып берди:
– 2001-жылы Кыргызстанда коррупцияга каршы катуу күрөш башталган. Ошол убакта жогорку окуу жайларга абитуриентти өткөрүү коррупциянын өзөгүнө айланган учур эле. Ал учурда жумушсуздук, миграция маселелери да күч алган. Эл арасында "акыркы уюмду сатып, баламды окутам" деген сөздөр көп айтылып калган. Мына ошол маалда USAID фонду өкмөт менен сүйлөшүп, бизге жаңы долбоорду сунушташты. Алар сунуштаган долбоор өнүккөн өлкөлөрдө иштеп жаткан эле. Биринчи болуп өкмөт бул долбоорду кабыл алган. Мен тест өткөрүлүп, бирок жыйынтыгы чыга электе министрликке дайындалдым.
Жогорку окуу жайына өтүү үчүн 4050гө жакын бюджеттик орун мамлекеттен берилиптир. Ал жылдары 10-класстан 11-класска өтүү мезгили болуп калгандыктан, жалпы абитуриенттердин саны 30 миң эле. Тестти киргизген америкалыктардын иштөө принциби: ким жакшы балл алган болсо ошолор гана окуу жайга кабыл алынып, калгандарга мүмкүнчүлүк каралган эмес экен. Жеке өзүм билим берүү тармагында көп жыл иштеп, түшүнүп калгандыктан, карап көрсөм айылдан келген балдар үчүн бюджеттик окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөр таптакыр жокко эсе болчудай. Себеп дегенде ХХ кылымдын 90-жылдары 14 миң мугалим ишин таштап, айылдагы билим берүү деңгээли абдан оор абалда калган, анын үстүнө окуу китептери да өтө эле аз болгон.
Ошол республикалык тестти киргизген адамдардын оюна койсок, бюджеттик окууга өтүү чоң жана кичине шаарлардан бүткөн окуучулар үчүн гана түзүлгөн шарт болуп калмак эле. Анан көпкө ар нерсени ойлонуп, акыры ошол 30 миң тест тапшырган абитуриенттин санын айылдан, шаардан бүткөндөр деп бөлүп чыгардым. Ошондо 80 пайыз айылдык бүтүрүүчү балдар болуп чыккан. Анан аталган бюджеттик орунду 5 категорияга бөлүп, төлөмсүз окууга өтүү орундарын бөлүштүргөнбүз. Ошондо айылдан келген бүтүрүүчүлөргө 80 пайыз бюджеттик орун бердик. Алар өз категориясы менен ат салышып, эң көп балл алгандар ЖОЖдорго өттү. Калган бюджеттик орундарды шаарча, шаар мектептерин бүткөндөргө жана жетим балдарга, Баткен согушуна катышкандардын балдарына деп бөлүп кабыл алдык. Ошондо биринчи жолу чет өлкөдө жашаган кыргыздар үчүн да бюджеттик орун бөлүп бердик. Айылдык таланттуу балдар көп өткөнү мага чоң кубат берет, азыркыга чейин бул чечим туура экенине ишенем.
"ТЕСТТИН ТАТААЛДЫГЫНДА ЭМЕС, БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИНИН НАЧАРЛАП КЕТКЕНИНДЕ"
Акыркы жылдары Кыргызстанда жалпы республикалык тестке даярдоо курсунан ар экинчи абитуриент окуйт. Эмне үчүн деген суроо жаралат. 11 жыл мектепте окуганы аз келгенсип, кайра дагы кошумча акча төлөп окууну эч ким каалабайт. Балким, жалпы республикалык тестте берилүүчү суроолор мектеп программасынан алынбай жатабы? Борборубуздагы атайын тестке даярдаган мекеменин бириндеги математика мугалими Бекболот Шаймерденов мындай дейт:
– Жалпы республикалык тестте окуучунун окууга болгон жөндөмүн текшерүүгө багытталган логикалык суроолор басымдуу болот. Ошондуктан мектептеги суроолордон кичине айырмаланат. Босого баллдан көпчүлүк балдардын өтпөй калып жаткандыгы тесттин татаалдыгында эмес, бул Кыргызстандагы билим берүүнүн начарлап кеткенинен кабар берет. Биздин даярдоо курсуна көпчүлүк окуучулар өтө начар деңгээлде келишет. Көбүнчө айыл жергесинен ушундай деңгээлде келгендер көп. Салыштырмалуу шаардык окуучуларда логика тууралуу түшүнүк же болбосо деңгээл жогорураак. Биздин мектептен айырмабыз болгону мектептеги 7 жылдык өтүп жаткан программаны 6 айдын ичинде кыскача, жеңилдетилген түрдө түшүндүрүп бергенибизде. Мисалы, комбинаторика, ыктымалдуулук деген темалар мектепте татаалдыгы үчүн окутулбайт. Эми азыр 7-8-класстын программасына киргизилди деп жатышат, бирок окутулуп жатабы, аны билбейм.
"ТЕСТТИН СУРООЛОРУ МЕКТЕП ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ГАНА ТҮЗҮЛӨТ"
Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын сектор башчысы Абдыманап Жолдошов жалпы республикалык тестирлөөнүн канчалык маанилүү экендиги тууралуу буларга токтолот:
– 15 жылдан бери ЖРТ жакшы жыйынтыктарды көргөзүп жатат. Бир да жолу чыр-чатак орун алган жок. Катышкан абитуриенттердин орточо баллы 2011-жылы 107 баллды түзсө, 2017-жылы 117 балл болду. Бул деңгээл жогорулап бара жатат дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын республиканын жогорку окуу жайларына гранттык (бюджеттик) негизде кабыл алынган студенттердин жалпы санынын 66-68 пайызын айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жайгашкан орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү түзүүдө. Ал эми Бишкек шаарында жайгашкан орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү 17-18 пайызды түзүп жатат. Тесттин суроолорун түзүүгө республиканын мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана окумуштуулар катышат.
Ал эми босого баллдан төмөн балл алган бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик башталгыч жана орто окуу жайларында окуусун улантууга же кайрадан кийинки жылдары ЖРТга катышууга укуктары бар.
«Супердин» сурак бурчу
ЖРТ СИЗГЕ КАНЧАЛЫК КЫЙЫН БОЛДУ?
Бекзат Токтобеков, бүтүрүүчү, Нарын облусу:
– Даярданганым үчүн анча деле татаал болгон жок. Бир гана орус тилинен "Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо" деген тест башкалардан оор сезилди. Анда так жооп болбой, болгону окуучу өзүнүн логикасына таянышы керек экен.
Зарина Төлөбаева, бүтүрүүчү, Талас облусу:
– Таанып-билген бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү логикалык тапшырмалардан жетиштүү балл албай калышыптыр. Мен даярдоочу курска барганым үчүн ал жөнүндө бир аз да болсо түшүнүгүм бар болчу. Ошондо деле ошол 30 суроонун баарына түшүнбөй, болжолдоп белгилеп койдум.
Улукбек Сали уулу, бүтүрүүчү, Ош облусу:
– ЖРТга мен да эл катары эле даярдандым. Тестте мен үчүн эң татаалы алгебра сабагы болду. Анда ойлоно турган суроолорду оңой эле аткарсам, эсеп чыгарууга келгенде бир аз аксап калдым. Колдон келишинче жооп берип, өзүм каалагандай балл алдым.
Үмүт Алишер кызы, бүтүрүүчү, Жалал-Абад облусу:
– Биз 11-класс болгонубузда эле директор бүтүрүүчүлөрдү чогултуп, ЖРТга кантип даярданыш керектигин айтып, үйрөткөн. 1 жыл бою мугалимдерибиз да болжол менен кандай суроолор келерин түшүндүрүп, жалпысынан жеңил эле болду.
Жаныбек Ырысбеков, бүтүрүүчү, Нарын облусу:
– Мен үчүн тест тапшыруу оор болду. Сүйлөмдөрдү толуктоо дегенден кыйналдым. Өзүм деле тестке даярдангам, бирок мектептеги өткөн темалар келбегендей эле болду.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg