КӨК ЧӨПТӨР МЕНЕН ТАМАК-АШТЫН АЙКАЛЫШЫ

Көк чөптөр тамакка көрк эле бербестен пайдалуу витаминдерге да бай. Аларды кайсы тамак-аштар менен кантип айкалыштырып колдонуу керек? Бизге бул жаатта ашпозчу Зуура Тагаева жардамчы болмокчу.

ЖУСАЙ

Курамында – Калий, кальций, темир, А, В витаминдери бар.
Жусай – универсалдуу азык. Кайнатып, бууга бышырып колдонсо микроэлементтери сакталып кала берет. Гарнир, соус, суюк тамак, салаттарды даамына чыгарат. Куурулган тамактарга кошпогон оң. Анткени даамы өзгөрүп кетет. Корей салаттарында чийки боюнча көп пайдаланылат.
Жакшы айкалыш – Жумуртка, эт, бардык камыр тамактар, жашылчалар, күрүч, гречка.
Туура эмес айкалыш – Сүт жана сүт азыктарынан жасалган тамак-аштар.

УКРОП

Курамында – Эфир майы, кальций, калий, темир, фосфор, А, В2, В6, С, витаминдери бар.
Укроптун курамында эфир майы көп болгондуктан жыты кескин. Аны чийки колдонуу керек, ысык температурада жытын, витаминдерин жоготуп коёт. Салатка, бууга бышырылган, куурулган тамактардын үстүнө себелеп берсеңиз жакшы. Шорпо, борщ сыяктуу суюк тамактар даярдалып, казанды оттон алгандан кийин укропту кошуу керек. Укропту тектеш чөптөр менен кошпой колдонгон оң, жыты жана өңү басымдуулук кылып башка көктөрдүн даамын өзгөртүп жиберет. Бир гана лавр жалбырагы жана көрк бериш үчүн аз өлчөмдө петрушка менен айкалыштырсаңыз болот. Сарымсак, пияз, болгар калемпири, помидор, зайтун майы менен аралаштырсаңыз сонун даам пайда болот.
Жакшы айкалыш – Козу карын, жашылчалар, жумуртка, эт, балык, зайтун майы, майонез, каймак, сыр.
Туура эмес айкалыш – Сүт, жемиштер, десерттер.

САЛАТ ЖАЛБЫРАГЫ (БАТАВИЯ)

Курамында – С витамини, темир, натрий бар. Салат жалбырагын тамакты кооздош үчүн колдонобуз. Майда туурап салаттарга кошуп зайтун майы менен аралаштырсак унутулгус даам болот. Дээрлик бардык салатка кошсо болот. Грек жаңгагы жана каймак менен жакшы айкалышат. Эт, балык азыктарынын алдына коюп койсо бир жагынан көрктүү, экинчи жагынан витаминдүү болот. Жалбырактарды кол менен айрып кошкон оң. Анткени бычак тийсе даамын жоготуп коёт. Өзгөчөлүгү -тамакты жакшы сиңирет, майлуу тамактан кийин салат жалбырагын чайнап койсоңуз ашказанга жардам берген болосуз.
Жакшы айкалыш – Жашылчалардын бардык түрү, жаңгак, эт, канаттуулардын эти, балык жана мангалда бышкан азыктар.
Туура эмес айкалыш – Сүт азыктары, жемиштер.

ПЕТРУШКА

Курамында – С, В1,В2, каротин, темир бар.
Бууга бышырылган жашылча, балык, эт, салаттарга колдонсо болот. Жусайды канчалык көп кошсо, даамы ошончолук чыгат, ал эми петрушканыкы андай эмес. Көп кошулса, тамактын даамын кычкыл кылып жиберет. Салаттарды кооздогонго, шорпонун үстүнө себелеп койгонго ылайыктуу. Мискейге чогуу салып жибергенден көрө, кесеге куюлган учурда үстүнө аздан себелеп койсо тамакты жегиликтүү жана көрктүү кылат.
Петрушка лимон жана айран менен жакшы айкалышат. Салаттын үстүнө петрушканы майдалап туурап, анан лимон ширесин сыгып кошуп койсоңуз комплекстүү витамин алгандай эле болосуз. Лимон ширесин сыгып, бир тутам петрушканы жууп туруп блендерден өткөрүп, жарым стакан суу кошуп ичип жүрсөңүз ашказан жана ичегилердин иштешин жакшыртат. Айранга майда туурап кошуп ичсеңиз болот.
Жакшы айкалыш – Айран, лимон, эт, балык, быштак, канаттуулардын эттери, күрүч, жашылчалар.
Туура эмес айкалыш – Сүт.

СЕЛЬДЕРЕЙ (ЧИНСАЙ)

Курамында – A, В1, B2, B6 витаминдери, калий, кальций, магний бар.
Ашканада тамыры, сабагы жана жалбырагы колдонулат. Биз жалбырагы тууралуу кеп кылалы. Сельдерейдин ширеси көп чыккандыктан жемиштер менен шире жасаса болот. Башка көк чөптөргө караганда азыраак колдонулат. Күчтүү болгондуктан, ар кандай ооруну, аллергияны козгошу мүмкүн. Чийки колдонгон пайдалуу. Лагман, ганфан, гарнирге, баклажан, капуста, картошкадан жасалган тамактарга, салат кооздогонго колдонсоңуз жакшы.
Жакшы айкалыш – Буурчак, картошка, капуста, сабизден жасалган тамактар, сүт азыктары, жемиштер.
Туура эмес айкалыш – Мангалга бышкан тамактар (ширеси көп чыгып даамы бурулуп кетет жана этти карартып салат).

КИНЗА (АШКӨК)

Курамында – В1, B2, B3, B6, B9, витаминдери, натрий, калий бар.
Кинзаны шишкебек, балык, эт, кууруганда кошуп жиберсеңиз жакшы даам жана жыт берет. Ысык температурада көркүн, жытын тез жоготкондуктан куурулган, бууга бышырылган, кайнатылган тамактарга даяр болгондон кийин кошуу талапка ылайык. Сыр жана помидор менен жасалган салаттарга колдонсоңуз жаңылбайсыз.
Жакшы айкалыш – Сыр, колбаса, эт, күрүч, жашылчалар, жүгөрү.
Туура эмес айкалыш – Сүт азыктары, майонез.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
-Sumitra-
2017-07-11 13:27:15
Соонун кенеш экен рахмат супер!
+1
Peri1288
2017-07-11 16:04:22
Жакшы кенештер экен,ХХХ ХХХ
0
kechirmeni
2017-07-12 09:51:19
Урматту админ!
шпинат тууралуу да айтып кетсениздер Рахмат
0
admin_media
2017-07-12 10:53:13
0
kechirmeni
2017-07-12 11:02:29
admin_media,Рахмат!!!
0
ZHaziko
2017-07-15 02:38:11
Башка тилден кыргыз тилине которую учун кыргызча которбой турк тилинен ала беришет. Бул нерсенин жаман Жана жакшы да жагы бар дечи...
0
Gulnaz1990
2017-07-17 11:00:59
Биринчи кундору чыгаргылачы силерден сураныч гезити
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан